ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы №508» Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника менен камсыздоо жөнүндө»токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-сентябры N 508                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                  Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника                        менен камсыздоо жөнүндө      Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникасы менен камсыз кы-луу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:     Кытай Эл  Республикасынын "ҮТО" корпорациясынан тракторлордун жанаайыл чарба  техникаларынын комплекттөөчү тетиктеринин партиясын бир бу-лактан сатып алуу ыкмасында ишке ашырууга жана Чүй облусунун Кара-Балташаарындагы өндүрүштүк комплекстин базасында чогултууну уюштурууга КытайЭл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын утурлама фондунун каражаттарынан"Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына 74,0 млн. сом бөлсүн;     - 74,0  млн. сом суммасында кредит берүүгө "Кыргызресурстары" мам-лекеттик ишканасы  белгиленген тартипте карыздык милдеттенмени таризде-син;     - Кара-Балта  шаарындагы заводдо чогултулган тракторлор жана соко-лордун 111 бирдик санындагы айыл чарба техникасын өткөрүп берүү аркылуукайтарып берүү мөөнөтүн 2009-жылдын 1-мартыначейин белгилесин.

           (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги N 233 токтомунун                             редакциясына ылайык)     2. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы:

     - Кытай  Эл  Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын утурлама фондунан

74,0 млн. сом суммасындагы кайтарылып берилүүчү каражатты 111 бирдикте-

ги тракторлорду  жана  соколорду кийинки чогултууну уюштуруу үчүн кытай

айыл чарба  техникаларынын комплекттөөчү бөлүктөрүн сатып алууга жумша-

сын;

     - Кара-Балта  шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунда "ҮТО-704" марка-

сындагы тракторлорду   жана   соколорду   чогултуу өндүрүшүнүн техника-

лык-экономикалык негиздемесин белгиленген тартипте бекитсин жана Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлигине берсин;

     - Кыргыз  Республикасынын  Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги менен бирдикте Кара-Балта шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" за-

водунда чогултуу  пландаштырган тракторлорго жана айыл чарба техникала-

рына суроо-талапты изилдесин жана кредиттик күрөөлүк документтерди кий-

инки тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эконо-

миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна берсин;

     - Кара-Балта  шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунда "ҮТО-704" марка-

сындагы тракторлорду  (111 бирдик) жана соколорду 2009-жылдын 1-мартына

чейинки мөөнөттө чыгарууну камсыз кылсын;

     - кийинки  жылдарда  тракторлорду жана айыл чарба техникаларын чо-

гултуу боюнча  Кара-Балта шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунун үзгүлтүк-

сүз иштешин камсыз кылсын.

              (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги N 233                     токтомунун редакциясына ылайык)

 

     3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:

     - Кытай  Эл  Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын утурлама фондунун

акча каражаттарына  сатып  алынган товарларды кийин "бажы кампасы" бажы

режиминде кайра  иштетүү продуктуларын жайгаштыруу менен "Кыргызресурс-

тары" мамлекеттик ишканасы тарабынан товарларды "бажы контролунда кайра

иштетүү" бажы режимине жайгаштырууну белгиленген тартипте ишке ашырышын

карасын;

     - Кара-Балта шаарындагы өндүрүштүк комплекстин базасында бажы кам-

пасынын ээси катары иш-аракет жүргүзүүгө "Кыргызресурстары" мамлекеттик

ишканасына лицензия  берүү  жөнүндө маселени белгиленген тартипте кара-

сын;

     - шарттуу эсептелген бажылык төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмени

айылдык товар  өндүрүүчүлөргө көрсөтүлгөн айыл чарба техникалары берил-

ген учурдан тартып токтотулду деп эсептесин.

     4. Облустардын  мамлекеттик администрация башчылары Кыргыз Респуб-

ликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен

бирдикте:

     - "Айылдык  товар  өндүрүүчүлөргө  мамлекеттик  кредиттерди товар-

дык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө

жобону бекитүү  тууралуу"  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын

14-апрелиндеги №  147 токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчү-

лөргө мамлекеттик  кредиттерди  товардык-материалдык  ресурстар түрүндө

бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык айыл чарба техника-

ларын бөлүштүрүүнү жүргүзүшсүн;

     - кредиттик-күрөөлүк  документтерди өз учурунда тариздөө үчүн Кыр-

гыз Республикасынын  Финансы  министрлигинин  Экономиканы  өнүктүрүүнүн

мамлекеттик фондуна  товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик

комиссиялардын протоколдук чечимин беришсин.

     5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүк-

түрүүнүн мамлекеттик  фонду айыл чарба техникаларын алуучулар менен тө-

мөнкүдөй шарттарда кредиттик-күрөөлүк келишимдерди белгиленген тартипте

түзсүн:

     - заемдук  каражаттарды  пайдалануу  үчүн проценттерди албастан 10

жылдын ичинде кредитти кайтарып берүү;

     - айыл  чарба  техникаларынын  баасын  эске алуу менен кеминде 130

процент өлчөмүндө ликвиддүү күрөө менен камсыз кылуу.

     6. "Кыргызресурстары"  мамлекеттик  ишканасына бажы жана салык тө-

лөмдөрү, айыл  чарба техникаларын кабыл алуу, сактоо, чогултууну уюшту-

руу жана алуучуларга берүү боюнча чыгымдарды жана башка ички чыгымдарды

жабуу үчүн  айыл чарба техникаларынын комплекттөөчү запастык бөлүктөрү-

нүн наркына  карата  2009-жылдын 1-мартына 15 процент  өлчөмүндө  үстөк колдонууга уруксат берилсин.

     Айыл чарба техникаларын берүү кредит алуучуларда кредиттик, күрөө-

лүк келишимдери жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эко-

номиканы өнүктүрүүнүн  мамлекеттик  фондунун тиешелүү коштомо каты бол-

гондо гана жүргүзүлсүн.

   (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги N 233 токтомунун             редакциясына ылайык)

 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын  агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов