ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №618 «Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»токтому

Редакция10.11.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-ноябры № 618                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды         чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби                    жөнүндө жобону бекитүү тууралуу      Баалуу кагаздардын  рыногун өнүктүрүү, региондордун социалдык-эко-номикалык өнүгүүсүн  тездетүү  үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарын кошумча финансылык ресурстар менен камсыздоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу,жайгаштыруу, жүгүртүү  жана тындыруу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бе-китилсин.     2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык баалуукагаздарды чыгарууда  жогоруда  аталган Жобону жетекчиликке алуу сунуш-талсын.     3. "Кыргыз  Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруужана жүгүртүү жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн  2002-жылдын 8-октябрындагы № 692 токтому күчүн жо-готту деп табылсын.     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын  экономика,  соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов