Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №826 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-сентябры № 542 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азык-түлүккө баа кымбатта-гандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамле-кеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" 2008-жылдын 8-сентябрында-гы N 326 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган мамлекеттик пособие-лерге 2008-жылдын 1-октябрынан тартып 35 сом өлчөмүндө ар айдагы убак-тылуу компенсациялык төлөмдөр белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүн-дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белги-ленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин; - мамлекеттик пособиелерге берилүүчү ар айдагы убактылуу компенса-циялык төлөмдөрдүн өз убагында каржылануусун камсыз кылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигикомпенсациялык төлөөлөрдү мамлекеттик пособиелерди төлөө менен бир мез-гилде тиешелүү ай үчүн жүзөгө ашырсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов