Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 21-декабры № 861
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-майы № 259
Түркия Республикасынын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттар комплексин куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн болуусуна жана иштешине тийиштүү шарттарды камсыздоо максатында жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн имараттарына коюлуучу функциялык талаптарга толук жооп бербегендиктен Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттар комплексинин мурда кабыл алынган долбоорун өзгөртүү зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түркия Республикасынын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттар комплексин куруучу подрядчы компанияны аныктоо боюнча биргелешкен кыргыз-түрк тендерлик комиссиянын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин.
Комиссиянын кыргыз бөлүгү тендерлик комиссиянын Түркия Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү жыйынына катышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Түркия Республикасынын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттар комплексин долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштарды жүргүзүү үчүн курулуштун аткарылышына тапшырыкчынын функциясын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасына (мындан ары - "Кыргыздипсервис" МИ) тапшырсын;
- "Кыргыздипсервис" МИнин катышуусунда Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен тендер өткөрүүнүн мөөнөтү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- өткөрүлгөн тендерлик тооруктун жыйынтыгынын негизинде Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана тендерден уткан подрядчы компаниянын катышуусу менен курулуш, долбоордун эскизин бекитүү, курулушту каржылоонун шарттары, мөөнөттөрү, тартиби жана курулушту контролдоо маселелерин жөнгө салуучу үч тараптуу макулдашуу түзүү маселесин иштеп чыксын жана анын жыйынтыгы боюнча долбоорду макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- Түркия Республикасынын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттар комплекси курулуп бүткөндөн кийин Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте объектти пайдаланууга кабыл алуу боюнча комиссия түзсүн.
3. Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги:
- "Кыргыздипсервис" МИ менен бирдикте куруучу подрядчы компания менен долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана аны Түркия Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспертизалоо боюнча иш жүргүзсүн;
- Комиссиянын ишине көмөктөшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана "Кыргыздипсервис" МИ менен макулдашуу боюнча имараттардын комплексин курууну этаптуу каржыласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги "Кыргыздипсервис" МИге имараттарды куруунун сапатын жана жумуштардын белгиленген мөөнөттө аткарылышын контролдоого жардам көрсөтсүн.
5. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ишти уюштурууга жана командировкаларга байланыштуу бардык чыгымдар курулушка бөлүнгөн каражаттын эсебинен төлөнсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 547 "Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 571 буйругу.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө тапшырылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 8-майындагы № 259
токтомуна тиркеме
Ирсалиев Дүйшөн - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги-
Исмаилович нин алдындагы "Кыргыздипсервис" мамлекеттик
дипломатиялык сервис ишканасынын башкы директо-
ру;
Ибраимов Эрмек - Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы
Султанович Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;
Нарбаев Каныбек - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи-
Жайчиевич тектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык
чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Супубеков Азамат - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги-
Курманбекович нин алдындагы "Кыргыздипсервис" мамлекеттик
дипломатиялык сервис ишканасынын протокол
бөлүмүнүн башкы адиси.