Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №826 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-сентябры № 542                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ         Кыргыз Республикасынын Президентинин "Азык-түлүккө баа        кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан           чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу           чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу      Кыргыз Республикасынын  Президентинин  "Азык-түлүккө баа кымбатта-гандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамле-кеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" 2008-жылдын 8-сентябрында-гы N 326 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Кыргыз  Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын  Мыйзамына  ылайык дайындалган мамлекеттик пособие-лерге 2008-жылдын  1-октябрынан тартып 35 сом өлчөмүндө ар айдагы убак-тылуу компенсациялык төлөмдөр белгиленсин.     2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:     - "Кыргыз  Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүн-дө" Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү тууралуу"  Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белги-ленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;     - мамлекеттик пособиелерге берилүүчү ар айдагы убактылуу компенса-циялык төлөмдөрдүн өз убагында каржылануусун камсыз кылсын.     3. Кыргыз  Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигикомпенсациялык төлөөлөрдү мамлекеттик пособиелерди төлөө менен бир мез-гилде тиешелүү ай үчүн жүзөгө ашырсын.     4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.        Премьер-министри                                    И.Чудинов