КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 4-августу № 419 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве- домстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын мыйзам дол- боорлоо иштерин уюштуруу жана координациялоону андан ары өркүндөтүү, ошондой эле иштелип чыга турган мыйзам долбоорлорунун сапатын жогорула- туу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламенти бекитилсин. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс- тволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары: - ушул Регламентти жетекчиликке жана кыйшаюусуз аткарууга алышсын; - борбордук аппараттарда жана түзүмдүк подразделениелерде ушул Регламенттин жоболорун окутуп-үйрөтүү боюнча иштерди уюштурушсун. 3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын I жарым жылдыгы ичиндеги Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын аткарылышынын жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин министрликтердин, мамле- кеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын норма чыгаруу ишин координациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрын- дагы № 639 токтомунун 3-пункту, 4-пунктунун экинчи абзацы жана 6-пунк- ту; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын биринчи жарым жыл- дыгында мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруу жана министрликтер- дин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын нормативдерди чыгаруу иштерин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги жүргүзгөн иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-октябрындагы № 668 ток- томунун 5-пункту. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк- мөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги туруктуу өкүлүнө жа- на Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов