Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 26-марты № 162
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 29-апрели № 190
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(2011-жылдын 15-февралындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы №
82 "Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сињирген эмгеги үчүн пенсия-
лар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын алдында өзгөчө сињирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө
жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пунктта:
- "а)" пунктчасы:
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмачылык даражасы
ыйгарылган адамдарга;";
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- үч даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланган адамдарга;";
- "б" пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин;
"- Социалисттик эмгектин баатырларына;";
- "в)" пунктчасындагы экинчи абзац алып салынсын;
"г)" пунктчасында:
- алтынчы жана он биринчи абзацтардагы "же" сөз алып салынсын;
- он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызматта-
рынын реестрине ылайык жогорку саясий кызматка дайындалган жана жалпы-
сынан кеминде 3 жыл иштеген мамлекеттик органдардын жетекчи кызматкер-
лерине, ошондой эле статусу боюнча аларга тењештирилген кызматтарда ке-
минде 5 жыл иштеген партиялык, советтик жана комсомолдук органдардын
жетекчилерине;";
- он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- кеминде бир шайлоо мөөнөтүн иштеген Кыргызстан профсоюздар фе-
дерациясы кењешинин төрагасына.";
5-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Өзгөчө сињирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө жөнүндө ко-
миссияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетек-
чиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы, мамлекеттик орган-
дардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери
жана Кыргызстан профсоюздар федерациясы кењешинин төрагасы сунуштама
берүүгө (эркин формада) укуктуу.
Материалдарды туура жана толук берүү үчүн жоопкерчиликти сунушта-
ган уюм тартат."";
9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Комиссиянын чечимдери боюнча жарандардын даттануулары жана арыз-
дары сунуштаган уюм тарабынан каралат. Комиссиянын чечими жөнүндө пен-
сионерге маалымдоо үчүн жоопкерчиликти сунуштаган уюм тартат.";
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызматтары-
нын реестрине ылайык жогорку саясий кызматка дайындалган мамлекеттик
органдардын жетекчи кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттарына жана Кыргызстан профсоюздар федерациясы кењеши-
нин төрагасына сињирген эмгегинин даражасына жараша дайындалган пенсия-
сын проценттерде пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу төлөмү Комиссиянын чечи-
ми боюнча алар ээлеген кызматын калтырган шартта жүргүзүлөт.";
- 17-пункттун төртүнчү абзацында "белгиленген акыдан" деген сөздөр
"белгиленген жењилдик нормаларынын чектеринде" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна "Кыргыз Республикасы-
нын баатыры" жогорку айырмачылык даражасы жана Социалисттик Эмгектин
Баатыры наамы ыйгарылган адамдарга ушул токтом күчүнө кирген күндөн
тартып пенсияларын кайра эсептөөнү жүргүзүү сунушталсын.
3.(2011-жылдын 15-февралындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов