Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 26-марты № 162
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-февралы № 45
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 «Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пункттагы «Администрациясынын» деген сөз «Аппаратынын» деген сөз менен алмаштырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-мартындагы № 102 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» токтому;
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-мартындагы № 102 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги № 292 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 190 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-мартындагы № 102 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 6 токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |