ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Окмотунун Токтому 2008-жылдын 20-июну №324 («Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Ысыккөл районунун айыл чарба жерлерин которуу (трансформациялоо) жонундо»).

Редакция20.06.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары, Өкмөт үйү2008-жылдын 20-июну № 324                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы             Ысыккөл районунун айыл чарба жерлерин которуу                      (трансформациялоо) жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-калык  комиссия менен макулдашылган,  Ысыккөл районунун Бозтери айылдыккењешинин  аймагында  жайгашкан  жана  "Үч  Кара"   дыйкан   чарбасынынмүчөлөрүнө  жеке  менчик  укугунда таандык 12,1 га сугат айдоосун "Айылчарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу  жаратылыш-тык  аймактардын  жерлери"  категориясына  которуу жөнүндө сунушу кабылалынсын.     2. Кыргыз  Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясы:     - жерди  эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син;     - ушул  токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторго курулуш ку-рууга  шаар  куруу  документтерин  Кыргыз   Республикасынын   Өкмөтүнүн2007-жылдын 4-апрелиндеги № 91 "Чолпоната,  Кара-Ой,  Бозтери курорттуккомплекстеринин башкы пландарын бекитүү,  Тору-Айгыр,  Кошкөл,  Сары-Ойжана Чоктал эс алуу зоналарын аймактык өнүктүрүү схемасын жактыруу жанаЫсыккөл облусунун курорттук-рекреациялык аймактарын жайгаштырууну  жак-шыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бозтери курорттук комплекстеринин башкы пландарына ылайык иштеп чыксын.     3. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министри                       И.Чудинов