Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы №419 токтому мененбекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин РЕГЛАМЕНТИ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Пландын долбоорлорун даярдоо
III. Министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо
иштерин пландаштыруу
IV. Планга киргизилген мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана
Өкмөткө киргизүү
V. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана
Өкмөткө киргизүү
VI. Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорлоруна корутундуларды,
түзөтүүлөрдү жана мыйзам долбоорлоруна пикирлерди даярдоо
VII. Мыйзам долбоорлоо иштерин маалыматтык камсыз кылуу
VIII. Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катарында
киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңештин жана
анын комитеттеринин ишине Өкмөттүн катышуусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) Мыйзам долбоорлоо иштеринин ушул Регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Өкмөт мыйзам чыгаруу демилгеси укугун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык (пландуу мыйзам долбоорлору) же бул пландан тышкары (пландан тышкары мыйзам долбоорлору) киргизүү аркылуу ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө", "Ишкердик ишти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына жана ушул Регламентке ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мыйзам долбоорлоо ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Өкмөт үчүн:
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин Өкмөткө баш ийген башка органдары (мындан ары - министрликтер жана ведомстволор) тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун жактыруу;
- расмий Өкмөткө мыйзам чыгаруу демилгеси иретинде субъекттер тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлоруна мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн же анын киреше бөлүгүнүн азайышын караган каржылоо булактарынын бар экендиги жөнүндө корутунду берүү;
- Жогорку Кеңеш менен такай бирге иштешүүнү камсыз кылуу, Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилген мыйзам долбоорлорунун өтүшүн, ошондой эле алардын кабыл алынышын камсыз кылуу максатында Жогорку Кеңештин ишине катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентине Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштери жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча тапшырмаларын Өкмөттө аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымдоо;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин алкагында мыйзам долбоорлоо иштеринин аткарылышын контролдоо;
б) Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү үчүн:
- Жогорку Кеңеште Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн кызыкчылыгын билдирүүнү камсыз кылуу;
- Жогорку Кеңеште Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгелерин өткөрүү маселелери боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениелеринин ишин координациялоо;
- Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин пландаштырууну координациялоо жана Өкмөттүн демилгеси боюнча иштелип чыккан кечиктирилгис мыйзам долбоорлорунун тизмесин Жогорку Кеңеште кезексиз кароо үчүн түзүү;
- Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги менен министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо маселелери боюнча өз ара биргелешип иштешүү;
- Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн такай бирге иштешүүсүн камсыз кылуу, мыйзам долбоорлорунун өтүшүн көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү максатында анын ишине катышуу, ошондой эле Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилген мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышын камсыз кылуу.
в) Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги (мындан ары - Адилет министрлиги) үчүн:
- министрликтер менен ведомстволордун мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо;
- мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарынын негизинде Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин учурдагы жана келечек пландарын түзүү жана жалпылоо, аларды белгиленген тартипте Өкмөткө бекитүүгө киргизүү, ошондой эле алардын аткарылышын контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын кодекстерине ар бири боюнча өзүнчө түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун бир мыйзам долбоорунда жалпылоо жана аларды жылына эки жолу Өкмөттүн кароосуна киргизүү;
- мыйзам долбоорлоо маселелери менен алектенген эл аралык уюмдардын ишин координациялоо жана иш алып баруу, алар жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, аларга комплекстүү экспертиза жүргүзүү жана белгиленген тартипте Өкмөткө киргизүү;
- эл аралык гуманитардык укукту жүзөгө ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-усулдук жана техникалык жактан камсыз кылууну жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоодон өткөрүү;
- министрликтер жана ведомстволор тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун сапатын жогорулатуу.
г) министрликтер жана ведомстволор үчүн:
- мыйзам долбоорлоо ишин талдоо жана пландаштыруу;
- мыйзам долбоорлорун Өкмөттүн тийиштүү жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планына кошуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштеп чыгып жаткан мыйзам долбоорлорун даярдоого катышуу;
- Жогорку Кеңеште Өкмөт тарабынан киргизилген, министрликтер менен ведомстволор расмий өкүлдөрү болуп саналган мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн кызыкчылыктарынын өкүлдөрүн камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши пландык да, ошондой эле пландан тышкары негизде да жүзөгө ашырылат. Министрликтер менен ведомстволордун пландуу мыйзам долбоорлоо иши Өкмөттүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планына (мындан ары - План) ылайык жүзөгө ашырылат.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлордун өз убагында жана сапаттуу аткаруу жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле тескеген маселелери боюнча алардын орун басарларына жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планы учурдагы жана келечектеги пландар болушу мүмкүн
Мыйзам долбоорлоо иштеринин учурдагы Планы бир жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Зарыл учурда мыйзам долбоорлоо иштеринин келечектеги пландары беш жылга жана андан ашык мөөнөткө түзүлөт жана алар мыйзам долбоорлоо иштеринин учурдагы пландарында эске алынат жана конкреттештирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Өкмөттө мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруу жана Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен өз ара иштешүүсүн уюштуруу Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө, Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмүнө, Адилет министрлигине жана Өкмөт тарабынан дайындалган Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнө жүктөлөт.
7. Министрликтерде жана ведомстволордо мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруу жана алардын Өкмөт жана Жогорку Кеңеш менен өз аракеттенүүсүн камсыз кылуу Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнө, Юстиция министрлигине, жетекчилерге, тескеген маселелер боюнча алардын орун басарларына, министрликтер менен ведомстволордун юридикалык кызматтарына жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн ушул Регламентте белгиленген тартибинин сакталышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- Өкмөттүн Аппаратында - тиешелүү бөлүмгө;
- министрликтерде жана ведомстволордо - жетекчилерге, ошондой эле тескеген маселелери боюнча алардын орун басарларына.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мыйзам долбоорлоо иштеринин алкагында документтер менен иштөө тартиби ушул Регламент, Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөө регламенттери, министрликтердин жана ведомстволордун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча тиешелүү ички ведомстволук нормативдик укуктук актылары менен аныкталат.
II. Пландын долбоорлорун даярдоо
10. Тиешелүү мезгилге Пландын долбоору Адилет министрлиги тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыгат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылууларынын жана билдирүүлөрүнүн;
- Өкмөттүн иш-аракеттеринин программаларынын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмаларынын, Жогорку Кеңештин сунуштамаларынын:
- министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарынын;
- Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик жана башка уюмдардын, илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарынын;
- өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын;
- Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдарын кабыл алууну, мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин.
11. Министрликтердин жана ведомстволордун Пландын долбоору боюнча сунуштарды даярдоо жана чогултуу боюнча ишин координациялоону Адилет министрлиги камсыздайт.
12. Пландын долбооруна киргизүү үчүн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарда төмөнкүлөр камтылышы керек:
- мыйзам долбоорунун аталышы;
- аны иштеп чыгуу зарылдыгынын негиздемеси жана концепциясы;
- мамлекеттик органдын - жооптуу аткаруучунун аталышы жана тең аткаруучулардын тизмеси;
- мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтү жана мыйзам долбоорун жактыруу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтү.
Пландын долбоорун түзүү боюнча сунуштар Юстиция министрлигине жыл сайын, учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбей берилет.
Кыргыз Республикасынын кодекстерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар Юстиция министрлиги тарабынан жалпыланат жана Өкмөттүн кароосуна жылына эки жолу гана киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Юстиция министрлиги министрликтерден жана ведомстволордон, мамлекеттик жана башка уюмдардан, илимий уюмдардан, жарандардан жана алардын бирикмелеринен келип түшкөн сунуштарды жалпылайт жана тийиштүү мезгилге карата План долбоорун түзөт.
Пландын долбоору төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- мыйзам долбоорунун аталышын;
- мыйзам долбоорун, ошондой эле ишке ашыруу үчүн мыйзам долбоору иштелип чыгып жаткан нормативдик укуктук актыны киргизүүнүн максатын;
- мамлекеттик органдын - жооптуу аткаруучунун аталышын жана кошо аткаруучулардын тизмесин;
- мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун жана Өкмөткө берүүнүн мөөнөтүн;
- мыйзам долбоорун жактыруу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтүн.
Пландын акыркы долбоорун түзүүдө жыл сайын кабыл алынуучу мыйзам долбоорлору, ошондой эле төмөнкүлөрдөн улам иштелип чыгып жаткан мыйзам долбоорлору милдеттүү түрдө билдирилет:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылууларынан жана билдирүүлөрүнөн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмаларынан;
- Өкмөттүн иш-аракеттер программасынан;
- өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынан;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыккан, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринен.
Илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштары, эгерде алар төмөнкүлөргө багытталса План долбооруна киргизилет:
- адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоого;
- кийинкиге калтырууну талап кылбаган коомдук мамилелерди жөнгө салууга.
14. Бул регламенттин 10-13-пункттарынын талаптарына ылайык даярдалган План долбоору сунуштар киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Юстиция министрлиги тарабынан 10-ноябрдан кечиктирилбестен жиберилет.
Пландын акыркы долбоору кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылат жана 31-декабрдан кечиктирилбестен Өкмөттүн бекитүүсүнө жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Пландан пункттарды чыгарып салуу же аларды аткаруу мөөнөттөрүн жылдыруу Өкмөттүн токтомуна караганда кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон нормативдик укуктук актыларга ылайык гана жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин пландаштыруу
16. Тиешелүү мезгилге Планга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмалары, Жогорку Кеңештин сунуштамалары менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери - жооптуу аткаруучу тарабынан жыл сайын мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары бекитилет.
17. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- мыйзам долбоорлорунун аталышын жана аларды иштеп чыгуунун негиздемелерин;
- түзүмдүк бөлүмчөнүн - жооптуу аткаруучунун аталышын жана кошо аткаруучулардын тизмесин;
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жүктөлгөн адистердин аты-жөнүн, алардын байланыш телефондорун;
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун жана аларды Өкмөткө киргизүүнүн мөөнөттөрүн, алар Планда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө дал келбөөгө тийиш;
- мыйзам долбоорун жактыруу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары министрликтердин жана ведомстволордун юридикалык кызматтары тарабынан даярдалат жана мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан бекитилет. Мыйзам долбоорлоо иштеринин бекитилген ведомстволук ички пландарынын көчүрмөлөрү Өкмөт учурдагы жылга Планды бекитүү жөнүндө токтом кабыл алгандан кийин эки жумалык мөөнөттө Адилет министрлигине жөнөтүлөт.
19. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарынын аткарылышына контролдукту министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, тескеген маселелери боюнча алардын орун басарлары, ошондой эле министрликтер менен ведомстволордун юридикалык кызматтары жүргүзүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк подразделениелери ар бир кварталдын биринчи айынын биринчи күнүнөн кечиктирбестен мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарынын өздөрү тарабынан аткарылышы жөнүндө маалыматты өздөрүнүн юридикалык кызматына жөнөтүшөт, ал эми юридикалык кызматтар өз кезегинде квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын бешинчи күнүнөн кечиктирбестен Адилет министрлигине учурдагы Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле тиркемеге ылайык формада Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилген мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышын камсыз кылуу боюнча Жогорку Кеңештин ишине катышуусу жөнүндө маалымат беришет.
21.(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
22. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
IV. Планга киргизилген мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Өкмөткө киргизүү
23. Пландын алкагында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана даярдоону уюштуруу министрликтер жана ведомстволор - жооптуу аткаруучулар аркылуу жүзөгө ашырылат.
24. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу белгиленген тартипте бекитилген Өкмөттүн Регламентине, Өкмөттүн чечимдерин, министрликтердин жана ведомстволордун нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун даярдоонун тартиби жөнүндө Эрежелерге жана нормативдик укуктук актылардын ишкердик субъекттерине регулятивдик таасир этүүсүн талдоо (РТэТ) Усулуна так ылайык ишке ашырылат.
25. Министрликтер жана ведомстволор - жооптуу аткаруучулар тарабынан мыйзам долбоорлорун даярдоо максатында жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн, алардын курамына аткарылышына жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери, тең аткаруучулардын, Адилет министрлигинин, ошондой эле мамлекеттик башка органдардын жана уюмдардын, илимий-изилдөө уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ишке тартылган эксперттер киргизилет.
26. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу этаптарында:
- анын максаты жана укуктук жөнгө салуу предмети аныкталат;
- укуктук жөнгө салуунун кемчиликтерине талдоо жүргүзүлөт;
- максатка жетүүнүн деңгээли, проблемалар жана аны чечүүнүн пландаштырылган натыйжасы аныкталат;
- кабыл алынуучу нормативдик укуктук актынын таасири тийүүчү кызыкчылыгы бар топ аныкталат;
- таасир этүүнүн натыйжасын аныктоо үчүн талдоо жүргүзүүнүн ар кыл усулдары колдонулат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нормативдик укуктук актынын долбоору иштелип чыгат, ага маалымкат-негиздеме даярдалат;
- мыйзамдардын талаптары бар болсо коомдук талкуулоо жол-жобосу жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Мыйзам долбоорлорун министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу Өкмөттүн Регламенти аркылуу белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Юстиция министрлиги менен макулдашууда министрликтер жана ведомстволор мыйзам долбоорлорунун кагаздагы варианты менен бирге электрондук вариантын жана коштомо документтерин жалпы тааныштыруу үчүн Юстиция министрлигинин "WEB-сайтында жайгаштыруу максатында мамлекеттик жана расмий тилдерде берүүгө милдеттүү.
Юстиция министрлигине жиберилген мыйзам долбоорунун текстине төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери виза койгон, төмөнкүлөрдү камтыган түшүндүрмө кат (негиздеме-маалымкат):
а) мыйзам долбоорлорунун кеңири мүнөздөмөсүн, анын максаттарын, негизги жоболорун, колдонуудагы мыйзамдар системасындагы ордун, ошондой эле аны кабыл алуунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларынын болжолун;
б) финансылык-экономикалык негиздемени (ишке ашырылышы финансылык жана материалдык чыгашаларды талап кылган мыйзам долбоору киргизилген учурда). Финансылык-экономикалык негиздеме учурдагы жана (же) кийинки жылдардагы каржылоо булактары жөнүндө эсептерди жана маалыматтарды камтууга тийиш;
в) мыйзамдарда каралган учурларда жүргүзүлгөн адистештирилген экспертиза (укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы ж.б.) жөнүндө маалыматты;
г) бул мыйзам долбоорун кабыл алууга байланыштуу күчүн жоготту деп табууга, токтото турууга, өзгөртүүгө, толуктоого же иштеп чыгууга жаткан мыйзам актыларынын тизмесин;
д) бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн кабыл алуу зарыл болгон нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жөнүндө сунушту;
- мыйзам долбооруна карата салыштырма таблицаны;
- мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган учурда, ишкердик субъекттеринин ишинин Нормативдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин (ЖСТ) талдоо методикасына ылайыктуулугу жөнүндө корутундуну;
- гендердик экспертизанын корутундусун;
- мыйзам долбоорун жактыруу, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү жана мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралган учурда Өкмөттүн расмий өкүлүн дайындоо жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоорун. Өкмөттүн токтомунун долбоорунда киргизилген мыйзам долбоорунун пландуу мүнөздө экендиги көрсөтүлөт;
- мыйзам долбооруна карата министрликтердин жана ведомстволордун макулдашуу баракчасын.
