Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 18-июну № 376 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 30-майы № 251
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы
тарабынан берилүүчү Карантиндеги продукцияларды
импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык
документтерди берүү боюнча иштерди уюштуруу
эрежесин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын эл аралык
кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган биринчи кезектеги
иш-аракеттерди жүргүзүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 4-апрелиндеги № 126 токтому менен бекитилген Дүйнөлүк банк-
тын "Бизнес жүргүзүү" отчетуна карата Кыргызстандын эл аралык ка-
дыр-баркынын индикаторлорун жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Биринчи кезектеги иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик
инспекциясы тарабынан берилүүчү Карантиндеги продукцияларды импорттоодо
жана экспорттоодо фитосанитардык документтерди берүү боюнча иштерди
уюштуруунун тиркелген эрежеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-
нистрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлиги уруксат берүүчү документтерди берүү жөнүндө ченем-
дик укуктук актыларга текшерүү жүргүзүшсүн жана соодада техникалык тос-
коолдуктарды минималдаштыруу боюнча эларалык укуктун нормаларына ылайык
келтиришсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жана агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов