КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 6-июну № 272 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна,"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык
Мыйзамынын 34-статьясынын 3-пунктуна ылайык, каржылообулагын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген
корутунду жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-сына жиберилсин. Премьер-министр И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 6-июнундагы № 272 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунажана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2008-жыл-дын 15-майындагы № 12-1595 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутунду берүүтууралуу тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдүбелгилейт. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 77-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка нормативдик укуктук акты-ларынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынынпрокуратурасынын компетенциясына киргендиктен, сунушталган мыйзам дол-боорунун бүткүл тексти боюнча бул мамлекеттик орган операциялык-издөө,баштапкы тергөө жана тергөө иштерин жүргүзүүчү органдар, ошондой элекамалгандарды жана кайтарыкка алынгандарды кармоочу жайлардын админист-рациялары мыйзамдарды эле эмес, бардык нормативдик укуктук актылардыаткарышын көзөмөлдөөрүн тактоону сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 2-статьясынын 1-пунктунун редакциясын кайра ка-роону сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын КонституциясындаКыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин уюштурулушу, тартиби,ошондой эле прокурорлордун ыйгарым укуктары регламенттелген эмес. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 71-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ишинде Конституцияда каралган чектер-де Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешине отчеттуу болгондуктан, 3-статьядагы "Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз. Ошону менен бирге эле, мыйзам долбоорунун 3-статьясынын 1-пункту-нун 1-пунктчасын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз: "1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары, менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар, алардынкызмат адамдары, ошондой эле жарандар мыйзамдарды жана башка норматив-дик укуктук актыларды аткарышын көзөмөлдөө". Мыйзам долбоорунун 3-статьясынын 1-пунктунун 6-пунктчасы "мыйзам-дарды" деген сөздөн кийин "жана башка нормативдик укуктук актыларды"деген сөздөр менен толукталсын. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында мыйзам чыгаруу де-милге укугу болбогондуктан мыйзам долбоорунун 3-статьясынын 2-пунктунда"мыйзам чыгаруучу органдар жана" деген сөздөр алып салынсын. Мыйзам долбоорунун 4-статьясынын 2-пунктунун 3-пунктчасында жогорутурган прокурорго төмөн турган прокурордун ыйгарым укуктарын ишке ашы-рууга укук берчү учурлардын толук тизмесин берүүнү сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 6-статьясынын 1-пунктун "мыйзамдарды" дегенсөздөн кийин "жана башка нормативдик укуктук актыларды" деген сөздөрменен толуктоону сунуш кылабыз. Башкы прокурордун, анын орун басарларынын Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республика-сынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту-нун жыйындарына катышуусу боюнча, бир катар нормативдик укуктук акты-лардын төмөнкүдөй жоболорун эске алууну сунуш кылабыз.
Конституциянын 62-статьясында, эгер каралчу маселелердин мүнөзүталап кылса, Жогорку Кењештин жабык жыйындарын өткөрүү мүмкүндүгү ка-ралган. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамынын 20-статьясына ылайык Өкмөттүн жыйындарынаБашкы прокурор гана катышууга укуктуу. "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү сотторужөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-статьясынаылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун жыйынына Кыр-гыз Республикасынын Башкы прокурору гана чакырылышы мүмкүн. Ушул айтылгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 8-статьясынын1-пунктунун редакциясын толуктап иштеп чыгууну сунуш кылабыз. Прокуратура системасына илимий жана билим берүүчү уюмдар, басылма-лардын редакциялары кириши мүмкүн болбогондуктан, мыйзам долбоорунун10-статьясынын 1-пунктунун 5-пунктчасын алып салууну сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 10-статьясынын 3-пунктуна ылайык адистештирил-ген прокуратураларды, гарнизондордун аскердик прокуратураларын, район-дук (шаардык) прокуратураларды түзүү маселесин Башкы прокурор КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө макулдашуу боюнча чече тургандыктан, Мыйзамдолбоорунун 10-статьясынын 4-пунктун "Башкы прокурору" деген сөздөрдөнкийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашуу боюнча" деген сөздөрменен толуктоону сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 11-статьясынын 2-пунктунда Кыргыз Республикасы-нын Башкы прокурорунун орун басарларынын санын тактоону сунуш кылабыз. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына ылайык нормативдик акт -бул мыйзам чыгаруучу орган тарабынан өз компетенциясынын чегинде белги-ленген формада кабыл алынган жана укуктук нормаларды белгилөөгө,өзгөртүүгө жана жоюп таштоого багытталган, башкача айтканда такай жеубактылуу мүнөздө көп жолу колдонууга эсептелип, милдеттүү түрдө жалпы-сынан аткарылууга тийиш болгон жазуу жүзүндөгү расмий документ болгон-дуктан, ошондой эле прокурордук таасир этүүнүн каршылык билдирүү, су-нуштама, көрсөтмө берүү, эскертүү, токтом, көрсөтүү сыяктуу чараларымыйзамдык актынын конкреттүү бузулушун жоюуга багытталган бир жолку ишболгондуктан, долбоордун 3-бөлүмүнүн бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Рес-публикасынын прокуратурасынын укуктук актылары" деген сөздөрдү "проку-рордук чара көрүү актылары" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттуккењешинин ишин уюштуруу тартиби "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттигииштери боюнча Улуттук кењеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык аныкталгандыктан, Мыйзам долбоорунун 12-статьясынын 5-пунктуналып салууну сунуш кылабыз. Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын нормативдик укуктук актыларынын системасына: Конститу-ция, конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар; Кыргыз Республикасынын Прези-денттин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, Кыргыз Республикасынын Улут-тук банкынын актылары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жанаадминистрациялык ведомстволордун актылары, жергиликтүү мамлекеттик ад-министрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын че-чимдери киргендиктен, мыйзам долбоорунун 15-статьясынын 1-пунктунун1-пунктчасындагы "Башкы прокурордун укуктук актылары" деген сөздөрдүалып салууну сунуш кылабыз. Мындан тышкары, кийинкиде түшүнүксүздүктөр болбошу үчүн долбоордун2-статьясынын 1-пунктунда жана 18-статьясынын 7-пунктунда "укуктук ак-тылары" деген сөздөрдү "чечими" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кыла-быз. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, төмөнүрөөк юридикалык күчкө ээнормативдик укуктук актылар жогорураак юридикалык күчкө ээ актыларгаылайык келүүгө тийиш, мисалы мамлекеттик органдардын актылары мыйзам-дарга эле эмес, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна да ылайык келүүгө тийиш бол-гондуктан, Мыйзам долбоорунун 21-статьясынын 1-пунктундагы "мыйзамга"деген сөздү "жогорураак юридикалык күчкө ээ нормативдик укуктук актыга"деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 21-статьясынын 3-пунктунда каршылык билдирүүнүкароо үчүн прокурорго кыскараак мөөнөт белгилөөгө укук берүүчү өзгөчөучурлардын тизмесин атоону сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 21-статьясынын 3-пунктунун экинчи сүйлөмүн алыпсалууну сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын Граждандык-про-цесстик кодексинин 267-статьясынын 6-пунктуна ылайык нормативдик актыбоюнча талаш анын жарактуулугун токтотпойт. Мыйзам долбоорунун 22-статьясынын 1 жана 2-пункттарында, 23-стать-ясынын 1 жана 3-пункттарында, 24-статьясынын 1-пунктунда, 32-статьясы-нын 2-пунктунун 3 жана 5-пункттарында "мыйзамды" деген сөздү "норматив-дик укуктук актыны" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 26-статьясынын 3-пунктун алып салуу керек депэсептейбиз, анткени мамлекеттик алым төлөө боюнча жењилдиктер КыргызРеспубликасынын "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамынын 6-статьясына ыла-йык белгиленет. Мыйзам долбоорунун 28-статьясын алып салуу ылайыктуу деп эсептей-биз, анткени ал ушул Мыйзам долбоорунун 41-статьясын кайталайт. Мыйзам долбоорунун 31-статьясынын 1-пунктунун 1-пунктчасынтөмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз: "1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, алар-дын кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын сакташы, мыйзамдарды жана башка нормативдик укуктук ак-тыларды так жана бирдей аткарышы"; Мыйзам долбоорунун 36-статьясынын 1-пунктунун прокурордун операци-ялык-издөө иштерин, баштапкы тергөө жана тергөө жүргүзүүчү уюмдардынмыйзамдарды сакташын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктары Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында белгиленери жөнүндө жоболорун көњүлгө алып,мыйзам долбоорунун 36-статьясынын 2-пунктун алып салууну сунуш кылабыз. "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемеле-ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын жоболорунэске алып, төмөнкүдөй сунуш кылабыз: Мыйзам долбоорунун 4-бөлүмүнүн 4-главасынын аталышы төмөнкүдөй ре-дакцияда баяндалсын: "Жазык-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери нормативдикукуктук актыларды жана сот дайындаган мажбурлоо мүнөзүндөгү башка чара-ларды аткаруусун көзөмөлдөө;"; - Мыйзам долбоорунун 37-статьясынын 1-пунктунун 1-пунктчасытөмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) соттолгондордун жана кайтарыкка алынган адамдардын жазык атка-руу тутумунун органдарында кармалышынын мыйзамдуулугу;"; - Мыйзам долбоорунун 38-статьясынын 1-статьясынын 2-пунктчасытөмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) соттолгондорду жана кайтарыкка алынган адамдарды сурамжылоо-го". Мыйзам долбоорунун 40-статьясынын 5-пунктун Башкы прокурордун ый-гарым укуктарын караган 12-статьяга которуу ылайыктуу болот деп эсеп-тейбиз. Мыйзам долбоорунун 40-статьясынын 10-пунктунда "Кыргыз Республика-сынын прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматчыларын аттес-тациялоо жөнүндө" жобону бекитүү кайсы мамлекеттик органдын же кызматадамынын компетенциясына кирерин тактоону сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 