ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-июлундагы № 410 «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу»токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 31-июлу № 410                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине               өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү                    жөнүндө" Кыргыз Республикасынын                       Мыйзам долбоору тууралуу      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Кыргыз  Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду киргизүү  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын Мыйзам долбооружактырылсын.     2. Аталган  мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин.     3. Кыргыз  Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрибул мыйзам  долбоорун  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.      Премьер-министри                                    И.Чудинов                                                                  Долбоор                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине           өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө      1-статья.      Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин  ведомосттору, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөр-түүлөр жана толуктоолор киргизилсин:     1. 62-статьянын алтынчы бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "Ишке кабыл алууда төмөнкүлөр үчүн сыноо белгиленбейт:     - он сегиз жашка чыга элек адамдар;     - акы  төлөнүүчү  ишке тандап алуучу кызмат орунга шайланган адам-дар;     - эмгек укуктарынын нормаларын камтыган эмгек мыйзамдары жана баш-ка нормативдик  укуктук  актылар  менен белгиленген тартипте өткөрүлгөнтиешелүү кызмат ордун ээлөөгө конкурс боюнча тандалган адамдар;     - жумуш  берүүчүлөрдүн  ортосундагы  макулдашуу боюнча башка жумушберүүчүдөн которулуу тартибинде ишке чакырылган адамдар;     - эки айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн адамдар;     - башка нормативдик укуктук актыларда каралган башка учурларда.".     2. 65-статьянын  экинчи  бөлүгүндөгү  "(иш берүүчү - жеке жактардыкошпогондо)" деген сөздөр алып салынсын.     3. 69-статьянын  биринчи  бөлүгү "туруктуу" деген сөздөн кийин "жеубактылуу" деген сөздөр менен толукталсын.     4. 76-статьянын  биринчи  бөлүгү  төмөнкүдөй мазмундагы 8) пунктчаменен толукталсын:     "8) Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарында белгиленген башка учур-ларда.".     5. 85-статьянын  биринчи бөлүгү "багуусунда адамдар" деген сөздөр-дөн кийин "(багуусунда адам)" деген сөздөр менен толукталсын.     6. 86-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "жана" деген байламта жана "4"деген цифра алып салынсын.     7. 87-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "Уюмду жоюуга же кызматкерлеринин санын же штатын кыскартууну жүр-гүзүүгө байланыштуу, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыш-туу эмгек келишимин бузууда бошотулган кызматкер үчүн иш издөө мезгили-не, үч  айдын  ичинде,  эгерде ал иштен бошогондон кийин 10 календардыккүндүн ичинде  жумуш  издеген  адам  катарында иш менен камсыз кылуунунмамлекеттик кызматында  катталган шартта чыгуу пособиесин эске алуу ме-нен орточо  айлык  эмгек акысы сакталат. Иштен бошотулган күндөн тартыпбиринчи айда  кызматкерге эки айлык эмгек акыдан төмөн эмес өлчөмдө чы-гуу пособиеси төлөнөт, иш издеген экинчи жана үчүнчү айларда кызматкер-ге орточо айлык эмгек акы сакталат.".     8. 95-статьянын  экинчи бөлүгүндөгү "8" деген цифра "6" деген циф-рага алмаштырылсын.     9. 103-статьянын  төртүнчү  бөлүгүндөгү "майрам" деген сөз "майрамалдындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын.     10. 123-статьянын үчүнчү бөлүгү "Кодексте" деген сөздөн кийин "эм-гек укугунун  нормаларын  камтыган башка нормативдик укуктук актыларда,макулдашууларда, жамааттык  жана эмгек келишимдеринде" деген сөздөр ме-нен толукталсын.     11. 151-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менентолукталсын:     "Үстөк жана  кошумча  акы төлөө түрүндөгү компенсациялык жана сти-мулдоочу мүнөздөгү төлөмдөр абсолюттук чоњдуктарда же кызматтык (тариф-тик) маянага карата процент менен белгиленет.".     12. 184-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толуктал-сын:     "Кызматкер кан жана анын компоненттерин тапшырган учурда жумуш бе-рүүчү ал  күндөрү үчүн ага орточо эмгек акысын сактап жана ушуга байла-ныштуу эс алуу күндөрүн берет.".     13. 186-статьядагы  "кызматкердин айлык орточо эмгек акысынан" де-ген сөздөр "эгерде макулдашууда башкача каралбаса, кызматкердин эки ор-точо айлык эмгек акысынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.     14. 230-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "Эгерде эмгектик мертинүү иш берүүчүнүн күнөөсү эле эмес, жабырла-нуучунун одоно этиятсыздыгынан улам келип чыкса, анда аралаш жоопкерчи-лик колдонулат. Бул учурда ордун толтуруу акысынын өлчөмү жабырлануучу-нун күнөөсүнө  жараша азайтылат. Жабырлануучунун күнөөсү комиссия тара-бынан процент менен аныкталат.".     15. 234-статьянын аталышындагы "эмгек акынын эњ төмөнкү өлчөмүнүн"жана экинчи бөлүгүндөгү "акынын эњ төмөнкү өлчөмүн" деген сөздөр тиеше-лүү түрдө  "эсептик  көрсөткүчтүн өлчөмүнүн" жана "эсептик көрсөткүчтүнөлчөмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.     16. 327-статья  "эмгек келишиминде белгиленген өлчөмдө" деген сөз-дөрдөн кийин  "бирок эки орточо айлык акынын өлчөмүнөн кем эмес, эгердемакулдашууда башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын;     17. 351-статьянын  үчүнчү  бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жана ушулкелишимди эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү тиешелүү мамле-кеттик органда  каттатууга"  деген сөздөр алып салынсын жана "жазуу жү-зүндө" деген  сөздөрдөн кийин "ушул Кодекстин талаптарына ылайык" дегенсөздөр менен толукталсын.     18. 357-статьяда:     - биринчи  бөлүк  "эмгек келишими" деген сөздөрдөн кийин "же эмгеккитепчесиндеги жазуу" деген сөздөр менен толукталсын.     - экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:     "Жеке ишкер  катары  каттоодон  өткөн, мөөрү бар иш берүүчү - жекежак кызматкердин эмгек китепчесине жазуу жүргүзүүгө, ошондой эле бирин-чи жолу жумушка орношкон кызматкерге эмгек китепчесин жол-жоболоштуруу-га укуктуу.".     19. 363-статьядагы  "эмгек акыга" деген сөздөр "кызматтык маянага"деген сөздөргө алмаштырылсын.     20. 365-статьядагы  "эмгек акыга" деген сөздөр "кызматтык маянага"деген сөздөргө алмаштырылсын.     21. 399-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү алып салынсын.     22. 412-статьянын  биринчи  бөлүгү "кароо боюнча комиссияга" дегенсөздөрдөн кийин  ", Мамлекеттик эмгек инспекциясына" деген сөздөр менентолукталсын.     23. 423-статьянын  аталышы  "бошотуу" деген сөздөн кийин ", четте-түү" деген сөз менен толукталсын.       2-статья.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин.       3-статья.      Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                  К.Бакиев