Юстиция министрлиги бул пунктта көрсөтүлгөн документтер жок болгон, Өкмөттүн Регламентинин талаптары сакталбаган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршылык негиздери боюнча долбоорду демилгечиге кайра кайтарат.
Юстиция министрлиги мыйзам долбоорлорун он күндүк мөөнөттө карап чыгып, кийин Өкмөттүн Регламентинде белгиленген тартипте иштеп чыгуучу органга корутундусун жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Министрликтер жана ведомстволор мыйзам долбоорун Өкмөттүн кароосуна бул Регламенттин 28-пунктунда көрсөтүлгөн материалдарды тиркөө менен жиберишет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Министрликтерге жана ведомстволорго мыйзам долбоорлорун мыйзам чыгаруу демилгечиси укугун башка субъекттерге өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
31. Мыйзам долбоорлоо иштеринин Планынын алкагында даярдалган жана Өкмөттүн кароосуна киргизилген мыйзам долбоорлору Өкмөттүн Аппараты тарабынан биринчи кезекте каралат.
32. Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилүүчү мыйзам долбоорлору боюнча бардык токтомдорго Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тарабынан виза коюлууга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашылууга тийиш.
33. Мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентинде каралган документтерди тиркөө менен киргизилет, атап айтканда:
1) мыйзам долбоорунун тексти;
2) аны кабыл алуунун зарылдыгынын негиздемеси, мыйзам долбоорунун кеңири мүнөздөмөсү, анын максаттары, негизги жоболору, колдонуудагы мыйзамдар системасындагы орду, ошондой эле аны кабыл алуудагы социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларынын божомолу;
3) толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлоруна салыштырма таблица;
4) укуктук жөнгө салуунун бул чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалы жөнүндөгү маалымкат;
5) бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен жокко чыгарууну, өзгөртүүнү, толуктоону же кабыл алууну талап кылган мыйзам долбоорлорунун жана башка ченемдик укуктук актылардын тизмеси;
6) каржылык-экономикалык негиздеме (ишке ашыруусу кошумча материалдык жана башка сарптоолорду талап кылуучу мыйзам долбоору киргизилген учурда).
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караштырган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Аталган документтер, ошондой эле мыйзам долбоорунун тексти Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке мамлекеттик жана расмий тилдерде Жогорку Кеңештин депутаттарынын санына жараша нускада жана электрондук түрдө киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Өкмөткө киргизүү
34. Министрликтер жана ведомстволор тарабынан Пландан тышкары даярдалган мыйзам долбоорлору пландан тышкаркы мыйзам долбоорлору болуп эсептелет. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөттүн тапшырмалары жана чечимдери, Жогорку Кеңештин сунуштары, өз демилгеси же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча же эл аралык укук ченемдерин имплементациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында даярдалат.
Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу министрликтер жана ведомстволор тарабынан ушул Регламентте жана Өкмөттүн Регламентинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
35. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун Адилет министрлиги менен макулдашууда мыйзам долбоорунун демилгечиси ушул Регламенттин 28-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин пакетин берет.
Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Юстиция министрлиги өзүнүн корутундусун Өкмөттүн Регламентинде белгиленген тартипте иштеп чыгуучу органга жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорунун Жогорку Кеңеште өтүүсүнүн мониторинги, аларды кабыл алууну камсыз кылуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан министрликтер жана ведомстволор тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорлоруна корутундуларды, түзөтүүлөрдү жана мыйзам долбоорлоруна пикирлерди даярдоо
37. Өкмөткө мыйзам чыгаруу демилгеси субъекттери тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн корутундусу токтом жана кат формасында берилет.
Өкмөттүн токтом формасындагы корутундусу төмөнкүдөй учурларда берилет:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык (мыйзам чыгаруу субъекти каржылоо булактарын аныктоо боюнча Өкмөттүн корутундусун сурайт);
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктунун 7-пунктчасына ылайык (мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн же анын кирешелүү бөлүгүнүн кыскарышын караштырат).
Өкмөттүн кат формасындагы корутундусу төмөнкү учурларда берилет:
- мыйзам долбоору Өкмөткө сын-пикирлерин жана сунуштарын берүү үчүн экспертизага (макулдашууга) киргизилет;
- мыйзам долбоору анын жөнгө салуу предмети боюнча Өкмөттүн позициясын аныктоо (тактоо) максатында киргизилет;
- мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине шилтемесиз корутунду берүү үчүн киргизилет жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн же анын киреше бөлүгүнүн кыскарышын караштырбайт.
Сын-пикирлерин жана сунуштарын берүү үчүн экспертизага (макулдашууга) киргизилген мыйзам долбооруна корутунду (кат формасындагы) тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары менен сын-пикирлеринин негизинде Өкмөттүн Аппараты тарабынан даярдалат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр тарабынан анын расмий бланкында кол коюлат.
Мыйзам долбоору жөнгө салуучу предмет боюнча Өкмөттүн позициясын аныктоо (тактоо) максатында киргизилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине шилтемесиз Өкмөттүн корутундусун алуу үчүн киргизилген жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караштырбаган мыйзам долбооруна корутунду (кат формасында) тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары менен сын-пикирлеринин негизинде Өкмөттүн Аппараты тарабынан даярдалат жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (анын тапшырмасы боюнча - бул маселени тескеген, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри) тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий бланкында кол коюлат.
Өкмөттүн Аппаратынын дарегине киргизилген мыйзам долбоорлоруна корутунду бул пункттун нормаларын эске алуу менен каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Корутундунун долбоорун даярдоодо анда төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылууга тийиш:
- мыйзам долбоорун ишке ашырууга байланышкан, болжолдонгон чыгымдарды каржылоо булактарынын бар экендиги жөнүндө;
- мыйзам долбоорун кабыл алуу, күчүнө кирүү датасы боюнча Өкмөттүн позициясы жөнүндө;
- башка маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Өкмөткө көз каранды эмес жагдайлар боюнча өз убагында корутунду берүүгө мүмкүнчүлүк болбогон учурда (корутунду берүү үчүн зарыл маалыматтар, долбоорду кабыл алуунун финансылык-экономикалык негиздемелери, социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларынын болжолу берилбегенде) кат жүзүндө корутунду берүүнүн мөөнөтү жөнүндө маселе мыйзам чыгаруу демилгеси субъекти менен Өкмөттүн ортосундагы макулдашуу боюнча чечилет.
Тиешелүү токтом кабыл алынгандан тарта үч күндөн кечиктирилбестен Өкмөттүн кат жүзүндөгү корутундусу менен бирге мыйзам долбоорунун демилгечисине жөнөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Өкмөт мыйзам долбоорлоо демилгеси катары мурда киргизилген долбоорду Жогорку Кеңештин отурумунда каралганга чейин кайра сурап алууга укуктуу. Мыйзамдын долбоорун кайра сурап алуу Өкмөттүн токтому түрүндө таризделет, ал тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан тиешелүү тартипте даярдалат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Өкмөт өзү киргизген мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүгө укуктуу. Түзөтүүлөр тийиштүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан мурда Өкмөттүн чечими менен жактырылган мыйзам долбоорунун тийиштүү түзүмдүк элементтерин өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду жактыруу жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоору түрүндө даярдалат жана Өкмөткө жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Иштеп чыгууга жооптуу министрликтер жана ведомстволор тиешелүү мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өкмөттүн Регламентинин талаптарына ылайык Өкмөткө жиберилүүчү Өкмөттүн токтомунун долбоорун даярдашат.
43. Мыйзам долбоорлоруна түзөтүүлөрдүн жана кайра сурап алуу жөнүндө токтомдордун Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилген долбоорлоруна, ошондой эле аларга маалымкат-негиздемелерге мыйзам долбоорунун демилгечиси болгон министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин колдору милдеттүү түрдө коюлушу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Мыйзам долбоорлоо иштерин маалыматтык камсыз кылуу
44. Мыйзам долбоорлоо ишин маалыматтык камсыз кылуу Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө электрондук маалыматтар базасын түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат, ал Юстиция министрлигине келип түшкөн мыйзам долбоорлорунун ичинен түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын электрондук базасы төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы абзел:
- мыйзам долбоорунун аталышы жана текстинин кыскача мазмунун;
- мыйзам долбоорун иштеп чыккан жана мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жооптуу болгон мамлекеттик органдын аталышын;
- башка маалыматтарды.
46. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын электрондук базасы Адилет министрлигинин маалыматтык-укуктук борбору тарабынан жүргүзүлөт.
47. Юстиция министрлиги юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн Адилет министрлиги тарабынан белгиленген тартипте Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын базасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
VIII. Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катарында киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин ишине Өкмөттүн катышуусу
48. Өкмөттүн расмий өкүлү Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катарында киргизилген мыйзам долбоору каралган учурда Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин жыйналышына белгиленген тартипте катышат. Өкмөттүн расмий өкүлүн алмаштырууга Өкмөттүн токтомунун негизинде жол берилет. Өкмөттүн Жогорку Кеңештин ишиндеги расмий өкүлдөрүн, алар жүйөлүү себептер боюнча катыша албаган учурларды эске албаганда, башка адамдар менен алмаштырууга жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Өкмөт Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү аркылуу Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ортосунда өз ара мамилени камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Өкмөттүн туруктуу өкүлү Жогорку Кеңештин жыйналышына катышат, Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин жыйналышына чакырылган Өкмөт мүчөлөрүнүн, кызмат адамдарынын келишин камсыз кылууга, карала турган башка маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө жана түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Өкмөттүн туруктуу өкүлү Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилген мыйзам долбоорлорун кароодо Жогорку Кеңештин комитеттеринин ишине катышат.
52. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен өз ара натыйжалуу иштешүүсүн камсыз кылуу максатында Өкмөттүн расмий өкүлдөрү Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү менен бирдикте төмөнкүлөрдү аткарышат:
- Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилген мыйзам долбоорлорун, ошондой эле Өкмөттүн корутундуларын жана түзөтүүлөрүн Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин отурумдарында кароого киргизүүнү уюштурат;
- министрликтердин, ведомстволордун карамагына кирген предметтер боюнча мыйзам долбоорлорун жана мыйзамдарды Жогорку Кеңеште, анын комитеттеринде кароо жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана жалпылоону уюштурат;
- Жогорку Кеңештин комитеттерин мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугуна ээ башка субъекттер тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн көз карашы жөнүндө кабардар кылат;
- Жогорку Кеңештин депутаттары жана депутаттык фракциялар менен тиешелүү мыйзам долбоорлору боюнча өз ара иштешет.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорлору каралган учурда Өкмөттүн расмий өкүлдөрү болуп министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери, статс-катчылары, ошондой эле жетекчилердин орунбасарлары дайындалышы мүмкүн.
Айрым учурларда, макулдашуу боюнча, мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште каралып жатканда, Өкмөттүн расмий өкүлү болуп, Өкмөткө баш ийбеген мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орунбасары дайындалышы мүмкүн.
54. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги расмий өкүлдөрү Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилген мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште каралган учурда:
- Жогорку Кеңешке, анын комитеттерине Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгечиси катары киргизилген мыйзам долбоорлорун беришет;
- Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорунун жоболоруна түшүндүрмө беришет, мыйзам долбоорлоруна түзөтүүлөрдү кароо учурунда Өкмөттүн көз карашын коргошот;
- берилген ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште талкууланган учурда келип түшкөн сунуштарды кабылдашат же четке кагышат.
55. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
56. Министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштөө үчүн түзүлгөн жумушчу топторунун, ошондой эле парламенттик угууларда карала турган маселелерди даярдоо үчүн Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордун курамдарына киргизилиши мүмкүн.
57. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
58. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтомуна ылайык күчүн жоготту)