50-статьясында: - 1-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз: "1. Прокуратура кызматкерлеринин эмгек акысы кызматтык маянадан,класстык чен, иштеген жылдары үчүн кошумчалардан, мыйзамдарда жана баш-ка нормативдик укуктук актыларда каралган башка төлөмдөрдөн турат."; - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушуна байланыш-туу 3-пунктту алын салууну сунуш кылабыз; - 5-пунктту да алып салуу зарыл, анткени Кыргыз РеспубликасынынСалык кодексинин кирешенин салык салынчу түрлөрүн белгилеген 88-стать-ясында прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кирешелерин салык са-луудан бошотуу жөнүндө норма жок; - 6-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөрдү "КыргызРеспубликасынын Президенти" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз,анткени прокуратура кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болушат жанаКыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясына ылайык мамлекет-тик кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти белгилейт. Аталган пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын,анткени мамлекеттик бийлик органдарындагы мамлекеттик кызматчылардынэмгек акысын төлөөнүн бирдиктүү системасында иштеген жылдары үчүн жылсайынкы кошумчалар, ошондой эле кварталдык сыйлыктар каралган эмес. 51-статьянын 1 жана 2-пункттарын алып салууну сунуш кылабыз, ант-кени "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ыла-йык прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылардыпенсиялык камсыздоо жөнүндө мыйзам колдонулчу мамлекеттик кызматчылар-дын катарына кирет. 52-статьянын 5 жана 6-пункттары алып салынсын, анткени "КыргызРеспубликасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын 30-статьясына ылайык Кыргыз РеспубликасынынСоциалдык фондунан, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрли-гинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан, ошондойэле ыктыярдуу кайрымдуулуктардын жана кошумчалардын эсебинен түзүлчүбюджеттен тышкаркы фонддордон сырткары министрликтердин, мамлекеттиккомитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссия-лардын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамле-кеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүүгө тыюу салынат. Мыйзам долбоорунун 12-статьясында Кыргыз Республикасынын Аскердикпрокурорун кызматка дайындоонун жана бошотуунун тартиби белгиленбеген-диктен, мыйзам долбоорунун 56-статьясынын 2-пунктунун редакциясын кайракароону сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 56-статьясынын 3-пунктун алып салууну сунуш кы-лабыз, анткени ал мыйзам долбоорунун 12-статьясынын 2-пунктунун 2-пунк-тчасын кайталайт. 57-статьянын 3-пунктун алып салуу зарыл, анткени прокуратура кыз-маткерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Прези-денти аныктайт. Мамлекеттик башкаруудагы структуралык кайра түзүүлөр үчүн програм-малык кредиттин (GSAC) жана Мамлекеттик башкаруудагы техникалык жардамкредитинин (GTAC) шарттарын аткаруу боюнча иш-чаралардын планын ишкеашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюд-жеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтомунун 2-пунктуна ыла-йык, ар кандай мамлекеттик уруксаттарды, сертификаттарды берүүдөн,ошондой эле контролдук-көзөмөлдөөчү иш-чараларды (текшерүүлөрдү)жүргүзүүдөн, финансылык санкцияларды, айыптарды жана үстөктөрдү котору-удан түшкөн кирешелер толугу менен республикалык бюджеттин пайдасынакириштелерин эске салып коюуга тийишпиз. Ушуга байланыштуу Мыйзам дол-боорунун 63-статьясынын 3-пунктун алып салуу ылайыктуу деп эсептейбиз. Мыйзам долбоорунун 66-статьясынын 4-пунктун төмөнкүдөй мазмундагы4 жана 5-пунктчалар менен толуктоону сунуш кылабыз: "4) Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-июнундагы № 77 "КыргызРеспубликасынын Эсептөө палатасы жөнүндө", "Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө"жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-бордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толукто-олорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын 3-статьясы; 5) Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 "КыргызРеспубликасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жа-зык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жооп-керчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодек-сине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жө-нүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштардыжасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камактакармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайымкылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-про-цесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республика-сынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын6-статьясы.". Мыйзам долбоорунун иштеп чыгуучу мыйзам долбоорунун 50-статьясынынмамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылчу сарптоолорду көбөйтүүнү караш-тырган 3-пунктун алып салуу жөнүндө өтүнүч киргизгенин көњүлгө алып,ошондой эле көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун ишке ашыруу мамлекеттик бюд-жеттен кошумча каражат талап кылбастыгын эске алуу менен Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү Мыйзам долбоорунун жогоруда айтылган сунуш-пикирлердиэске алуу менен кабыл алууга болот деп эсептейт.