Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 25-августу № 469 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577
токтомунун,
2009-жылдын 20-мартындагы №188 редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын
Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын3-июлундагы № 148
буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын экономикасы-нын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүү жана стимул-доо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коо-му (мындан ары - Өнүктүрүү фонду) түзүлсүн. 2. Өнүктүрүү фондунун тиркелген
Уставы бекитилсин. 3. Өнүктүрүү фондунун жайгашкан жери болуп: Бишкек шаары, Чуй проспекти, 122 дареги аныкталсын. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577
токтомунун,
2009-жылдын 20-мартындагы №188 редакциясына ылайык) 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республика-сынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети мененбирдикте Өнүктүрүү фондун ар биринин номиналдык наркы 1000 (бир мин)сомдон болгон 450 (төрт жүз элүү) мињ жөнөкөй акциядан жана 150 (жүзэлүү) мињ артыкчылыктуу акциядан куралуучу 600 (алты жүз) миллион сом-дон кем эмес өлчөмдөгү уставдык капиталга ээ кылуу үчүн Кедейчиликтижоюунун борбордоштурулган фондунун активдерин белгиленген тартиптеөткөрүп берсин. "Өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын түзүү үчүн каржылоо булак-тары болуп "Центерра Голд Инк." корпорациясынын акцияларын сатуудантүшкөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин каражаттарынын бө-лүгү аныкталсын. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577
токтомунун редак-циясына ылайык) 5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгыменен бирдикте Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фондунун пайдалануусунаБишкек шаары, Чүй проспекти, 122 дареги боюнча жайгашкан имараттын төр-түнчү кабатынан аянты 335,4 кв.м. болгон 15 кабинетти берсин. (КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 20-мартындагы № 188 токтомунун редакция-сына ылайык) 5-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тар-типте "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-гизүү боюнча сунуштарды киргизсин. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "Кыргыз Республика-сынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенге чейинӨнүктүрүү фондунун уставдык капиталын түзүү үчүн 600 (алты жүз) миллионсом өлчөмүндө чыгымдарды каржылоого уруксат берилсин. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577
токтомунун редакциясына ылайык) 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы Өнүктү-рүү фондунун акцияларын кармоочу болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекет-тик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети аныкталсын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. 7-1. Өнүктүрүү фондунун толук камдуу иштешин камсыз кылуу макса-тында Өнүктүрүү фондунун башкармасына белгиленген тартипте Өнүктүрүүфондунун иши үчүн материалдык-техникалык каражаттарды бир убакытта са-тып алууга уруксат берилсин. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577
токтомунун редак-циясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-августундагы № 469
токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун УСТАВЫ (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы N 577,
2009-жылдын 20-мартындагы № 188 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1.1. "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" акционердик коому(мындан ары - Фонд) мамлекеттин жүз проценттик катышуусу менен жабыкакционердик коом болуп саналат. 1.2. Фонд өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары-нын жана ушул Уставдын талаптарына ылайык ишке ашыру(учу адистештирилгенфинансы-кредиттик мекеме болуп эсептелет. Финансылык-банктык ишмердикти жана иш-аракеттин башка түрлөрүнжөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Фондго карата "КыргызРеспубликасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамыменен жөнгө салынбаган бөлүгүнө колдонулат. 1.3. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалыкжак болуп саналат жана акча каражатын кошо алганда анын өз алдынча ба-лансында чагылдырылуучу менчигинде обочолонгон мүлкү болот. 1.4. Фонд өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктаргаээ болот жана ишке ашырат, милдеттенмелерди алат, сотто доогер жанажоопкер боло алат. 1.5. Фонд мамлекеттин милдеттенмелерине, ошондой эле мамлекет Фон-ддун милдеттенмелерине жооп бербейт. 1.6. Фонд жабык акционердик коомдук формасында түзүлөт жана өз иш-мердигин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берүүчү лицензиянын неги-зинде ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамактыларында аныкталган ыйгарын укуктардын чектеринде финансылык-кредит-тик уюмдардын ишмердигин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рын Фонддун аткарышы үчүн көзөмөлдүктү ишке ашырат. 1.7. Фонд өз ишмердигин "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фондужөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында жана ушул Уставда белгилен-ген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат. 1.8. Фонддун мамлекеттик жана расмий тилдерде толук фирмалык ата-лышын камтуучу өзүнүн мөөрү болот. Мөөрдө, ошондой эле Фонддун фирмалыкаталышы башка тилдерде да көрсөтүлүшү мүмкүн. Фонд өзүнүн фирмалык аталышы менен штамптарга жана бланктарга ээболууга укуктуу, ал белгиленген тартипте катталган товардык белгиси жа-на визуалдык идентификациянын башка каражаттарына да ээ боло алат. 1.9. Фонддун ишмердигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-ралган учурларды кошпогондо ар кандай түрдө мамлекеттик органдар, кыз-мат адамдары, коомдук жана башка уюмдар тарабынан кийлигишүүгө жол бе-рилбейт. 1.10. Фонд өз ишмердигин Фонддун Директорлор кењеши бекиткен кре-диттик жана инвестициялык саясатка ылайык ишке ашырат. 2. Фонддун аталышы жана жайгашкан орду 2.1. Фонддун толук аталышы: - мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коому; - расмий тилде: Закрытое акционерное общество "Фонд развития Кыргызской Республи-ки"; - англис тилинде: The close joint-stock company "Kyrgyz Republic Development Fund"; 2.2. Фонддун кыскартылган фирмалык аталышы: орус тилинде: ЗАО "Фонд развития Кыргызской Республики"; кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" ЖАКы; - англис тилинде: CJSC "Kyrgyz Republic Development Fund". 2.3. Фонд өз аталышын колдонууга өзгөчө укукка ээ. 2.4. Фонддун жайгашкан жери: Бишкек шаары,Чуй проспекти,122 (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577
токтомунун,
2009-жылдын 20-мартындагы №188 редакциясына ылайык) 3. Фонддун иш-аракетинин максаты жана милдеттери 3.1. Фонд Кыргызстандын экономикасынын сапаттуу өсүшүн камсыздоочуартыкчылыктуу жана стратегиялык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашы-руу үчүн өлкөнүн финансылык активдерин башкаруунун натыйжалуулугун жо-горулатуу максатын коет. 3.2. Фонддун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - мамлекеттин финансылык активдерин натыйжалуу корпоративдүү баш-каруу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жанастратегиялык тармактарын стимулдоо; - Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторун өнүктү-рүүнү финансылык колдоо үчүн натыйжалуу жана туруктуу база түзүү; - Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуужана стратегиялык багыттарын колдоого ар кандай булактардан финансы ка-ражаттарын топтоо жана багыттоо; - мультипликациялык натыйжага жана жогорку экономикалык майнаптуу-лукка багытталган кредиттөөнү камсыздоо; - орто- жана узак мөөнөткө, ошондой эле проценти төмөн негиздекредит ресурстарына экономика субъекттеринин жеткиликтүүлүгүн камсыз-доо; - ата мекендик ишканаларга инвестицияларды тартууну стимулдоо; - ата мекендик экспортту илгерилетүүгө көмөктөшүү; - менеджменттин заманбап методдорун ишке киргизүү, Кредиттөө про-цесстерине баа берүү жана контролдоо; - Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүүнүн ыњгайлуу шартта-рын түзүү максатында эл аралык кызматташтыкты чыњдоо. 4. Фонддун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү 4.1. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондойэле эл аралык келишимде башкача каралбаса, филиалдары жана өкүлчүлүктө-рү турган жердеги чет мамлекеттеринин мыйзамдарынын талаптарын сактооменен Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары фили-алдарын түзүп жана өкүлчүлүктөрүн ача алат. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр өз ишмердигин Фонддун атынан жүргүзүп,Фонд алардын ишмердигине толук жоопкерчилик тартат. 4.2. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр өз алдынча юридикалык жак болупсаналышпайт, Фонддун мүлкүнүн эсебинен негизги жана жүгүртүү каражатта-рын бөлүшөт, алардын бекитилген жоболорунун негизинде аракеттенет жанаФонддун атынан өз ишмердигин жүргүзөт. 4.3. Филиалдар менен өкүлчүлүктөрдү түзүү жана аларды жоюу, фили-алдар менен өкүлчүлүктөр жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу чечимдиФонддун Директорлор кењеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана фи-лиалдар менен өкүлчүлүктөрдүн мекемелери турган өлкөнүн мыйзамдарынаылайык кабыл алат. 4.4. Өкүлчүлүктөр менен филиалдардын жетекчилери Директорлор кење-ши менен макулдашуу боюнча Фонддун башкармалыгы тарабынан дайындалатжана Фонд берген ишеним каттын негизинде аракеттенет. 5. Фонд ишке ашыруучу функциялар, операциялар жана бүтүмдөр 5.1. Фонд төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат: - Фонддун ички актыларына ылайык катышуучу банктар аркылуу реалдуусектордо долбоорлорду тењ каржылоону кошо алганда аларды тандоону жанакредиттөөнү; - мөөнөттүү, кайтарымдуу жана акы төлөтүүчү негизде каржылоого су-нушталуучу долбоорлордун экспертизасына баа берүүнү; - Фонд тарабынан каржылануучу долбоорлорду ишке ашырууну монито-рингдөөнү; - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берүүчү маалыматтардын не-гизинде катышуучу банктардын финансылык абалына баа берүүнү; - катышуучу банктардын милдеттенмелерди аткарышын камсыздоо боюнчачараларды көрүүнү; - ар кандай булактардан займдарды тартууну, камсыздоону жана жоюу-ну; - тышкы жана ички инвестицияларды экономиканын артыкчылыктуу тар-мактарына жайгаштыруу үчүн тартууну, аларды кайтарып берүүнү камсыздоо-ну жана пайдаланууга мониторинг жүргүзүүнү. 5.2. Фонд лицензияда атайын көрсөтүү менен банктык операциялардынтөмөнкүдөй түрлөрүн ишке ашыра алат: - келишимдик шарттарда өз атынан займдарды тартуу; - келишимдик шарттарда өз атынан өздүк же тартылган каражаттардыжайгаштыруу; - улуттук жана чет өлкөлүк валютада чет өлкөлөрдү кошо алгандакоммерциялык банктарда эсеп ачуу; - кредиттик ишмердикке байланыштуу консультациялык жана маалымат-тык кызматтарды көрсөтүү. Фонд акы төлөө, мөөнөттүү жана кайтарып берүү негизинде башка бу-лактардан финансылык ресурстарды ала алат. Башка булактардан Фонд тара-бынан алынуучу финансылык каражаттарды берүү, пайдалануу жана кайтарыпберүү тартиби жана шарттары Фонддун Директорлор кењеши тарабынан, ошон-дой эле эки тараптуу келишимдер менен аныкталат. 5.3. Катышуучу банктарды кредиттик тейлөө Фонддун ички актыларынаылайык келишимдин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам-дары менен Фонд тарабынан ишке ашырылат. Тейлөөнүн жалпы шарттары ачык маалыматы болуп саналат. Фонддунтейлөө шарттары өзгөргөн учурда Фонд бул тууралуу Фонддун Директорлоркењеши бекиткен Фонддун ички актыларында белгиленген тартипте катышуучубанктарга кабарлайт. Катышуучу банктарды тейлөөнү ишке ашырууда Фонд эл аралык практи-када колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөчүэсептөөлөрдүн ар кандай системасын колдонууга укуктуу. Фонд катышуучу банктар тарабынан каражаттардын "Кыргыз Республика-сынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жанаФонддун ички актыларына ылайык максаттуу пайдаланылышына контролдукжүргүзөт. 5.4. Фонд тарабынан долбоорлорду каржылоо катышуучу коммерциялыкбанктарды кредиттөө аркылуу Фонддун Директорлор кењеши бекитүүчү ичкиактыларга ылайык аныкталуучу шарттарда, тартипте жана мөөнөттөрдө жүр-гүзүлөт. Берилүүчү кредиттер боюнча сыйлыктын ставкасынын чоњдугу Фонд-дун карыздоо жана операциялык чыгымдарынын орточо наркын эске алуу ме-нен эсептелет. Фонд Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тийиштүү тартипте бергенмаалыматтын негизинде Фонддун Директорлор кењеши бекитүүчү ички акты-ларда аныкталган критерийлерге жараша талдоонун негизинде катышуучубанктарды тандоону ишке ашырат. Фонд тарабынан берилүүчү займдар күрөө, кепилдик жана Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарууну камсыз-доонун башка ыкмалары менен камсыздалууга тийиш. 5.5. Фонд жогоруда саналган функциялар жана банктык операцияларменен катар төмөнкүдөй бүтүмдөрдү да ишке ашырууга укуктуу. - өздөрүнүн муктаждыктары үчүн чет өлкөлүк валюта сатып алууга жа-на сатууга; - өз атынан баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга. 5.6. Фонд Директорлор кењеши бекиткен нормативдик актыларга ылайыканын ишмердигин камсыздоо үчүн зарыл болгон башка бүтүмдөрдү ишке ашы-рууга укуктуу. 5.7. Фонд өз ишмердигин жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктардыбөлүшөт: - Фонддун Директорлор кењеши бекиткен ички актыларга ылайык финан-сылык жылга өзүнүн кредиттик саясатын жүргүзүү; - банктык экспертизанын жана заемчунун кредиттик жөндөмдүүлүгүнталдоонун натыйжалары боюнча кайтарымдуу, мөөнөттүү жана акы төлөөчүнегизде долбоорду каржылоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо; - банктык экспертизага баа берүүнү ишке ашыруу үчүн эксперттер ме-нен консультанттарды тартуу; - тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык за-емдук каражаттарды, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджет-терден тартуу; - заемдук каражаттарды кошо алганда бош каражаттарды Фонддун ичкиактыларында аныкталган чектерде жана тартипте жогорку ликвиддүү финан-сылык инструменттердин ички жана тышкы рынокторунда жайгаштыруу; - ата мекендик жана чет өлкөлүк банктардын жана башка финансылыкинституттардын катышуусу менен карыздоонун уюштуруучусу жана катышуучу-су катары чыгуу; - тышкы жана ички булактардан финансылык формада инвестициялардытартуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Фонддун ички актыла-рында белгиленген тартипте тартылуучу инвестицияларды кайтарып берүүнүкамсыздоо; - Фонддун Директорлор кењеши бекиткен нормативдик укуктук актылар-га ылайык Фонддун максаттарын жана милдеттерин тийиштүү түрдө аткарууүчун ар кандай укуктук мамилелерге, анын ичинде эл аралык укук мамиле-лерине (бүтүмдөр, операциялар) катышуу; - инвестициялык саясатты аныктоо, инвестирлөөнүн рационалдуу меха-низмдерин ишке ашыруу жана аны камсыздоо; - маалыматтык-аналитикалык жана аналитикалык иштерди жүзөгө ашы-руу, илимий жана башка жактан уюштуруу үчүн белгиленген тартипте, аныничинде келишимдик негизде окумуштууларды жана адистерди тартуу. 5.8. Фондго төмөнкүлөргө тыюу салынат: - кредиттерди катышуучу банктардан тышкары жеке жана юридикалыкжактарга, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго, пенсиялык активдердиинвестициялык башкарууну ишке ашыруучу уюмдарга, инвестициялык фонддор-го, камсыздандыруу уюмдарына, лизинг берүүчү уюмдарга жана банктык опе-рациялардын айрым түрлөрүн ишке ашыруучу башка уюмдарга берүүгө, ошон-дой эле алардын милдеттенмелери боюнча акчалай формада аткарууну кароо-чу кепилдиктерди, гарантияларды жана башка милдеттенмелерди алууга; - депозиттерди тартууга, жеке жана юридикалык жактарга эсеп ачуу-га; - кайтарымын камсыз кылбастан займдарды берүүгө; - мурда берилген займдар боюнча мөөнөтү өткөн милдеттенмелери (биржылдан ашуун) болсо, кошумча тышкы жана ички карыз берүүнү жүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана башка мамлекеттик органдар-га кредиттерди берүүгө; - мамлекеттик бийлик органдарына, ошондой эле чарбакер субъекттер-ге ар кандай формада финансылык жардам берүүгө. 6. Фонддун уставдык капиталы. Фонддун кирешеси 6-1. Фонддун уставдык капиталы акча формасында түзүлөт жана 600(алты жүз) миллион сомду түзөт жана ар биринин номиналдык наркы 1000(бир мињ) сомдон болгон 450 (төрт жүз элүү) мињ жөнөкөй акциядан жана150 (жүз элүү) мињ артыкчылыктуу акциядан түзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577
токтомунун редак-циясына ылайык) 6.2. Фонддун уставдык капиталы потенциалдык чыгымдарды жабуунукамсыздоого кызмат кылат, контрагенттердин алдындагы Фонддун өзүнүнмилдеттенмелерин аткаруунун кепилдиги жана ишмердикти жүргүзүүдө келипчыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоо чарасы болуп саналат. 6.3. Фонддун уставдык капиталынын негизин төлөнгөн уставдык капи-тал түзөт, ага карата Фонд акционер салган каражаттарды кайтарып берүүбоюнча милдеттенмелерди албайт. 6.4. Фонддун уставдык капиталы төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт: - компаниялардын акцияларын сатуудан түшүүчү акча каражаттарынын; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Фондго берилүүчү бюджет-тен тышкаркы фонддордун каражаттарынын эсебинен. 6.5. Уставдык капиталдык көбөйтүү жана азайтуу Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 7. Фонддун акциялары, акционерлердин укуктары жана милдеттери 7.1. Фонддун бардык акциялары жөнөкөй болуп саналат. Фонддун бир-ден бир акционери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан КыргызРеспубликасынын Өкмөтү болуп саналат. 7.2. Фонддун акционери төмөнкүдөй укуктарга ээ (анын ичинде мүлк-түк эмес укуктарга): 1) Фонддун ишмердигинен түшүүчү пайданын бир бөлүгүн (дивиденддер-ди) алууга; 2) жоюлуучу Фонддун мүлкүнүн бөлүгүн алууга; 3) Фонддун Уставында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындааныкталган тартипте Фонддун иштерин башкарууга катышууга; 4) Фонддун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө,анын ичинде Фонддун Уставдык капиталын өзгөртүү жөнүндө чечим кабылалууга; 5) Фондду өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу (ишмердигин токтотуу) жө-нүндө чечим кабыл алууга. 7.3. Акционер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ФонддунУставында каралган башка дагы мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктаргаээ боло алат. 7.4. Акционер төмөнкүлөргө милдеттүү: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралгантартипте, өлчөмдө жана ыкмаларда акцияларды төлөөгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныктал-ган тартипте жана шарттарда Фонддун ишмердигине катышууга. 8. Фонддун кирешеси жана резервдери 8.1. Киреше: 8.1.1. Фонддун кирешеси ошол мезгилге орун алган бардык кирешелерменен чыгашаларды эсепке алгандан кийин бухгалтердик стандарттаргаылайык финансылык жылдын натыйжалары боюнча аныкталат, буга төмөнкүлөркирет: - Фонддун нормалдуу ишмердигин камсыздоо үчүн зарыл болгон жана эларалык практикада кабыл алынган күтүүгө операциялык жана башка чыгым-дар; - Фонд тарабынан потенциалдуу чыгымдарды жабууга резервдерди тү-зүү. 8.1.2. Бөлүштүрүлбөгөн киреше төмөнкүлөргө жумшалат: 50 проценти -Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешеси, калган 50проценти - Фонддун жалпы резервине жана Уставдык капиталдык көбөйтүүгөда жумшалышы мүмкүн. Которуу тышкы аудит жүргүзүлгөндөн жана Фонддунжылдык отчету бекитилгенден кийин финансылык жыл аяктаганда жүргүзүлөт. 8.2. Резервдер: 8.2.1. Банктык ишмердикти жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдарды өзучурунда жабуу үчүн, ошондой эле Фонддун өз ишмердигин контролдоонунжана анын ишенимдүүлүгүнүн тийиштүү дењгээлин камсыздоо максатында Фондзарыл резервдерди түзөт. Классификацияланган активдер жана шарттуу милдеттенмелер боюнчапотенциалдуу чыгымдарды жабууга Фонд тарабынан түзүлүүчү резервдердиэсептөө методдору жана аны түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкынын нормативдик укуктук актылары менен белгиленет. 8.2.2. Фондду өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн Фонддун Директорлоркењешинин чечими боюнча таза пайданын бир бөлүгүнүн эсебинен жалпы ре-зервдер түзүлүшү мүмкүн, алардын өлчөмү жана максаттуу багыты ФонддунДиректорлор кењеши тарабынан аныкталат. 9. Башкаруу жана контролдоо органдарынын түзүмдөрү 9.1. Фонддун башкаруу органдары төмөнкүлөр болуп саналат: - жогорку башкаруу органы - Фонддун Директорлор кењеши; - аткаруучу органы - Фонддун башкармалыгы. 9.2. Финансылык-чарбалык ишмердикти текшерүүчү контролдоо органда-ры Фонддун ички аудит кызматы жана риск-менеджер болуп саналат. 10. Фонддун Директорлор кењеши 10.1. Фонддун жогорку органы Фонддун Директорлор кењеши болуп са-налат. 10.2. Фонддун Директорлор кењеши Фонддун кредиттик жана инвестици-ялык саясатынын негизги принциптерин, багыттарын жана артыкчылыктарынаныктайт, ар бир финансылык жылга Фонддун бюджетин, катышуучу банктарменен ишмердикти жана өз ара мамилелерди жөнгө салуучу башка эрежелердибекитет. 10.3. Фонддун Директорлор кењешинин өзгөчө компетенциясына төмөн-күлөр кирет: 10.3.1. жоюу баланстарын (аралык жана акыркы) бекитүү; 10.3.2. Фонддун башкармасынын мөөнөтүн жана ыйгарым укуктарынаныктоо, Фонддун башкармасынын төрагасын, Фонддун башкармасынын төрага-сынын орун басарларын, Фонддун башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо жанааларды кызматынан бошотуу; 10.3.3. Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнө сыйлыктардын өлчөмүн жанатөлөө шарттарын аныктоо; 10.3.4. Фонддун ички аудит кызматынын сандык курамын жана риск-ме-неджерин аныктоо, эмгек акысын аныктоо, анын мүчөлөрүн кызматка дайын-доо жана бошотуу; 10.3.5. ишмердиктин жылдык натыйжаларын, отчетторун (анын ичиндеФонддун аткаруу органдарынын отчетторун), Фонддун бухгалтердик баланс-тарын бекитүү; 10.3.6. Фонддун Уставдык капиталын өзгөртүү боюнча сунуштарды кир-гизүү; 10.3.7. Фонддун Директорлор кењешинин заседаниелеринин ички регла-ментин, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алуу; 10.3.8. Фонддун пайдасын бөлүштүрүү жана чыгымдарын жабуу тартибинаныктоо; 10.3.9. Фонддун бүтүмдөрү боюнча чектөөлөрдү жана лимитти, ошондойэле аларды түзүү боюнча ыйгарым укуктарды аныктоо; 10.3.10. Фонддун стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын кре-диттик жана инвестициялык саясатын түзүү; 10.3.11. Фонддун ишмердигинин негизги түрлөрү боюнча ички саясаттыаныктоо жана кабыл алуу; 10.3.12. Фонддун ички аудитинин кызматы жана Фонддун риск-менедже-ри жөнүндө жобону бекитүү; 10.3.13. Фонддун уюштуруу түзүмүн, Фонддун ишмердигинин саясатынбекитүү; 10.3.14. Фонддун аткаруучу органдарынын жана аткаруучу кызматадамдарынын ишмердигине текшерүү жүргүзүү; 10.3.15. Фонддун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрүн ачуу, алар-дын ишмердигин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу, Фонддун филиалдарыжана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитүү; 10.3.16. Фонддун башкармасынын жылдык отчетун (Фонддун балансын,кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчетту), Фонддун бюджетинин аткарылы-шы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле финансылык планды, Фонддун бюд-жетин жана алдыдагы жылга администрациялык сарптоолорду бекитүү; 10.3.17. финансылык жыл аяктаганга чейин алты айдан кечикпегенмөөнөттө тышкы (көз карандысыз) аудит жүргүзүү үчүн эл аралык чоњ ка-дыр-баркы бар аудитордук фирманы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин бекитүүсүнө сунуштоо; 10.3.18. тышкы аудитордун, ички аудит кызматынын жана риск-менед-жердин текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча натыйжаларды кароо жана чара-ларды керүү. 10.4. Фонддун Директорлор кењеши, ошондой эле Уставдын 10.3-пунк-тунда көрсөтүлбөгөн, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Ус-тав, башка ички нормативдик актылар менен анын компетенциясына киргенмаселелер боюнча чечим кабыл алат. 10.5. Фонддун Директорлор кењешинин компетенциясына гана киргенмаселелер Фонддун аткаруучу органдарынын кароосуна берилбеши мүмкүн. 10.6. Фонддун Директорлор кењеши Фонддун ишкер саясатын жүргүзүүмаксатында консультациялык кењеш, аудитордук комитет жана башка коми-теттерди түзө алат, алардын укуктук статусу өзүлөрүнүн Фонддун Дирек-торлор кењеши бекитүүчү жоболорунда аныкталат. 10.7. Фонддун Директорлор кењеши 7 мүчөдөн турат. 10.8. Фонддун Директорлор кењешин анын төрагасы башкарат, ал иштиуюштурат, Директорлор кењешинин заседаниелерин чакырат жана аларга тө-рагалык кылат, заседаниелерде протокол жүргүзүүнү уюштурат. 10.9. Фонддун Директорлор кењешинин төрагасы Кыргыз Республикасы-нын Президенти тарабынан ишке дайындалат жана бошотулат. Кызматы боюнчаДиректорлор кењешинин мүчөсү болуп саналуучу Фонддун башкармасынын тө-рагасынан тышкары Фонддун Директорлор кењешинин калган 5 мүчөсү КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасы-нын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат, мында Директорлоркењешинин мүчөлөрүнүн бири Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкү-лү болуп саналат. 10.10. Фонддун Директорлор кењешинин заседаниеси зарылдыгына жара-ша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Фонддун Директорлор кењеши-нин заседаниесинин өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуу үчүн кворум Ди-ректорлор кењешинин кеминде 5 мүчөсү катышканда укуктуу болуп саналат. Маселелерди чечүүдө Фонддун Директорлор кењешинин ар бир мүчөсүбирден добушка ээ болот. Директорлор кењешинин бир мүчөсү добушун экин-чи мүчөгө берүүгө жол берилбейт. 10.11. Фонддун Директорлор кењешинин заседаниеси Директорлоркењешинин төрагасы тарабынан жеке өзүнүн демилгеси боюнча же Директор-лор кењешинин ар кандай мүчөсүнүн башкармасынын ар кандай мүчөсүнүн,ички аудит кызматынын жетекчисинин, Фонддун риск-менеджеринин талабыбоюнча чакырылат. Директорлор кењешинин заседаниесине Директорлор кењешинин төрагасыжок болсо, заседаниеге катышуучу Директорлор кењешинин мүчөлөрү заседа-ние башталаар алдында төрагалык кылуучуну шайлайт, ал заседаниенин өтү-шүн жетектейт. 10.12.1. Директорлор кењешинин заседаниесин чакыруу жөнүндө талаптөмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - заседаниени чакыруу демилгечисин; - маселелерди коюу себептерин көрсөтүү менен сунушталган күн тар-тибин; - заседаниени өткөрүү формасын. 10.12.2. Фонддун Директорлор кењешинин төрагасы Фонддун Директор-лор кењешинин заседаниесин тийиштүү түрдө таризделген талап берилгенкүндөн тартып он жумушчу күнүнүн ичинде чакырууга милдеттүү. 10.12.3. Фонддун Директорлор кењешинин заседаниеси жөнүндө кабар-лоо Фонддун Директорлор кењешинин заседаниеси белгиленген датага чейинкеминде беш күн мурда телефон, телеграф, факсимилдик, электрондук жебашка байланыш аркылуу Директорлор кењешинин ар бир мүчөсүнө жиберилет. Билдирүү Фонддун Директорлор кењешинин заседаниеси өтүүчү күн жанаорду тууралуу кабарды жана заседаниенин күн тартибин камтууга тийиш. 10.12.4. Фонддун Директорлор кењешинин заседаниесинде чечим каты-шуучулардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп калган учурда төрагалык кылуучу берген добушчечүүчү болуп саналат. 10.13. Кабыл алынган чечимге макул болбогон Директорлор кењешининмүчөсү өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, бул андан Фонд-дун Директорлор кењеши кабыл алган чечим үчүн жоопкерчиликти алып са-лат. 10.14. Директорлор кењешинин чечими сырттан добуш берүү менен (су-рамжылоо аркылуу) кабыл алынышы мүмкүн. 10.14.1. Сурамжылоо аркылуу Фонддун Директорлор кењешинин заседа-ниесин өткөрүү жөнүндө чечим Фонддун Директорлор кењешинин төрагасы та-рабынан кабыл алынат. Бул чечим менен төмөнкүлөр бекитилүүгө тийиш: - күн тартибинин пункттарынын баяндамасы; - добуш берүү үчүн бюллетендин формасы (жазуу жүзүндөгү пикир); - Фонддун Директорлор кењешинин мүчөлөрүнө берилүүчү маалыматтынтизмеси; - добуш берүү (жазуу жүзүндө пикир) үчүн бюллетендерди кабыл алуу-нун дареги жана аяктоо датасы. 10.14.2. Добуш берүүдө катышкан деп - бюллетендерди кабыл алууаяктаган күнүнөн кечиктирбестен добуш берүү үчүн өзүнүн бюллетендеринтапшырган Директорлор кењешинин мүчөлөрү эсептелет. 10.15. Фонддун Директорлор кењешинин отурумунда протокол жүргүзү-лөт, ал акыркы формасында отурум өткөндөн кийин 3 күндөн кечиктирбестентүзүлүшү керек. 10.15.1. Отурумдун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - өткөрүлгөн орду жана убактысы; - отурумга катышкан адамдар; - отурум өткөрүү үчүн кворумдун болушу; - күн тартиби; - добушка коюлган маселелер жана алар боюнча добуш берүүнүн жыйын-тыктары; - кабыл алынган чечимдер. 10.15.2. Протоколго Директорлор кењешинин отурумга катышкан бардыкмүчөлөрү тарабынан кол коюлат. 10.15.3. Директорлор кењешинин мүчөлөрүнүн пикирин сурамжылоо жолуменен Фонддун директорлор кењешинин чечимин кабыл алууда, жазуу жүзүндөчагылдырылган жана өз колу менен коюлган пикирлер (же добуш берүү үчүнбюллетендер) протоколго тиркелет. 10.15.4. Фонддун директорлор кењешинин отурумунун протоколдоруФонддун Башкармасы жайгашкан жерге сакталат. Фонддун Ички аудит кызма-тынын мүчөлөрү, Фонддун риск-менеджери, Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүФонддун директорлор кењешинин отурумунун протоколдору менен таанышуугаукуктуу. 10.16. Директорлор кењешинин чечими эки күндүн ичинде Фонддун Баш-кармасынын мүчөлөрүнө билдирилет. 10.17. Зарыл болгон учурда Директорлор кењешинин кайсы болбосунотуруму Фонддун директорлор кењешинин мүчөлөрүнүн бардыгынын макулдугубоюнча кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. 10.18. Фонддун директорлор кењеши отурумга Директорлор кењешининотурумуна катышуу үчүн үчүнчү жакты чакырууга укуктуу. 10.19. Фонддун директорлор кењешинин башкармасы жана анын мүчөлөрүкызматтык милдеттерин аткарууда Фонд жөнүндө аларга белгилүү болуп кал-ган конфиденциалдуу маалыматты жайылтууга же жеке пайда көрүү максатын-да жана үчүнчү жактын кызыкчылыгына пайдаланууга тыюу салынат. 10.20. Фонддун директорлор кењешинин кењешчиси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. Фонддундиректорлор кењешинин кењешчисинин ыйгарым укуктары жана функцияларыФонддун директорлор кењеши тарабынан бекитилүүчү ички ченемдик укуктукактылары менен аныкталат. КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-октябрындагы № 577
токтомунун редакциясына ылайык) 11. Башкарма 11.1. Фонддун ишин жетектөө Фонддун аткаруучу коллегиялык органы -Фонддун башкармасы тарабынан жүргүзүлөт. 11.2. Фонддун Башкармасы 5 мүчөдөн турат. Башкарманын мүчөлөрүФонддо туруктуу негизде иштешет. Фонддун Башкармасынын курамына Башкар-манын төрагасы, анын эки орун басары жана Башкарманын мүчөлөрү кирет. 11.3. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү инвестициялоо чөйрөсүндө жо-горку репутациялуу жана профессионалдуу тажрыйбасы бар адамдар болушукерек. 11.4. Фонддун Башкармасынын төрагасы Директорлор кењешинин төрага-сынын сунушу боюнча Фонддун директорлор кењеши тарабынан кызматка дай-ындалат жана бошотулат. Фонддун Башкармасынын төрагасы бир эле учурдаФонддун директорлор кењешинин мүчөсү болуп эсептелет. 11.4.1 Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү Фонддун Башкармасынын төра-гасынын сунушу боюнча Фонддун директорлор кењеши тарабынан кызматкадайындалат жана бошотулат. 11.5. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү-дөй себептер боюнча токтотулат: - өзүнүн ыйгарым укуктарын тийиштүү эмес аткаруу же аткарбоо; - Фонддун Башкармасынын ишинде үч ай бою катышпоо; - өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүн эмес болгон учурда (респуб-ликанын чегинен сыртка узак мөөнөткө чыгуу, ооруу ж.б.); Фонддун директорлор кењеши Фонддун Башкармасынын мүчөлөрүнүн иш-мердигин токтотуунун башка себептерин белгилөөгө укуктуу. 11.6. Фонддун Башкармасынын компетенциясына төмөнкүдөй маселелертаандык кылынат: - Фонддун оперативдүү ишмердигин уюштуруу жана жүргүзүү; - Фонддун директорлор кењешинин чечиминин аткарылышын уюштуруу жа-на камсыздоо; - Директорлор кењешине Фонддун башкармасынын ишмердиги, финан-сы-чарбалык абалы, Фонддун саясатынын стратегиялык багыттарын ишке ашы-руу ж.б. жөнүндө ар айлык отчет даярдоо жана берүү; - Фонддун Башкармасынын Фонддун бюджетин аткаруу жөнүндө жылдыкотчет, Фонддун директорлор кењеши тарабынан бекитүү үчүн чыгашалар жанакирешелер жөнүндө отчет даярдоо жана берүү, ошондой эле Фонддун актив-дерин жана пассивдерин башкаруу маселелерин кароо, эсептерди уюштуруужана жүргүзүү, банктык операцияларды жүргүзүү, ички аудитти жана конт-ролду камсыздоо, Фонддун мүлкүн сактоо, ошондой эле Фонддун учурдагыишмердигинин башка маселелери; - филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле Фонддун башка тү-зүмдүк бөлүмчөлөрүнүн ишмердигине жалпы жетекчилик жүргүзүү менен бай-ланышкан маселелерди чечүү; - Уставдын 8.2.1-пунктуна ылайык түзүлгөн Фонддун резервине чеге-рүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо; - Фонддун штаттык санын бекитүү; - Фонддун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жана тартибинаныктоо; - ички ченемдик актыларды бекитүү (Фонддун директорлор кењешининкомпетенциясына таандык кылынган чечимдерден тышкары); - Фонддун директорлор кењеши тарабынан бекитүү үчүн берилүүчү Фон-ддун жылдык отчетун, балансын жана башка отчеттук документтерди алдынала кароо; - алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабылалууга карата Фонддун директорлор кењешине сунуш берүү; - Фонддун уставына ылайык Фонддун директорлор кењешинин компетен-циясына кирбөөчү Фонддун ишмердигинин башка маселелерин кароо. 11.7. Фонддун башкармасынын төрагасы Фонддун ишмердигинин маселе-лери боюнча оперативдүү жана аткаруу-тескөөчү чечимдерди кабыл алуу,Фонддун атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип-те келишимдерди (макулдашууларды) түзүү ыйгарын укуктарына ээ. 11.8. Фонддун башкармасынын төрагасы ишеним катсыз Фонддун атынанчыгат жана: - Фонддун ишмердигине оперативдүү жетектөө жүргүзөт; - финансылык жана тескөөчү документтерге биринчи кол коюуга укук-туу; - Фонддун таламдарын Кыргыз Республикасынын ичинде, ошондой элеанын чегинен сырттагы бардык эл аралык уюмдарында, мамлекеттик бийликоргандарында жана башкармалыктарында, Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкында жана Кыргыз Республикасынын башка мекемелеринде жана уюмдарын-да көрсөтөт; - Фонддун башкармасынын мүчөлүгүнө талапкерликти Фонддун директор-лор кењешинин тарабынан бекитүү үчүн берет; - кадрларды тандоо, даярдоо жана жайгаштырууну, жумушка кабылалууну жүргүзөт, Фонддун кызматкерлери менен эмгек келишимдерин түзөт(Башкарма мүчөлөрүнөн тышкары), кызматкерлерге сый акы төлөө чараларынколдонот жана аларга айып салат; - Башкарманын ишине жетекчилик жүргүзөт, анын отурумдарында төра-галык кылат; - Фонддун атынан ишеним кат берет; - ушул Устав, башка ички ченемдик актылар жана Кыргыз Республика-сынын мыйзамдары менен белгиленген алкакта Фонддун мүлкүн тескейт; - Фонддун бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүүприказдарды, буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет; - Фонддун уставы, башка ичик ченемдик актылар жана Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдары менен бекитилген функциялардан тышкары, Фонддунишмердигинин максатына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Устав-га башка ички ченемдик актыларга жетүү жана анын нормалдуу иштешин кам-сыздоо үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат; - кызматкерлерге сый акы төлөө өлчөмүн жана шартын аныктайт. 11.9. Фонддун башкармасынын төрагасы кызматтык иш сапарда, отпус-када болсо же башка олутту себептер боюнча жумушта жок болгон учурдаБашкарманын төрагасынын ыйгарым укуктары Фонддун башкармасынын төрага-сынын тиешелүү буйругунун негизинде анын орун басарына өтөт. 11.10. Фонддун башкармасы Фонддун директорлор кењешине факт келипчыккан учурдан тартып 5 күндүн ичинде маалыматты, ошондой эле төмөнкү-лөрдүн келип чыгуу себептерин жиберүүгө милдеттүү: - Фонддун активдеринин наркынын 10 проценттен ашык бир жолку кө-бөйүшү же азайышына алып келген фактылар; - Фонддун таза кирешесинин же таза чыгашаларынын 10 проценттенашык бир жолку көбөйүшүнө алып келген фактылар; - өлчөмү же мүлкүнүн наркы бүтүм түзүлгөн күнгө карата Фонддун ак-тивдеринен 10 же андан ашык проценттерди түзгөн бир жолку бүтүмдөрдүнфактылары. 11.11. Фонддун башкармасынын ишин уюштуруу: 11.11.1. Фонддун башкармасынын чечими Фонддун башкармасынын компе-тенциясына таандык маселелерди чечүүдө зарылчылык келип чыккандыгынажараша өткөрүлүүгө тийиш болгон Башкарманын отурумдарында кабыл алынат. 11.11.2. Башкарманын отурумдары Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнүнбиргелешкен катышуу формасында өтөт (анын ичинде конференц-байланыштыпайдалануу менен). 11.11.3. Фонддун башкармасынын отурумдары Башкарманын төрагасынындемилгеси же төмөнкүлөрдүн талабы боюнча чакырылат: - Фонддун башкармасынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн); - Ички аудит кызматынын же Фонддун риск-менеджеринин; - Фонддун директорлор кењешинин, ошондой эле Фонддун уставы мененаныкталган башка адамдарынын. 11.11.4. Башкарманын отурумдарын өткөрүү үчүн кворум Фонддун баш-кармасынын 4 мүчөсүнөн кем эмесин түзөт. 11.11.5. Башкарманын мүчөлөрүнүн саны аталган кворумду түзүүчү са-нынан кем болуп калган учурда Коомдун директорлор кењеши Башкарманынсандык курамын жана мүчөлөрдү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алууга мил-деттүү. 11.11.6. Фонддун башкармасы чечим кабыл алууда Башкарманын отурум-га катышкан мүчөлөрү добуш берүү жолу менен күн тартибинин маселелерибоюнча өзүнүн пикирин билдирет. 11.11.7. Фонддун башкармасынын отурумундагы чечимдер Башкарманынмүчөлөрүнүн үчтөн кем эмес добушу менен отурумга катышуучулардын көпчү-лүк добушу менен кабыл алынат. 11.11.8. Фонддун башкармасынын отурумунда чечим кабыл алууда Баш-карманын ар бир мүчөсү бир добуш берүүгө укуктуу. 11.11.9. Фонддун башкармасынын мүчөлөрүнө добуш берүү укугун башкаадамга, анын ичинде Башкарманын башка мүчөсүнө өткөрүп берүүгө жол бе-рилбейт. 11.11.10. Добуштар тењ болуп калган учурда төрагалык кылуучунундобушу чечүүчү болуп эсептелет. 11.11.11. Фонддун башкармасынын отурумунда протокол жүргүзүлөт. 11.11.12. Фонддун башкармасынын отурумунун протоколу ал өткөнкүндөн кийин 3 күндөн кечиктирбестен түзүлөт. 11.11.13. Отурумдун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - өткөрүлгөн орду жана убактысы; - отурумга катышкан адамдар; - отурум өткөрүү үчүн кворумдун болушу; - күн тартиби; - добушка коюлган маселелер жана алар боюнча добуш берүүнүн жыйын-тыктары; - кабыл алынган чечимдер. 11.11.14. Протоколго Директорлор кењешинин отурумга катышкан бар-дык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. 11.11.15. Фонд Фонддун башкармасынын отурумдарынын протоколунФонддун жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздаррыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бел-гиленген тартипте жана мөөнөттөрдө сактоого милдеттүү. 11.11.16. Фонд Фонддун директорлор кењешинин мүчөлөрүнө, ички ау-дит кызматына, Риск-менеджерге Фонддун отурумдарынын протоколуна эркинжетүүсүн камсыз кылышы керек. 11.12. Башкарманын төрагасы жана Фонддун башкарма мүчөлөрү Фонджөнүндө конфиденциалдуу жана ички маалыматты жайылтууга же жеке пайдакөрүү максатында жана үчүнчү жактын кызыкчылыгына пайдаланууга тыюу са-лынат. 11.13. Башкарма мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Уставдын жоболорун жана Фон-ддун башка ички документтерин, ошондой эле Фонддун аны менен түзүлгөнкелишимди сактоого; - Фонддун директорлор кењешинин компетенциясынын чектеринде берил-ген чечимдерди аткарууга; - Директорлор кењешинин талабы боюнча, бирок кварталына бир жолу-дан кем эмес Фонддун директорлор кењешинин кароосуна Фонддун башкарма-лыгынын ишмердигинин планын берүүгө жана аталган пландарды аткаруу Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Фонддун директорлор кењешинин ал-дында отчет берүүгө; - Фонддун ички документтери менен жүктөлгөн башка милдеттерди са-паттуу аткарууга; - Башкарманын отурумдарына туруктуу катышууга (Фонддун директорлоркењеши олуттуу себептерсиз Башкарманын отурумдарына катышпаган Башкар-манын мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда кайра чакырып алууга укуктуу); - Фонддун финансы-чарбалык ишмердигине таасир бере турган аларгабелгилүү болгон фактылар жөнүндө Фондду маалымдоого. 11.14. Фонддун башкармасынын жоопкерчилиги: 11.14.1. Башкарма Фонддун максаттарын, стратегиясын жана саясатынаткарууга жооптуу болот. 11.14.2. Фонддун башкармасынын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарбаганыже тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн, ошондой эле алардын жазыктуу иште-ринен (аракетсиздигинен) Фондго келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык жооп тартышат. 11.14.3. Фондду зыянга учураткан чечимге каршы добуш беришкен жедобуш берүүгө катышпаган Фонддун мүчөлөрү Фондго келтирилген зыян үчүнжоопкерчиликке тартылышпайт. Эгер жоопту бир нече адам тартса, алардынФонддун алдындагы жоопкерчилиги чогуу болот. 11.14.4. Башкарма Фонддогу бухгалтердик иштин уюштурулушу, абалыжана тууралыгы, ар жылдык отчеттун жана башка финансылык отчеттордун,ошондой эле Фонддун иши жөнүндө үчүнчү жактарга маалыматтардын тийиштүүоргандарга өз убагында берилиши үчүн жоопкерчиликте болот. 11.14.5. Фонддун Башкармасы чечимдерди кабыл алууда опурталдардыжана Фонддун ишинин узак мөөнөттөгү жана кыска мөөнөттөгү жагдайларындамүмкүн болуучу натыйжаларын кылдат эске алууга милдеттүү. 11.14.6. Фонддун Башкармасы кыйла негиздүү чечим кабыл алуу үчүнзарыл маалыматты алуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын,Уставдын жана Фонддун башка ички документтеринин чегинде таза, максат-туу жана ылайыктуу аракеттенүү менен бардык керектүү чараларды көрүүгөтийиш. 11.14.7. Фонддун Директорлор кењеши зыяндын келишине күнөөлүү Баш-карма мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга жана Фонддун алдындагымилдеттенмелерин бузганы үчүн жоопко тартууга чара көрөт. 11.14.8. Фонддун Башкармасынын мүчөлөрү Фонддун кызыкчылыгындааракеттенүүгө милдеттүү. Фонддун Башкармасынын мүчөсү Фонддун иш чөйрө-сүндө ачылган мүмкүнчүлүктөрүн жеке кызыкчылыгына пайдаланбашы керек. 11.14.9. Эгер Фонддун Башкармасынын мүчөсү Фонд түзүүчү бүтүмдөфинансылык же башка кызыкчылыгы болсо, анда төмөнкүлөргө милдеттүү: а) ал жөнүндө Фонддун Башкармасына жана Фонддун Директорлор кење-шине өз убагында жазуу жүзүндө билдирүүгө; б) бүтүм түзүү үчүн Фонддун Директорлор кењешинин жана Башкармасы-нын кызыкдар эмес мүчөлөрүнөн жазуу жүзүндө уруксат алууга; в) ал маселе боюнча добуш бербөөгө. 11.14.10. Фонддун Башкармасынын мүчөсүнүн бүтүм түзүүгө кызыкчылы-гы деп финансылык же башка бүтүмдө бир тарабы Фонд, ал эми экинчи тарапБашкарманын мүчөсү же Башкарманын мүчөсү түз же кыйыр кызыкчылыгы барүчүнчү тарап болоору түшүнүлөт. 11.14.11. Башкарманын мүчөсүнүн финансылык кызыкчылыгы төмөнкүлөр-дү билдирет жана алар менен эле чектелбейт: - ал Фондго товарларды негизги берүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүү-чүлөрдүн менчик ээси же кредитору болгон же алар менен эмгектик мамиле-де болгон, же Фонд чыгаруучу товарлардын негизги сатып алуучусу же көр-сөтүүчү кызматтардын кардары болгон учурлар; - толугу менен же айрым бөлүгү Фонддун мүлкүнөн түзүлгөн жеке жеюридикалык жактын менчик ээси же кредитору болгон же анын менен эмгек-тик мамилеси болгон же Фонддун мүлкүн башкаруудан киреше алууга укуктууболгон учурлар. 12. Фонддун ички аудит кызматы 12.1. Ички аудит кызматынын ишинин максаты жана милдеттери. 12.1.1. Ички аудит кызматынын ишинин максаты - бул Фонддо ичкиконтроль системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой элеФонддун аткаруучу кызмат адамдарына тапшырылган милдеттердин бекитилгенкызматтык нускамаларга ылайык аткарылышынын сапатын, мыйзамдардын сак-талышын жана эсеп жүргүзүүнүн адекваттуулугун жана башка маселелерди эларалык стандарттарга ылайык текшерүү жана баалоо. 12.1.2. Ички аудит кызматынын негизги милдеттери төмөнкүлөрдү кам-сыздоодо турат, алар: - Фонддун мыйзамдардын талаптарын жана Фонддун нормативдик актыла-рын аткарылышы; - Фонддун кызыкчылыгына тиешелүү бардык чечимдерди кабыл алуудабелгиленген жол-жоболордун жана ыйгарым укуктардын документтерде анык-талышы жана сакталышы; - Директорлор кењешине Фонддун ишиндеги аныкталган кемчиликтердижана чекиликтерди жоюуга багытталган өз учурундагы жана натыйжалуу ча-раларды көрүү зарылдыгы жөнүндө сунуштардын киргизилиши; - өз ишинде тобокелдерди натыйжалуу башкаруу боюнча талаптардынаткарылышы; - Фонддун активдеринин сакталышы; - эсепте фонддун операцияларынын туура чагылдырылышы; - Фонддун иши жана ага байланыштуу тобокелдер жөнүндө туура маалы-мат алууга мүмкүндүк берүүчү отчеттун тийиштүү абалы; - тышкы аудиторлор, мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө орган-дары менен натыйжалуу өз ара байланышта болуу. 12.2. Фонддун ички аудит кызматынын функциялары: 12.2.1. Ички контроль кызматын уюштуруу боюнча рекомендациялардыэске алуу менен Фондго жана анын филиалдарына ички аудит жүргүзүү мененкошо уюштуруу структурасын, уюштуруу регламенттерин, методикалык мате-риалдарды иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте бекитүү. 12.2.2. Директорлор кењеши бекиткен текшерүүлөр графигине ылайыкфилиалдарда текшерүү жүргүзүү жолу менен Фонддун филиалдарынын иштеринконтролдоо. 12.2.3. Тобокелдерди баалоо методологиясынын жана тобокелдердибашкаруу жол-жоболорунун колдонулушун жана натыйжалуулугун контролдоо. 12.2.4. Ички контроль процесстеринин жана жол-жоболорунун, систе-масынын натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү. 12.2.5. Фонддун маалымат системасынын абалын контролдоо менен кошомаалыматтык базалардын бүтүндүгүн жана уруксатсыз кирүүдөн же пайдала-нуудан корголушун, болжолдонбогон кырдаалдар болчу учурларга карата ча-ра көрүү пландары болушун контролдоо. 12.2.6. Бухгалтердик эсептин жана отчеттун тууралыгын, толуктугунжана өз убагында болушун контролдоо. 12.2.7. Мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдарына башка маалымат-тардын нормативдик укуктук актыларга ылайык туура, толук, объективдүүжана өз убагында берилишин контролдоо. 12.2.8. Ички контроль системасынын натыйжалуулугуна баалоо жүргү-зүү. 12.2.9. Фонддун ички документтеринин Кыргыз Республикасынын норма-тивдик укуктук актыларына шайкештигин контролдоо. 12.2.10. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын тийиштүү жыйын-тыктоочу документтер менен тариздөө (текшерүү актысы, корутунду, баян-дама кат же башкалар). 12.2.11. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын Фонддун Директорлор кењешинежана тийиштүү подразделениелерге чекиликтерди жана кемчиликтерди жоюу,ошондой эле конкреттүү кызматкерлердин иштерин анализдөө максаты үчүнберүү. 12.2.12. Фонддун подразделениелеринин (филиалдарынын) иштериндетекшерүү жүргүзүү учурунда аныкталган чекиликтерди жана кемчиликтердижоюу боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу. 12.2.13. Фонддо ички контролдун абалы жөнүндө жылдык отчетту даяр-доо. 12.3. Фонддун ички аудит кызматы өз ишин Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына, Фонддун Уставына жана Ички аудит кызматы жөнүндө жобогоылайык жүргүзөт. 12.4. Ички аудит кызматы төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ. 12.4.1. Текшерилчү подразделениенин жетекчилеринен жана алар ыйга-рым укук берген кызматкерлеринен текшерүү жүргүзүү үчүн керектүү доку-менттерди алууга, анын ичинде: - Фонддун жана анын подразделениелеринин жетекчилиги чыгарган при-каздарды жана башка тескөөчү документтерди; - бухгалтердик, эсептик-отчеттук документтерди жана акча-эсеп бо-юнча документтерди; - Фонддун текшерилчү подразделениесинин ишин компьютердик камсыз-доого байланыштуу документтерди. 12.4.2. Зарыл болсо ички аудиттин маселелерин чечүү үчүн Фонддунбашка структуралык подразделениелеринин кызматкерлерин ишке тартууга. 12.4.3. Текшерилчү подразделениенин жайына, ошондой эле документ-терди сактоочу жайларга (архивдерге), акча жана баалуулуктарды сактоочужайга (акча сактагычтарга), маалыматтардын компьютердик иштетүүчү (ком-пьютердик залга) жана машиналык сактагычтардагы маалыматтарды сактоочужайларга кирүүгө. 12.4.4. Алынган документтердин копияларын, анын ичинде файлдардынкопияларын, локалдуу эсептөөчү тармактарда жана автономдуу компьютердиксистемаларда сакталып турган ар кандай жазуулардын копияларын текшерил-чү подразделениенин катышуусу менен алууга. 12.5. Ички аудит кызматы төмөнкүлөргө милдеттүү: - Фонддун подразделениелерин жана айрым кызматкерлерин алардын иш-тери мыйзамдын, нормативдик актылардын талаптарына жана кесиптик иштинстандарттарына, Фонддун ишин жана саясатын аныктачу ички документтерге,кызматтык нускамаларга ылайыктыгын такай текшерүү жолу менен туруктууконтроль жүргүзүүгө; - текшерүүнүн ар бир фактысын толук документтештирүүнү камсыздоогожана текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен текшерүү учурунда изилденген бардыкмаселелерди, аныкталган кемчиликтерди жана чекиликтерди, аларды жоюубоюнча рекомендацияларды чагылдыруучу корутунду тариздөөгө; - жол берилген чекиликтерди жоюу боюнча рекомендациялардын жанакөрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдоого; - тийиштүү подразделениелерден алынган документтердин сакталышынжана кайра берилишин камсыздоого; - текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Фонддун жана Фонддун тийиштүүподразделениелеринин жетекчилигине чекиликтерди жоюу боюнча чара көрүүүчүн, ошондой эле Фонддун конкреттүү кызматкерлеринин иштерин анализдөөмаксаты үчүн корутунду берүүгө; - Фонддун жетекчилигине төмөнкүдөй маалыматтарды берүүгө: - Фонддун кызматкерлери мыйзамды, нормативдик документтерди, ичкидокументтерди бузушкан бардык аныкталган учурлар жөнүндө; - Фонддун текшерилчү подразделениелеринин жетекчилери жол берилгенчекиликтерди жоюу боюнча көрүшкөн чаралар жана алардын жыйынтыктарыжөнүндө; - ички аудит кызматынын иштешине байланыштуу Фонд белгилегенжол-жоболор бузулган бардык учурлар жөнүндө; - кызматтык мүнөздөгү маалыматтардын жашырындыгын камсыздоого. 12.5.1. Ички аудит кызматынын жетекчиси ички аудит кызматынын мил-детине кирген маселелер боюнча маалымат берилбеген же өз убагында маа-лымдалбаган учурларда жеке жоопкерчилик тартат. 12.6. Фонддун подразделениелеринин кызматкерлери ички аудит кызма-тынын кызматкерлерине алар өз функцияларын аткарышына төмөнкүдөй жардамкөрсөтүүгө тийиш: - текшерүүчүлөрдүн талабы боюнча бардык керектүү маалыматтарды,түшүндүрмөлөрдү, документтерди, нускамаларды берүү; - маалымкаттарды жана документтердин копияларын Фонддун текшерилчүподразделениесинин кызмат адамынын колу менен ырастоо; - зарыл болсо берилген документтердин копияларын чыгарууга же Фон-ддун ички аудит кызматынын кызматкерлерине копияларды өз алдынча чыга-рып алууга мүмкүндүк берүү. 12.7. Фонддун операцияларын жүргүзүүнүн мыйзамдуулугу жана эрежесибузулганы жөнүндө, ошондой эле Фондго зыян келтирилген фактылар белги-лүү болгон Фонддун кызматкерлери ал фактыларды өзүнүн тике жетекчисинежана Фонддун ички аудит кызматына билдирүүгө милдеттүү. 12.8. Фонддун ички аудит кызматы өзүнүн иши жөнүндө Фонддун Дирек-торлор кењешине айына бир жолудан кем эмес, төмөнкүдөй түрдө отчет бе-рет: - Фонддун ички аудит кызматынын Фонддун Директорлор кењешинин ре-комендацияларын аткаруу жана аныкталган чекиликтерди жоюу боюнча көрүл-гөн чаралар жөнүндө маалымат берүүсү; - жылдык отчет менен кошо Фонддогу ички контролдун абалы жөнүндөотчет берүүсү. 13. Тобокелдин менеджери 13.1. Тобокелдин менеджерин Фонддун Директорлор кењеши дайындайт.Директорлор кењеши тобокелдин менеджеринин укуктарын, милдеттерин жанаанын Фонддун Башкармасы менен өз ара байланышта иштешүүсүнүн тартибинаныктайт. 13.2. Тобокелдин менеджери Фонддун тобокелдерди башкаруу боюнча аркүндүк иши үчүн жооптуу болот. 13.3. Тобокелдин менеджери ай сайын кеминде бир жолу Фонддун Ди-ректорлор кењешине отчет берет. Утурумдук иштерди жүргүзүүдө жана че-чимдерди тез кабыл алуу үчүн тобокелдин менеджери Фонддун Башкармасынынтобокелдерди башкаруу үчүн жооптуу мүчөсү менен тыгыз кызматташуугатийиш. 13.4. Тобокелдин менеджеринин ишин Фонддун ички аудит кызматы тек-шерүүгө тийиш. 13.5. Фонддун Башкармасы тобокелдин менеджери Фонддун башка под-разделениелеринен кез карандысыз болушун камсыздоо жана анын ишине кө-мөк көрсөтүлүшү үчүн жооптуу болот. 13.6. Тобокелдин менеджери өзүнүн ишин Фонддун башка подразделени-елерине көз карандысыз жүргүзөт. Тобокелдин менеджери тобокелдерди баш-каруудан тышкары иштин башка түрлөрү үчүн жооп бербейт. 13.7. Тобокелдин менеджеринин Директорлор кењеши аныктаган милдет-терине төмөнкүлөр кирүүгө тийиш: - тобокелдерди башкаруу максатында Фонддун башка подразделениеле-ринен алуу зарыл болгон негизги маалыматтарды аныктоо; - болгон маалыматтарды чогултуу, аларды талдоо жана тобокелдинчөйрөсүн аныктоо; - Фонддун Директорлор кењешине жана Башкармасына тобокел боюнчапозициялар жана анын тенденциялары жөнүндө маалымдоо жана аныкталгантобокелдерди контролдоо жана азайтуу чаралары жөнүндө рекомендациялардыберүү; - тобокелдерди башкаруу боюнча ички саясатты иштеп чыгуу; - тобокелдерди башкаруу системасындагы кийинки өнүгүү - тенденциялары жөнүндө маалыматтуу болуу жана Фонддун жетекчили-гине жана кызматкерлерине тобокелдерди башкаруунун учурдагы саясаты жө-нүндө маалымдоо; - Фонддун Директорлор кењешинин жана Башкармасынын талабы боюнчабардык ар кандай конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу. 14. Фонддун бюджети, эсеби, отчеттуулугу жана тышкы (көз карандысыз) аудити 14.1. Фонддун финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрды кошокамтуу менен белгиленет. 14.2. Фонддун Башкармасы ар жыл сайын Фонддун бюджетинин аткарылы-шы, Фонддун балансы, кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчет даярдайт.Фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту Фонддун Директорлор кење-ши бекитет. 14.3. Фонд бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө жана финансылык отчет бе-рүүгө милдеттүү, анын мүнөзү, көлөмү, формаларынын тизмеси жана берүү-нүн тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нормативдик актыла-ры менен белгиленет. 14.4. Бухгалтердик эсептин жана башка отчеттордун уюштурулушу,абалы, тууралыгы, ар жылдык отчеттун жана башка финансылык отчеттун,ошондой эле Фонддун иши жөнүндө маалыматтардын тийиштүү органдарга, ак-ционерлерге, кредиторлорго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына өз уба-гында берилиши үчүн Фонддун Башкармасы жооптуу болот. 14.5. Фонддогу, анын филиалдарындагы жана өкүлчүлүктөрүндөгү эсепсаясатын, документтердин жүгүртүлүшүн уюштуруу Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык Фонддун Башкармасы тарабынан аныкталат. 14.6. Фонд төмөнкүдөй отчетторду берет: - эгер андай бар болсо, бюджеттин аткарылышы боюнча ыйгарым укук-туу органга республикалык бюджеттин каражаттарынын сарпталышы жөнүндөквартал сайын; - Фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет, Фонддун Директорлоркењеши бекиткенден кийин Фонддун аудитордук текшерүүдөн өткөн финансы-лык отчетун, ошондой эле Фонддун иши жөнүндө Фонддун Директорлор кењешианыктоочу башка отчетторду - отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрели-нен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешине. 14.7. Фонддун администрациялык сарптоолорунун ар жылдык бюджетинБашкарма түзөт жана финансылык планга киргизилет, бирок Фонддун акыркыотчеттук датага карата активдеринин наркынын 2 процентинен ашык болушумүмкүн эмес. Фонддун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин эмгек акысыштаттык расписаниеге ылайык, кредиттик-финансылык мекемелердеги тийиш-түү кызмат орундун орточо эмгек акысынын өлчөмүнө жараша аныкталат.Фонддун администрациялык сарптоолорунун бюджетинин ар жылдык долбоорунФонддун башкармасы даярдайт жана Фонддун Директорлор кењеши бекитет. 14.8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Фонддун жылдык финан-сылык отчетун отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-июлуна чейин карайт. 14.9. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүүтүрдө жарыяланууга тийиш болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо кара-жаттарына жарыялоого милдеттүү. 14.10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Фонддун финансылыкжылы аяктагандан кийин алты айдан кечиктирбестен Фондго аудит жүргүзүүжөнүндө чечим чыгарат жана Фонддун Директорлор кењешинин сунушу боюнчаэл аралык кадыр-баркы жакшы аудитордук фирманы аныктайт. 14.11. Аудитордук фирма менен Фонддун финансылык жылдын жыйынтыгыбоюнча иштерине аудит жүргүзүү жөнүндө келишимди Фонддун атынан ФонддунДиректорлор кењешинин ыйгарым укуктуу мүчөсү түзөт. 14.12. Фонд аудитордук фирма менен түзүлгөн келишимге ылайык от-четту жана эл аралык аудитордук практикага ылайык аудитордук текшерүүжүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды берет. 14.13. Аудитордук фирманын Фондго аудит жүргүзүү боюнча кызматынаакы Фонддун өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт. 15. Фондду өзгөртүп уюштуруу жана жоюу 15.1. Фондду өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 16. Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби 16.1. Фонддун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн чечими боюнча ишке ашырылат. 16.2. Эгер Уставдын жоболорунун бири жараксыз болуп калса, анда алкалган жоболорго тиешеси болбойт. 16.3. Жараксыз жоболор мыйзамдык жактан жол берилчү же алмаштырыл-чуга мааниси жагынан жакын жоболорго ушул Уставда белгиленген тартиптеалмаштырылат.