Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 28-августу № 482 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына ылайык, Кант шаар башкармасынын натыйжалуу иштеши үчүн шарттардытүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Объекттерди муниципалдык мен-чикке өткөрүп берүү жөнүндө" 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуушул токтомдун тиркемесине ылайык № 1-1 тиркеме менен толукталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети тиркемеде аталган обьекттерди белгиленген тартиптерайондук маанидеги Кант шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу-өт-көрүүнү жүргүзсүн. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 482 токтомуна тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна № 1-1 тиркеме Райондук маанидеги Кант шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлчү объекттердин ТИЗМЕСИ -----------------------------------------------------------------------| Объекттердин аталышы | Саны, өлчөө бирдиги | Баланстык наркы || | | (мињ сом) ||-------------------------|----------------------|--------------------||"Алый Парус" маданият үйү| 1 | 68634,0 ||-------------------------|----------------------|--------------------||"Затейник" балдар борбору| 1 | 414048,45 ||-------------------------|----------------------|--------------------||Кант шаарынын 2-кичи | 1 | 490048,45 ||районундагы № 1 жатакана | | ||-------------------------|----------------------|--------------------||"Тюльпан" пионер лагери | 1 | - |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов