Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-октябры № 623
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 547 "Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун механизмин андан ары аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 547 "Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктта:
үчүнчү абзац "кыргыз-түрк" деген сөздөрдөн мурда "бул токтомдун 3-пунктунда аталган иш-чарларды жүзөгө ашырууда" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- имараттардын комплексин куруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине ай сайын берүү менен, Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Элчилигинин имараттарынын комплексин курууну контролдосун;";
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча гана имараттардын комплексин этап-этабы менен каржылоону жүргүзсүн.";
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- имараттардын комплексин куруунун бардык процессинде квартал сайын 1 жолу Анкара шаарына (Түркия Республикасы) барып, имараттардын комплексин куруунун сапатын контролдоочу жооптуу адамды аныктасын.";
- 6-пунктта:
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана тендерди утуп алган курулуш компаниясынын ортосундагы үч тараптуу макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун 2009-жылдын 20-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- имараттардын комплексин куруунун бардык процессин бирдиктүү координациялоону жүргүзсүн;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу боюнча кыргыз-түрк биргелешкен тендердик комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 623 токтомуна Тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 547 токтомуна Тиркеме |
Суванов Эркин
Абылкасымович - Дипломатиялык сервистин "Кыргыздипсервис"
мамлекеттик ишканасынын
башкы директору, комиссиянын төрагасы;
Абылов Мамбетжунус
Абылович - Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы
Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Нарбаев Каныбек
Жайчиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик
агенттиктин директору;
Шаимбетов Жекшенбек
Акматович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш,
транспорт жана коммуникациялар
бөлүмүнүн башчысынын орунбасары".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев
|