Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-марты № 163
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 236 "Бишкек шаарынын "Жал" кичи районунда көп кабаттуу 72 квартиралуу турак үйдү куруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 236 "Бишкек шаарынын "Жал" кичи районунда көп кабаттуу 72 квартиралуу турак үйдү куруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "кайтарып берилме негизде турак үйдүн сметалык наркынын элүү пайыз өлчөмүндө 2008-жылга" деген сөздөр жана цифралар "турак үйдүн сметалык наркынын жүз пайызы өлчөмүндө, анын ичинен турак үйдүн сметалык наркынын 75 пайызын кайтарып берүү негизинде 2008-2015-жылдарга" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |