Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 18-июну № 376 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-майындагы
№ 251 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик
инспекциясы тарабынан берилүүчү Карантиндеги
продукцияларды импорттоодо жана экспорттоодо
фитосанитардык документтерди берүү
боюнча иштерди уюштуруу
ЭРЕЖЕСИ
1. Кыргыз Республикасына алып келинүүчү жана анын чегинен чыгары-
луучу карантиндеги материалдар Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо бо-
юнча конвенция тарабынан мурда түзүлгөн, ошондой эле импорттоочу
өлкөнүн соода Келишимдери, Макулдашуулары, Контракттары, Талаптарында
каралган шарттарга жооп бериши керек.
2. Кыргыз Республикасына карантиндеги материалдарды алып келүүгө
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-
нистрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инс-
пекциясы (мындан ары - Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инс-
пекция) тарабынан контролдонуучу карантиндеги материалдардын
(жүктөрдүн), продукциялардын жана товарлардын номенклатурасына ылайык
төмөнкүлөр болгондо уруксат берилет:
- Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан
үрөндүк, көчөт материалдарга берилүүчү импорттук карантиндик уруксат,
анда ушул материалдарды алып келүүнүн мөөнөттөрү, шарттары аныкталат.
Импорттук карантиндин уруксаттын колдонуу мөөнөтү аны берген күндөн
баштап - 30 күн;
Карантиндеги материалдардын фитосанитардык абалын күбөлөндүрүүчү
өсүмдүктөрдүн карантини боюнча экспорттоочу өлкөнүн мамлекеттик орган-
дары тарабынан берилүүчү фитосанитардык сертификаттар.
3. Карантиндеги материалдарга жана транспорттук каражаттарга фито-
санитардык контроль алып кирүү пунктунда жүргүзүлөт жана карантиндик
текшерип кароо жана экспертизалоо жүргүзүү актысы менен таризделет.
Инспекторду карантиндеги жүктү текшерип кароо жерине жеткирүү анын
ээси тарабынан жүргүзүлөт.
4. Карантиндеги материалдарды алып келүү үчүн негиз болуп экспорт-
тоочу өлкөнүн фитосанитардык сертификаты, түз байланыштарды жүргүзүү же
биргелешкен ишканаларды жана эларалык бирикмелерди түзүү жөнүндөгү
контракттар эсептелет.
5. Инспектор тарабынан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине
катышуучу мамлекеттерге жана алыскы чет өлкөгө кетип жатышкан
жүргүнчүлөрдүн кол жүгүн (20 кг га чейин) текшерип кароодо карантиндик
текшерип кароо жана экспертизалоо жүргүзүү акты, ал эми зарыл болгондо
фитосанитардык сертификат таризделет.
6. Кыргыз Республикасына киргизилүүчү карантиндик транзиттик жүк
фитосанитардык жол-жобого тиешелүү болот, ал анын жабык калуусун,
бөлүнбөөсүн жана башка жүктөргө кошулбоосун, башка мамлекетке өтүүдө
тањгагы алмаштырылбасын камсыз кылат.
7. Чет мамлекеттерге чыгарылуучу карантиндик жүктөр Бириккен Улут-
тар Уюмуна караштуу Эларалык азык-түлүк айыл чарба уюмунун Эларалык
Конвенциясында каралган фитосанитардык сертификат менен коштолушу ке-
рек, сертификат тегерек мөөр жана үч бурчтуу штамп менен
күбөлөндүрүлөт.
8. Фитосанитардык сертификат Эларалык Конвенцияда, Өсүмдүктөрдүн
карантини жана коргоо боюнча макулдашууда жана импорттоочунун кошумча
талаптарында каралган талаптарга ылайык карантиндеги материалдарда зы-
янкечтердин, өсүмдүктөрдүн илдеттеринин жана отоо чөптөрдүн жоктугун
күбөлөндүрөт. Экспортко фитосанитардык сертификатта жүктөрдү зыянсыз-
дандыруу жүргүзүлгөнү жөнүндө маалыматтарды, карантиндеги материалдарды
жеткирүү боюнча башка кошумча талаптардын аткарылганын көрсөтүү зарыл,
эгерде мындай учурлар импорттоочу тарабынан же Келишимдин шарттарында
каралса.
9. Зыянкечтердин, өсүмдүктөрдүн илдетинин жана отоо чөптөрдүн ата-
лыштары латынча жазылат. Экспортко фитосанитардык сертификат ар бир
транспорттук бирдикке (вагон, автомашина ж.б.) берилет.
10. Карантиндеги продукциялар үчүн берилүүчү фитосанитардык серти-
фикатты колдонуу мөөнөтү - берилген күндөн баштап республикадан сыртка-
ры - 15 күн, республиканын ичиндеги ташууларда - 7 күн.
11. Фитосанитардык сертификатты алуу үчүн жүк жөнөтүүчү талаптарга
ылайык жүктүн бир партиясын даярдоого жана Өсүмдүктүн карантини боюнча
мамлекеттик инспекцияга (республика, облус, район, шаар) төмөнкүдөй
мазмундагы билдирме (талапты) берүүгө милдеттүү:
- уюмдун, фирманын аталышы, жиберүүчүнүн дареги, эгерде жеке адам
болсо - аты-жөнү жана анын дареги;
- карантиндеги материалдардын аталышы, алардын чыккан жери жана
транспорттук бирдиктин саны (тонна, жер, автомашина, вагон ж.б.);
- карантиндеги материалдар жиберилүүчү автомашиналардын жана ва-
гондордун номерлери;
- карантиндеги материалдар жиберилүүчү өлкөнүн аты жана алуучунун
дареги;
- алуучунун дарегине карантиндеги материалдарды жиберүүнү кылуучу
өлкөнүн аталышы;
- жөнөтүлүүчү материалдарга импорттоочу тарабынан коюлган талаптар
(контракттарга, келишимдерге, макулдашууларга ылайык) жөнүндө маалымат-
тар;
- фитосанитардык сертификатты алуучунун колу жана паспорттук маа-
лыматы.
12. Фитосанитардык сертификат 3 нускада толтурулат;
- биринчи жана экинчи нускалар жүктү жөнөтүүчүгө берилет;
- үчүнчүсү Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекцияда
же анын түзүмдүк бөлүмчөлөрүндө калат жана билдирме (талап), Карантин-
дик текшерип кароо актысы менен бирге катуу отчеттуулуктагы документ
катары сакталат.
13. Карантиндик жүгү бар бир нече транспорттук каражаттарга аларды
милдеттүү текшерип кароодон жана баалар прейскурантына ылайык ар бир
бирдик үчүн төлөм алынгандан кийин бир эле карантиндик документти (фи-
тосанитардык сертификат, Текшерип кароо жана экспертиза жүргүзүү
жөнүндө акт) тариздөөгө жол берилет.
14. Фитосанитардык сертификат, импорттук карантиндик уруксат, ка-
рантиндик текшерип кароо жана экспертиза актысы үчүн төлөм алуу Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
бскиткен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы
саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен
макулдашылган Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция же
анын ведомстволук уюмдары берген Уруксат берүүчү документтерге баалар
прейскурантына ылайык жүргүзүлөт.
15. Фитосанитардык сертификат инспектор тарабынан карантиндик
жүктөргө текшерип кароо жана жиберилген партиядан ГОСТко ылайык алынган
үлгүгө экспертиза жүргүзүлгөндөн, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини
боюнча негизги иштин (кызматтын) түрүнө баалар боюнча төлөмдү
төлөгөндөн кийин берилет.
Аныкталган карантиндик объекттин же карантиндик жүктүн жашыруун
жугуштуулугунун түрүн тастыктоо үчүн орточо же контролдук үлгү лабора-
ториялык экспертиза жүргүзүү үчүн Республикалык карантиндик лаборатори-
яга берилүүгө тийиш.