Загрузка документа…
УТРАТИЛ СИЛУ в соответствии с постановлением Правительства КР от 3 июня 2014 года № 296
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 27-июнундагы
№ 341 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана
мекемелеринин ички аудит системасын түзүүнүн жана
өнүктүрүүнүн 2008-2013-жылдарга карата
ПРОГРАММАСЫ
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин
ички аудит системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн 2008-2013-жылдарга ка-
рата программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасында ички
аудит системасынын негизин түзүүчү максаттарын жана милдеттерин бекитет
жана бул тармактагы ишчаралардын негизги багыттарын аныктайт.
I. Кириш сөз
Мамлекеттик органдар менен мекемелер мамлекеттик финансыларды
башкарууда колдонуучу методдор мамлекеттеги экономикалык жана
социалдык климатка түздөн түз таасир этет. Мамлекеттик финансыларды
натыйжалуу башкаруу төмөнкүлөрдү талап кылат:
- мамлекеттик бюджетти түзүүгө объективдүү жана реалдуу мамиле кы-
лууну;
- жеке сектордун өнүгүшүнө түрткү болуучу жана бюджеттин кирешеле-
рин түзүүчү салык салуу системасын түзүүнү;
- мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну. Мамлекеттик
башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик
бюджеттин чыгымдарынын негизги аткаруучулары болуп эсептелет.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик башкаруу системасында мамлекеттик
органдын же мекеменин жетекчиси мамлекеттик ресурстардын натыйжалуу
пайдаланылышы үчүн жооптуу адам болуп эсептелет. Бюджеттик каражаттар-
дын сарпталышын натыйжалуу контролдоого алуу мамлекеттик органдарда жа-
на мекемелерде ички контроль системасын түзүү жана ички аудитти кир-
гизүү жолу менен гана мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик орган-
дарында жана мекемелеринде ички контролдоо системасын өнүктүрүүнүн за-
рылчылыгын Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудиторлорунун бюд-
жеттик каражаттар мыйзамсыз пайдаланылып жана ысырапталып жатканы
жөнүндөгү жылдык отчеттору далилдеп турат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы N
337 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансынын башкаруу системасын
реформалоо боюнча аракеттердин Планын бекитүү жөнүндө" жана 2005-жылдын
21-июнундагы N 251 "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн
мамлекеттик стратегиясы жөнүндө" жарлыктарында ачык-айкындык жана от-
четтуулук жолу менен мамлекеттик финансыларды пайдалануунун натыйжалуу-
лугун жогорулатуу жана коррупцияны максаттуу түздөн түз жоюу маселеси
каралган.
Кыргыз Республикасынын Өкметү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
органдарынын жана мекемелеринин практикасына ички аудитти ишке киргизүү
үчүн нормативдик укуктук жана методологиялык базаны түзүү боюнча ишти
баштады. Мамлекеттик финансыларды башкаруудагы реформанын ийгиликтүү
ишке ашуусуна көп жагынан Кыргыз Республикасында ички контроль система-
сын түзүүдөн жана ички аудитти өнүктүрүүгө жараша болот. Ушуга байла-
ныштуу мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудитти киргизүү
маанилүү маселе болуп саналат.
Ички аудит системасын ийгиликтүү өнүктүрүүнүн зарыл фактору болуп
мамлекеттик органдар менен мекемелердин жана аларга баш ийген ведомс-
тволук органдардын ички аудит системасынын ишке киргизилишин камсыздоо-
го дайындалган кызматкерлеринин ынтызарлыгы да эсептелинет.
Ички контролду жүргүзүү бул мамлекеттик органдардын жана мекеме-
лердин жетекчилери тарабынан коюлуучу милдеттердин аткарылышынын гаран-
тиясын камсыздоо үчүн башкаруу каражаты болуп эсептелинет. Ички аудит-
тин ролу мекеменин же уюмдун ички контроль жүргүзүү системасын талдоодо
жана ага баа берүүнүн негизинде ишти жакшыртуу боюнча отчетторду жана
сунуштарды берүү жолу менен мамлекеттик органдардын жана мекемелердин
ички контроль системасын түзүүдө жана аны жакшыртууда жетекчиликке жар-
дам көрсөтүүдө турат.
Бул Программанын жоболорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мам-
лекеттик органдарынын жана мекемелеринин иштеринин практикасына ички
аудитти ишке киргизүү менен өлкөдө мамлекеттик финансыларды башкаруунун
системасын реформалоо боюнча ишти өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
II. Ички аудит түшүнүгү, анын максаттары жана өнүктүрүү
милдеттери
Бул Программада ички аудит деп ички аудит объектисинин ичинде ат-
карылчу көз карандысыз жана объективдүү функция түшүндүрүлөт, ал өзүнө
ички контроль системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна, фи-
нансылык жана башкаруучулук маалыматтын ишеничтүүлүгүнө жана тууралыгы-
на, ишмердиктин жана башкаруунун натыйжалуулугуна, үнөмдүүлүгүнө, ак-
тивдердин сакталышына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары сакталышы-
на талдоону, ага баа берүүнү жана мониторингди камтыйт.
Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички контроль жана аудит
системасыньш максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- нормативдик укуктук актылардын сакталышын камсыздоо;
- иштин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- мамлекеттик функциялардын аткарылышынын сапатын жогорулатуу.
Белгиленген максаттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй маселелерди
чечүү зарыл:
- жол-жоболорду, администрациялык жана башка регламенттерди сак-
тоо, тийиштүү операцияларды жүргүзүүнүн жана эсепке алуунун, отчеттордо
аларды чагылдыруу жана аларды айыптоодо ыйгарым укуктардын сактоо мак-
сатында мамлекеттик органдарда ички контролдоо жана аудит системасын
түзүү;
- иштин белгиленген көрсөткүчтөрүндө аныкталган четтөөлөрдү, эреже
бузууларга негиз болгон себептерди талдоо, аларды болтурбоо боюнча чара
көрүү үчүн сунуштарды киргизүү;
- аткарылган процесстердин жана операциялардын, финансылык жана
финансылык эмес ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугуна баа берүү;
- аткарылып жаткан процесстердин жана операциялардын, колдонулуп
жаткан нормалар менен эрежелердин пайдалануунун максатка ылайыктуулугу-
на баа берүү;
- нормативдик укуктук актылардын сакталышы, ишке ашырылып жаткан
процесстердин натыйжалуулугу, аткарылып жаткан мамлекеттик функциялар-
дын сапаты жана мамлекеттик финансылык жана финансылык эмес ресурстар-
дын пайдаланылышы жөнүндө объективдүү маалыматтарды берүү.
Ички аудитти жүргүзүү төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:
- мамлекеттик органдардын жана мекемелердин иштерин талдоо жана
баалоо жүргүзүүнү камсыздоого;
- башкаруучулук чечимдерди өз убагында кабыл алуу үчүн министрлик-
тердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жа-
на алардын структуралык подразделениелеринин иштери жөнүндө объективдүү
маалыматты оперативдүү алууга;
- тобокелдикти башкаруу, контролдоо жана корпоративдик башкаруу
процесстерине баа берүүгө жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга
карата системалуу жана ырааттуу мамилени пайдалануу аркылуу коюлган
максаттарга жетүүгө.
Ички контроль жана аудит системасын өнүктүрүү боюнча негизги
иш-чаралар 2008-2013-жылдарда ишке ашырылууга тийиш.
III. Ички аудит системасын өнүктүрүүнун багыттары
Ички аудит системасын түзүү жана өнүктүрүү төмөнкүдөй негизги ба-
гыттар боюнча ишке ашырылуусу зарыл:
Ички аудит системасынын туруктуу иштешинин нормативдик укуктук не-
гизин түзүү жана өркүндөтүү, ал төмөнкүдөй документтерди иштеп чыгууну,
бекитүүнү жана кабыл алууну карайт:
- "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- ички аудиторлордун эл аралык стандарттарынын негизинде бардык
ички аудиторлор милдеттүү түрдө аткара турган Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн ички аудиттин стандарттары;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобо;
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн
ички аудиттин Стандарттары (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл-
дын 27-июнундагы N 341 токтому менен бекитилди)
- ички аудит тармагындагы иш боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө жыл сайын берилчү отчет берүүнүн формасы жана мазмуну;
- ички аудит тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ички
аудит кызматтарынын отчет берүүсүнүн формасы жана мазмуну;
- план боюнча аткарылган иштер жөнүндө ички аудит кызматынын же-
текчисине жыл сайын берилчү отчеттун формасы жана мазмуну.
Ички аудиттин методологиялык негизин түзүү жана өркүндөтүү. Бул
багыттагы иш-чаралардын негизги максаттары болуп төмөнкүлөрдү түзүү
эсептелет:
- аудитке муктаждыкты баалоо боюнча методологияны;
- стратегиялык жана жылдык пландаштыруу методологиясын;
- ички аудит боюнча ишти мониторингдөөнүн методологиясын;
- кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо боюнча методологияны;
Ички аудит тармагында адистерди кайра даярдоо менен квалификация-
сын жогорулатуу жана ички аудит системасын өнүктүрүүнүн маалыматтык
камсыздоону калыптандыруу.
Бул багыт боюнча иш-чаралардын максаты болуп ички аудит системасын
өнүктүрүүнүн зарыл кадрдык жана информациялык камсыздоону түзүү эсепте-
лет.
Көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- ички аудит тармагындагы адистерди кайра даярдоо жана квалифика-
циясын жогорулатуунун стратегиясын иштеп чыгуу;
- ички контроль жана аудит системаларынын өнүктүрүүнүн жакшы таж-
рыйбаларын жалпылоо жана жайылтуу боюнча иш жүргүзүү;
- ички контроль жана аудит системаларын өнүктүрүү багыттары боюнча
окутуу үчүн курстардын, тренингдердин программаларын иштеп чыгуу;
- практикалык пайдалануу үчүн практикалык колдонмолорду, окуу-ме-
тодикалык материалдарды жана Ички аудиторлордун эл аралык институтунун
макалаларын системалык түрдө которууну уюштуруу;
- туруктуу информациялык бюллетендерди чыгаруу.
Ички аудит боюнча кењешти түзүү.
Ички аудиттин функционалдык көз карандысыздыгын камсыз кылуу, мам-
лекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудитти өнүктүрүүнүн страте-
гиясын аныктоо максатында Ички аудиттик боюнча кењеш түзүлөт (мындан
ары - Кењеш). Кењеш консультациялык, пикир алмашуучу орган болуп эсеп-
телет.
Кењештин жобосу жана курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-
нан бекитилет. Финансы министрлиги Кењештин секретариатынын милдетин
аткарат.
Кењештин негизги милдети мамлекеттик органдардын жана мекемелердин
ички аудиттеринин нормативдик укуктук жана методологиялык базасын
өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо болуп эсептелет.
Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү.
Ички аудиторлордун эл аралык институтунун стандарттарынын негизин-
де иштелип чыккан Ички аудит стандарттарын Кыргыз Республикасынын мам-
лекеттик органдары жана мекемелери үчүн Кыргыз Республикасында кир-
гизүүнүн маанилүүлүгүн эске алып эл аралык уюмдар менен ички аудит тар-
магындагы адистерди даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын
жогорулатуунун эл аралык стандарттарга ылайык болгон окутуу программа-
ларын, ошондой эле практикалык пайдалануу үчүн практикалык колдонмолор-
ду, окуу-методикалык материалдарды жана Ички аудиторлордун эл аралык
институтунун макалаларын алуу жана пайдалануу максатында байланыштарды
түзүү зарыл.
IV. Кыргыз Республикасында ички аудит системасын өнүктүрүүнүн
багыттарын ишке ашыруунун механизми
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин
ички аудит системасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштердин уюштурулушу-
на жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкта-
луучу ички аудит тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсепте-
лет.
Ички аудит тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ички аудит
системасынын нормативдик укуктук жана методологиялык базасын түптөп жа-
на өркүндөтүү функцияларын аткарат, ички аудит боюнча адистердин кайра
даярдалышын жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу маселесин коор-
динациялайт.
Бул Программанын жоболорун ишке ашыруу Программаны ишке ашыруу бо-
юнча иш-чаралардын планына ылайык жүргүзүлөт, ал бардык кызыкдар мамле-
кеттик органдардын жана мекемелердин катышуусу менен иштелип чыгат.
Планда конкреттүү чаралар, аткаруунун этаптары жана мөөнөттөрү, жооптуу
структуралар, каржылоо булактары аныкталат.
Программанын финансылык чыгымдарды талап кылуучу иш-чаралары ар
бир мамлекеттик органды тийиштүү жылга карата камсыздоого бекитилген
суммалардын чегинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кара-
жаттарынын эсебинен, ошондой эле эл аралык финансылык уюмдардын жана
донор өлкөлөрдүн техникалык жана консультациялык жардам берүү багыты
боюнча тартылган ресурстарынын эсебинен каржылоого алынат.