Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-августу № 153
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ишке ашыруу процессин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ишке ашыруу жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо.
2. Тиешелүү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишине ар тараптуу жардам көрсөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Аравия Королдугуна зыяратка баруусун уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жүктөлгөндүгүн Сауд Аравия Королдугунун компетенттүү органдарына маалымдасын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 521 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 584 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге ажыга барышын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 521 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 153 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ишке ашыруу жөнүндө ушул жобо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу процессин тартипке салуу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Сауд Аравия Королдугунун Ажы иштери боюнча министрлигинин ортосунда түзүлүүчү тиешелүү Макулдашуунун негизинде Сауд Аравия Королдугу Кыргыз Республикасы үчүн жыл сайын бөлүп берүүчү квота боюнча Меккеге баруучу зыяратчылардын топторун түзүүнүн укуктук шарттарын аныктайт.
2. Жобонун максаттары төмөнкүдөй:
- Меккеге зыяратка барууну (ажы, умра) уюштуруу жана жүзөгө ашыруу процессин тартипке келтирүү;
- зыярат кылуучулардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, бара жаткан жолдо аларды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана зыяратты жүзөгө ашыруу жерлеринде жүргөндө зыярат кылуучуларга татыктуу шарттарды камсыз кылуу.
3. Жобонун талаптарын аткаруу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы жана Кыргызстандын Мусулмандарынын дин башкармалыгы (макулдашуу боюнча) тарабынан камсыз кылынат.
4. Зыяратты (ажы, умра) уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Сауд Аравия Королдугунун Ажы иштери боюнча министрлигинин ортосунда жыл сайын кол коюлуучу Зыяратты уюштуруу жана ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу жана ушул Жобо менен жөнгө салынат.
5. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусунун (ажы, умра) процессин уюштуруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жүктөлөт.
6. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун даярдоо жана ишке ашыруу боюнча уюштуруу иштери Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар башка мамлекеттик органдарынын, уюмдарынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Зыяратка барууну уюштуруу жана ишке ашыруу маселелерин өз убагында чечүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын чечимдери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Зыяратты уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча бардык материалдар милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
8. Зыяратчылардын топторун түзүүнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасы облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын казыяттары аркылуу Комиссия аныктаган тартипте жүргүзөт.
9. Зыяратчылардын топторунун жетекчилерин (ажы башы), квоталарды бөлүштүрүүнү, зыяратчылардын топторунун сандык курамын Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сунушу боюнча, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасынын сунуштарын эске алуу менен Ведомстволор аралык комиссия бекитет.
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук берилбеген жарандары жана уюмдары тарабынан зыяратчылардын топторун өз алдынча түзүүгө жол берилбейт.
Облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын казыяттары зыяратчылардын топторун түзүү аяктаганда жана документтери таризделгенден кийин зыяратчылардын ар бир барагы күбөлөндүрүлгөн тизмелерин Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына беришет. Зыяратчылардын тизмелеринде төмөнкүдөй маалыматтар аталат: аты-жөнү, туулган жылы жана жери, туруктуу жашаган жери, паспорттук маалыматтары, иштеген жери жана кызматы.
10. Кыргыз Республикасынын ажылыкка баруучу бардык жарандарында (зыяратчыларында) Кыргыз Республикасынын чет өлкөгө чыгуучу паспорту болушу керек.
11. Кыргыз Республикасына бөлүнгөн квоталардын эсебинен чет элдик жарандардын же жарандыгы жок адамдардын зыяратка баруусуна жол берилбейт.
12. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылыкка баруунун жөрөлгөлөрүнө зыяратчыларды окутуу боюнча атайын курстарды казыяттардын базасында уюштурат.
13. Зыяратчылар Сауд Аравия Королдугунун Ажылык иштери боюнча министрлигинин талаптарына ылайык медициналык кароодон жана вакциналоодон милдеттүү түрдө өтүшөт.
Зыяратчыларда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мекемеси берген эмдөөлөр жөнүндө эл аралык үлгүдөгү маалымкаттары болууга тийиш.
Жыл сайын Сауд Аравия Королдугунун компетенттүү органдары аныктоочу эмдөөлөрдүн тизмесин Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы зыяратты уюштуруучуларга кабарлайт.
14. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги зыяратка баруучу адамдарды медициналык кароо жана вакциналоо боюнча иштерди уюштурат.
15. Зыяратчыларды Сауд Аравия Королдугунун кирүү ажы-визалары менен камсыздоо боюнча уюштуруу иштерин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравия Королдугунун консулдук кызматкерлеринин Кыргыз Республикасына келишин камсыз кылат.
16. Зыяратчылардын Сауд Аравия Королдугуна кирүүсү үчүн документтерди даярдоону Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын казыяттары берген тизмелер боюнча жүргүзүшөт.
17. Зыяратты уюштурууга тартылган авиакомпаниялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жана чет өлкөлүк аба ташуучулары арасында конкурстук тандоону өткөрүү жолу менен аныкталат.
Меккеге зыяратка (ажы, умра) баруучуларды ташуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- Сауд Аравия Королдугунун авиациялык бийликтеринен бардык зарыл уруксаттарды алган же Меккеге (ажылыкка, умрага) учууларды жүргүзүү үчүн макулдук алган, Сауд Аравия Королдугунун эрежелерине жооп берген аба кемелерин пайдаланган авиаташуучулар (мындан ары - авиаташуучулар) тарабынан;
- ташуу үчүн тиешелүү келишимдин негизинде, бул келишим зыяратчылардын атынан чыгып, зыяратчыларды Меккеге жеткирүүнү уюштурууга жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы же уюму (мындан ары - Заказ берүүчү) менен авиаташуучунун ортосунда түзүлөт.
18. Меккеге (ажылыкка, умрага) аба кемелеринин учууларынын маршруттары жана графиктери Кыргыз Республикасынын жана Сауд Аравия Королдугунун авиациялык бийликтери же тиешелүү ыйгарым укуктуу органдары жана кызматтары менен макулдашуу боюнча авиаташуучу тарабынан аныкталат жана авиаташуучу менен Заказ берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн ташуу үчүн келишимде белгиленет.
19. Кыргыз Республикасынын зыяратты уюштуруучулары жана зыяратчылары Сауд Аравия Королдугунун компетенттүү органдары койгон бардык талаптарды аткарууга милдеттүү.
20. Зыяратты ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы ажы-миссиясы түзүлөт.
Ажы-миссиянын ишин уюштурууну Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасы жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилиги ажы-миссияга Сауд Аравия Королдугуна зыяратты уюштурууга жардамдашат, ошондой эле Кыргыз Республикасынан барган зыяратчылардын кызыкчылыктарын укуктук жактан коргойт.
21. Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы ажы-миссиясы Сауд Аравия Королдугунун компетенттүү органдары бекиткен Зыяратчылардын кызыкчылыктарын коргоочу расмий миссиялардын иштери боюнча эреженин чегинде Сауд Аравия Королдугунун Ажылык иштер боюнча министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта иштейт.
22. Зыяратчылардын топ башчылары зыяратчылар жашаган жерлерде Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы ажы-миссиясы менен байланышта болууга жана Сауд Аравия Королдугунда жүрүүнүн жана анын чегинен сыртка чыгуунун макулдашылган графигин карманууга тийиш.
23. Зыяратты уюштуруунун жана ишке ашыруунун жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы кызыкдар мамлекеттик органдардын маалыматтарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы ажы-миссиясынын отчеттук материалдарынын негизинде чыгарат.
Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы ажы-миссиясы зыяратчылардын акыркы тобу республикага келген күндөн кийин он күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына топтордун саны, алардын сандык курамы, зыяратты даярдоонун жана ишке ашыруунун жүрүшү (зыяраттын жүрүшүндө табылган кемчиликтер, жетишпестиктер) жөнүндө отчетторду, ошондой эле зыяратты уюштурууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды берүүгө милдеттүү.
24. Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка баруусун уюштуруунун жана ишке ашыруунун жыйынтыгы зыярат мезгили бүткөндөн кийин эки айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берилет.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 153 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин командачысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 153 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруунун жана ишке ашыруунун маселелерин өз убагында чечүү максатында түзүлгөн.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- зыяратты ишке ашыруу үчүн чыгымдарды калькуляциялоо, зыяратчыларды борбордоштуруп жөнөтүүнүн маршруттары жана тартиби; конкурстук тандоодон өткөн авиакомпаниялардын, зыяратчылардын топторунун жетекчилеринин жана ажыга баруучу адамдардын тизмелери, аба кемелерин жалдоо жөнүндө маселелерди, ошондой эле зыярат процессине тиешелүү башка маселелерди кароо жана чечим кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча маселелерди кароо жана чечимдерди кабыл алуу;
- Меккеге зыяратка барууну уюштуруунун жана ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон маселелерди жана проблемаларды кароо жана чечүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштурууну жана ишке ашырууну координациялоо жана контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштурууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жана жардам берүү.
4. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча пайда болгон маселелерди өз убагында чечүүгө;
- өзүнүн заседаниелеринде мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ишке ашыруу маселелери боюнча угууга;
- кызыкдар мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлерин Комиссиянын ишине белгиленген тартипте тартууга;
- Комиссия караган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардан материалдарды алууга;
- Комиссиянын алдына коюлган максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон башка иштерди жүргүзүүгө.
5. Комиссиянын ишин анын төрагасы жетектейт.
6. Комиссиянын төрагасы жок болуп калган учурда анын ыйгарым укуктары орун басарына жүктөлөт, ал Комиссиянын төрагасына берилген ыйгарым укуктарга ылайык Комиссиянын иши менен байланышкан буйруктарды берет жана башка маселелерди чечет.
7. Комиссия өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелерди коллегиалдуу талкуулайт жана Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен чечимдерди кабыл алат.
8. Зыяратты ишке ашыруу үчүн чыгымдарды калькуляциялоо, зыяратчыларды борбордоштуруп жөнөтүүнүн маршруттары жана тартиби; зыяратчылардын топторунун жетекчилеринин жана ажыга баруучу адамдардын тизмелери, аба кемелерин жалдоо, ошондой эле зыярат процессине тиешелүү башка маселелер Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасынын жана мамлекеттик органдардын сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан иштелип чыгат жана Комиссиянын кароосуна киргизилет.
Комиссия өзүнүн заседаниелеринде зыяратты ишке ашыруу үчүн чыгымдарды калькуляциялоо, зыяратчыларды борбордоштуруп жөнөтүүнүн маршруттары жана тартиби; зыяратчылардын топторунун жетекчилеринин жана ажыга баруучу адамдардын тизмелери, аба кемелерин жалдоо жөнүндө, ошондой эле зыярат процессине тиешелүү башка маселелер тууралуу маселелерди карайт жана чечимдерди кабыл алат.