КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-декабры №826
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарын алуучуларга тамак-аш азыктары үчүн ай сайын берилүүчү убактылуу компенсациялар жөнүндө
Тамак-аш азыктарына болгон баанын көтөрүлгөн шарттарында балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектелген ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарына 40 сом өлчөмүндөгү ай сайын берилүүчү убактылуу компенсациялык төлөмдөр 2010-жылдын 1-январынан баштап белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарын төлөө менен бирге ай сайын берилүүчү убактылуу компенсацияларды төлөөнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды республикалык бюджеттен өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарын тиешелүү ай үчүн төлөө менен бирге компенсацияларды төлөөнү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 8-сентябрындагы "Азык-түлүккө баа кымбаттагандыгына байланыштуу калктын социалдык жактан чабал катмарларын мамлекеттик колдоонун убактылуу чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |