Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 17-июну № 307 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Карабуура районундагы Чымгент айылдык округунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жерлерди берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Карабуура районундагы Чым-гент айылдык округунун аймагында жайгашкан айылдарынын тургундарынынсоциалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер
ко-дексинин 4, 20 жана 81-статьяларына, "Жерлерди бир категориядан башка-сына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоо-нун) тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19
токтомуна ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-циясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Талас облусунун Карабуура районундагыЧымгент айылдык округунун аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунун 75,0 га сугат айдоосун "Айыл чарба багытындагы жер-лер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуужөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администра-циясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырттазарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылу-уну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын; - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Карабуура районундагыЧымгент айылдык округунун калктуу конуштарынын чегараларын белгиленгентартипте бекитүүнү камсыз кылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов