Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-июну № 350                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ             "Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн          текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын          ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө           ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын               кыскартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын            Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 145                     Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу                            (КР Өкмөтүнүн              2008-жылдын 12-ноябрындагы № 625 токтомунун                         редакциясына ылайык)      "Кыргыз Республикасынын  Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мо-раторий жана  Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочуоргандары жүзөгө  ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыс-картуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-ап-релиндеги №  145  Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат:     1. Кыргыз  Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-тик комитети  2008-жылдын 25-апрелинен 2008-жылдын 31-декабрына чейинкимезгилде:     - ыктыярдуу  негизде  салыктарды төлөө менен байланышкан, ишкерликсубъекттеринин арыздары боюнча, башка өлкөлөрдүн салык органдарынын су-роо-талаптары боюнча,  козголгон кылмыш иштери боюнча, салыктарды жашы-руунун документ  менен ырасталган фактылары боюнча текшерүүлөрдү кошпо-гондо ишкерлик субъекттерин салыктык (документтик) текшерүүлөрдү, кайратекшерүүлөрдү жана утурлама текшерүүлөрдү жүргүзүү токтотулсун;          - ишкердик  субъекттерине  текшерүү  жүргүзгөн подразделениелердинштаттык санын  оптималдаштырсын. Бул подразделениелердин кызматкерлеринсалыктык администрациялоонун башка участокторуна ишке тартсын;     - бул токтомдун аткарылышы тууралуу ай сайын 10уна чейинки мөөнөт-тө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берип турсун.(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-ноябрындагы № 625 токтомунун редакци-ясына ылайык)     2. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 12-ноябрындагы № 625 токтомуна ылайыккүчүн жоготту)     3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги:     - ишкердик  субъекттеринин ишмердигин текшерүүгө көрсөтмөлөрдү ый-гарым укуктуу контролдоочу органдарга берүүнү 70 процентке кыскартсын;     - мораторийди  бузуу жана башка текшерүүлөрдүн санын көбөйтүү фак-тылары жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн "түз  байланышты"  уюштур-сун;     - ишкердик  субъекттерине  жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны жөнүндөай сайын  25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалы-мат берип турсун.     4. "Кыргыз  Республикасынын  Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргөмораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоо-чу органдары  жүзөгө  ашыруучу  ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санынкыскартуу жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  2008-жылдын22-апрелиндеги №  145  Жарлыгын  жана  ушул  токтомду аткаруу үчүн жекежоопкерчилик мамлекеттик  контролдоочу  органдарынын жетекчилерине жүк-төлсүн.     5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги тиешелүү  министрликтер  жана  ведомстволор  менен бирдикте биз-нес-ассоциациялардын катышуусунда  ишкердик  субъекттеринин  ишмердигинмамлекеттик контролдоочу  органдар тарабынан текшерүү жүргүзүү тартибинжөнгө салуучу  нормативдик укуктук базаны төмөнкүдөй бөлүгүндө оптимал-даштыруу боюнча белгиленген тартипте сунуш киргизсин:     - "Ишкердик  субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү;     - "Ишкердик  субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердиксубъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардынтизмесин аныктоо  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын6-ноябрындагы №  533  токтому  менен  бекитилген Ишкердик субъекттеринетекшерүүлөрдү жүргүзүү  тартиби  жөнүндө жобону "Ишкердик субъекттеринетекшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-на ылайык келтирүү.     6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин кү-чүнө кирет.     7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана экономи-ка, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Салык-тар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республика-сынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.       Премьер-министри                            И.Чудинов