Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 23-сентябрындагы № 598 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 26-майы № 240 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия төлөө жөнүндө "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердиккоомунун (мындан ары - "КАЖ УАТ" ААК) учуу жана учуу-сыноо курамындаиштеген жарандардын пенсия жана социалдык төлөмдөрдү алууга конституци-ялык укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төмөнкүлөр сунуштал-сын: - "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын 12-статьясына ылайык чектелген жана2007-жылдын августунан тартып аларды төлөө убактылуу токтотулган учуужана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүнпенсияларды төлөөнү жандандыруу; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте "КАЖУАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине эмгектинөзгөчө шарттары үчүн пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн (мынданары - КП1) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2007-жылга респуб-ликалык бюджеттин пайдаланылбаган акча каражат калдыктарынын эсебиненкаржылоону жүргүзүү; - пенсиянын базалык жана экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (мындан ары- Б + КП2) каржылоону социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебиненжүргүзүү; - "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 3-пунктунда каралган "КАЖУАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине төлөп берүүучуруна белгиленген 12 базалык пенсиянын өлчөмүндө төлөнүүчү акчалайкомпенсацияны Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тиешелүү жыл-дарга бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетто тиешелүү түрдө чагылдырууменен пенсиянын базалык бөлүгүн төлөө катары эсептөө. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "КАЖУАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын пенсионерлерине пенсия тө-лөөгө багытталган республикалык бюджеттин чыгымдарын "КАЖ УАТ" ААКынынмүлкүн сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте компенсацияласын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Со-циалдык фондуна (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов