КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 30-июлу № 408 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Сотуна караштуу Судьялардын окуу борбору жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 Жарлыгы-на ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери"жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №612 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-нистрлигинин башкаруу схемасында: - "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Сот де-партаменти", "Сот департаментинин облустук башкармалыктары" жана "Кыр-гыз Республикасынын судьяларынын окуу борбору" деген позициялар алыпсалынсын; аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-нистрлиги жөнүндө жободо: - 1-пункттагы "соттук жана башка органдардын актыларын" дегенсөздөр алып салынсын; - 6-пункттагы алтынчы абзац алып салынсын; 13-пункттагы "9" деген цифра "11" деген цифрага алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдеринушул токтомго ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов