Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 619
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана Балдардын иштери боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагындагы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын райондорунун мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдү жана Балдардын иштери боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
токтомдун аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө жана санда "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Балдардын иштери боюнча комиссия жөнүндө Типтүү жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө жана санда "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1.2-пункттагы ", шаардык башкармалык" деген сөздөр алып салынсын;
- 1.4-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 2.1-пункттун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
- III бап төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"III. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары:
3.1. Комиссиянын милдеттери:
- турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын коргоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу.
Комиссия жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн сунушу менен баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорун жана турмуштук оор кырдаалда турган баланын андан аркы тагдырын аныктоого тийиштүү маселелерди кароону жана жактырууну, ал боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди киргизүүнү;
2) турмуштук оор кырдаалда турган баланы коргоо боюнча жеке пландын, анын ичинде иш-чаралар пландарында каралгандардын аткарылышына жана аларды аткаруу мөөнөттөрүнө мониторинг менен контроль жүргүзүүнү;
3) баланы убактылуу жайгаштыруу боюнча чараларды көрүүнү. Баланы (балдарды) берүү жөнүндө келишим ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү менен асырап алуучу ата-энелердин (балдарды үй-бүлөгө тарбиялоого алууну каалаган жубайлардын же айрым жарандардын) ортосунда Балдар боюнча комиссиянын макулдугу боюнча түзүлөт;
4) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн турмуштук оор кырдаалда турган балдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана үй-бүлөнү колдоо боюнча сунушун кароо;
5) ювеналдык юстиция маселелери боюнча мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу, маалыматтарын суроо жана кароо, квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешке маалыматтарды жиберүү.";
- 4.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4.3 Балдар иштери боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ички иштер органынын аймактык бөлүнүшүнүн өкүлү;
2) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн өкүлү;
3) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн өкүлү;
4) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн өкүлү;
5) миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн өкүлү;
6) райондук мамлекеттик администрациянын же мэриянын өкүлү;
7) жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).".
- 4.6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4.6 Жарандык коомдун өкүлдөрү Комиссиянын курамына алардын, балдарды коргоо жана балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү кесиптик тажрыйбаларын эске алуу менен киргизилет.";
- 5.2-пункттагы "Бөлүмдүн" деген сөз "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдары:
- бул токтомдон келип чыккан чараларды көрүшсүн;
- өздөрүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
|