КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 31-июлу № 410 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооружактырылсын. 2. Аталган мыйзам
долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрибул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин ведомосттору, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөр-түүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 62-статьянын алтынчы бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Ишке кабыл алууда төмөнкүлөр үчүн сыноо белгиленбейт: - он сегиз жашка чыга элек адамдар; - акы төлөнүүчү ишке тандап алуучу кызмат орунга шайланган адам-дар; - эмгек укуктарынын нормаларын камтыган эмгек мыйзамдары жана баш-ка нормативдик укуктук актылар менен белгиленген тартипте өткөрүлгөнтиешелүү кызмат ордун ээлөөгө конкурс боюнча тандалган адамдар; - жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча башка жумушберүүчүдөн которулуу тартибинде ишке чакырылган адамдар; - эки айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн адамдар; - башка нормативдик укуктук актыларда каралган башка учурларда.". 2. 65-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "(иш берүүчү - жеке жактардыкошпогондо)" деген сөздөр алып салынсын. 3. 69-статьянын биринчи бөлүгү "туруктуу" деген сөздөн кийин "жеубактылуу" деген сөздөр менен толукталсын. 4. 76-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8) пунктчаменен толукталсын: "8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учур-ларда.". 5. 85-статьянын биринчи бөлүгү "багуусунда адамдар" деген сөздөр-дөн кийин "(багуусунда адам)" деген сөздөр менен толукталсын. 6. 86-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "жана" деген байламта жана "4"деген цифра алып салынсын. 7. 87-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Уюмду жоюуга же кызматкерлеринин санын же штатын кыскартууну жүр-гүзүүгө байланыштуу, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыш-туу эмгек келишимин бузууда бошотулган кызматкер үчүн иш издөө мезгили-не, үч айдын ичинде, эгерде ал иштен бошогондон кийин 10 календардыккүндүн ичинде жумуш издеген адам катарында иш менен камсыз кылуунунмамлекеттик кызматында катталган шартта чыгуу пособиесин эске алуу ме-нен орточо айлык эмгек акысы сакталат. Иштен бошотулган күндөн тартыпбиринчи айда кызматкерге эки айлык эмгек акыдан төмөн эмес өлчөмдө чы-гуу пособиеси төлөнөт, иш издеген экинчи жана үчүнчү айларда кызматкер-ге орточо айлык эмгек акы сакталат.". 8. 95-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "8" деген цифра "6" деген циф-рага алмаштырылсын. 9. 103-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү "майрам" деген сөз "майрамалдындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын. 10. 123-статьянын үчүнчү бөлүгү "Кодексте" деген сөздөн кийин "эм-гек укугунун нормаларын камтыган башка нормативдик укуктук актыларда,макулдашууларда, жамааттык жана эмгек келишимдеринде" деген сөздөр ме-нен толукталсын. 11. 151-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менентолукталсын: "Үстөк жана кошумча акы төлөө түрүндөгү компенсациялык жана сти-мулдоочу мүнөздөгү төлөмдөр абсолюттук чоњдуктарда же кызматтык (тариф-тик) маянага карата процент менен белгиленет.". 12. 184-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толуктал-сын: "Кызматкер кан жана анын компоненттерин тапшырган учурда жумуш бе-рүүчү ал күндөрү үчүн ага орточо эмгек акысын сактап жана ушуга байла-ныштуу эс алуу күндөрүн берет.". 13. 186-статьядагы "кызматкердин айлык орточо эмгек акысынан" де-ген сөздөр "эгерде макулдашууда башкача каралбаса, кызматкердин эки ор-точо айлык эмгек акысынан" деген сөздөргө алмаштырылсын. 14. 230-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Эгерде эмгектик мертинүү иш берүүчүнүн күнөөсү эле эмес, жабырла-нуучунун одоно этиятсыздыгынан улам келип чыкса, анда аралаш жоопкерчи-лик колдонулат. Бул учурда ордун толтуруу акысынын өлчөмү жабырлануучу-нун күнөөсүнө жараша азайтылат. Жабырлануучунун күнөөсү комиссия тара-бынан процент менен аныкталат.". 15. 234-статьянын аталышындагы "эмгек акынын эњ төмөнкү өлчөмүнүн"жана экинчи бөлүгүндөгү "акынын эњ төмөнкү өлчөмүн" деген сөздөр тиеше-лүү түрдө "эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнүн" жана "эсептик көрсөткүчтүнөлчөмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын. 16. 327-статья "эмгек келишиминде белгиленген өлчөмдө" деген сөз-дөрдөн кийин "бирок эки орточо айлык акынын өлчөмүнөн кем эмес, эгердемакулдашууда башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын; 17. 351-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жана ушулкелишимди эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү тиешелүү мамле-кеттик органда каттатууга" деген сөздөр алып салынсын жана "жазуу жү-зүндө" деген сөздөрдөн кийин "ушул Кодекстин талаптарына ылайык" дегенсөздөр менен толукталсын. 18. 357-статьяда: - биринчи бөлүк "эмгек келишими" деген сөздөрдөн кийин "же эмгеккитепчесиндеги жазуу" деген сөздөр менен толукталсын. - экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Жеке ишкер катары каттоодон өткөн, мөөрү бар иш берүүчү - жекежак кызматкердин эмгек китепчесине жазуу жүргүзүүгө, ошондой эле бирин-чи жолу жумушка орношкон кызматкерге эмгек китепчесин жол-жоболоштуруу-га укуктуу.". 19. 363-статьядагы "эмгек акыга" деген сөздөр "кызматтык маянага"деген сөздөргө алмаштырылсын. 20. 365-статьядагы "эмгек акыга" деген сөздөр "кызматтык маянага"деген сөздөргө алмаштырылсын. 21. 399-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү алып салынсын. 22. 412-статьянын биринчи бөлүгү "кароо боюнча комиссияга" дегенсөздөрдөн кийин ", Мамлекеттик эмгек инспекциясына" деген сөздөр менентолукталсын. 23. 423-статьянын аталышы "бошотуу" деген сөздөн кийин ", четте-түү" деген сөз менен толукталсын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев