Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июну № 376
Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелерин жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 токтому менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасы") ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын 48-пунктун ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
- Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык, коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилүүчү Карантиндеги продукцияларды импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык документтерди берүү боюнча иштерди уюштуруу эрежесин бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |