Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 13-июну № 298 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жерлерди биркатегориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун(трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтомунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Тоњ районунун Тоњ айылдык округунун айма-гында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жараны Бейшенбаев Акматкажеке менчик укугунда таандык 15,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерди"Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жара-тылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабылалынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алыпкоюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуру-унун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордунтолтуруунун наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын жараны А.Бейшенба-евдин төлөшүн камсыз кылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов