Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө ЖОБО(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги N 236
токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы (мындан ары -Финансылык полиция) укук коргоо органынын статусуна ээ болгон, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирбеген, аткаруучу бийликтин башкаорганы болуп саналат. Анын ишмердүүлүгү экономикалык, кызматтык жанакоррупциялык кылмыштарды аныктоого, алдын алууга, болтурбоого, бетиначууга жана териштирүүгө багытталат. Финансылык полиция экономикалык иштердин чөйрөсүндө кылмыштардытабуу, алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу жана териштирүү жүргүзүүчүбирден-бир укук коргоочу орган болуп саналат. Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында каралгандан бөлөк учурларда, мамлекеттик бийлик органда-рынын Финансылык полициянын карамагына кирген маселелерге кийли-гишүүсүнө жол берилбейт. Өз ишинде Финансылык полиция барыдан мурда Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруучу жанааткаруу бийлигине отчет берет. 2. Өз ишинде Финансылык полиция Кыргыз Республикасынын Конституци-ясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнчечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жа-на ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Финансылык полиция юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Респуб-ликасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеөзүнүн толук аталышы жазылган мөөрү болот. 4. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын укук улантуучусуболуп саналат. Финансылык полициянын органдарына борбордук аппарат жана Финансы-лык полициянын аймактык подразделениелери кирет. II. Финансылык полициянын негизги милдеттери 5. Финансылык полициянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр сана-лат: - милдетине Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун кам-сыз кылуу кирген башка мамлекеттик органдар менен бирге мамлекеттинэкономикалык коопсуздугун камсыз кылуу; - жарандардын, ишкердик субъектеринин, коомдун, мамлекеттин мый-замдуу укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу; - экономикалык, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды аныктоого,алдын алууга бөгөт коюуга, бетин ачууга жана териштирүү жүргүзүүгө ба-гытталган изин-суутпай издөө жана изин-суутпай изилдөө ишин жүргүзүү; - кызмат адамдары өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен экономика-лык ишке мыйзамсыз кийлигишүүсүнүн же ишкерликке тоскоолдук кылышынынфактыларынын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды иштепчыгуу жана жүргүзүү; - кылмыштуу жол менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыруу(адалдоо) фактылары менен күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жанажүргүзүү; - Финансылык полициясынын карамагына кирген маселелер боюнча эларалык кызматташтыкты жүргүзүү. III. Финансылык полициянын функциялары жана ыйгарым укуктары 6. Финансылык полиция коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу максатындатөмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт: - изин-суутпай издөө жана изин-суутпай изилдөө ишин жана сотко че-йинки өндүрүштү жүргүзөт, ошондой эле уюштурууну камсыз кылат жана фи-нансылык полициянын аймактык органдары көрсөтүлгөн ишти жана өндүрүштүжүзөгө ашыруусуна контролдук кылат жана аларга практикалык жана усулдукжардам берет; - жасалуучу, жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндөарыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алат, каттайт жана карайт, өз уба-гында бөгөт коюу, бетин ачуу, аларды жасаган адамдарды кармоо жана ко-омдук коркунучтуу кесепеттерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт; - Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамына ылайык алгачкытергөө жана тергөө жүргүзөт; - изин-суутпай издөө иш-чараларынын жыйынтыктарын бекемдөө макса-тында зарыл учурларда экономикалык иштин субъекттеринде финансылык, са-лыктык жана башка текшерүүлөргө катышат; - Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамында каралган ый-гарым укуктарды жүргүзөт; - экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү формаларынжана ыкмаларын өркүндөтөт, изин-суутпай издөө ишинин тактикасын жанаусулун аныктайт, Финансылык полициянын ишинин натыйжалуулугун жогорула-туу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат; - аларды жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, администрациялыкжана экономикалык механизмдерин иштеп чыгат; - мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуучу маселелер,экономикалык, кызматтык, коррупциялык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жанаФинансылык полициянын ишине тиешелүү башка маселелер боюнча ченемдикукуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат; - Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы программаларды иштепчыгууга жана ишке ашырууга катышат; - Финансылык полициянын подразделениелеринин кадрларын тандоону,жайгаштырууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат; - Финансылык полицияга жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырат, алардыФинансылык полициянын бардык подразделениелери аткарышына контролдуккылат; - эсепке алууну жана отчеттуулукту, оперативдүү, тергөө, эксперт-тик жана кадрдык жумуштардын ишинин материалдарынын абалына баа берүүнүуюштурат; - Финансылык полициянын изин-суутпай издөө жана тергөө ишин тал-дайт; - Финансылык полициянын карамагына кирген кылмыш иштери боюнчаадамдарды издөөнү жүргүзөт; - Финансылык полициянын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин ат-карууда жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоо зарыл болгондо, алардынкоопсуздугун коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат; - экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү маселелери боюнча Көз ка-рандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин тиешелүүоргандары менен өз ара аракеттенет, өз ыйгарым укуктарынын чектериндеэл аралык уюмдардын ишине катышат; - экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн абалы жөнүндө кызыкдармамлекеттик органдарга маалымдайт; - бөлүнгөн материалдык ресурстарды жана бюджеттик ассигнованиелер-ди максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат, алар боюнчаэсепке алууну жана отчеттуулукту, ошондой эле Финансылык полициянын ай-мактык подразделениелеринин финансы-чарбалык ишине ички ведомстволукконтролдукту жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Финансылык полициягажүктөлгөн башка функцияларды жүргүзөт. 7. Финансылык полиция өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайыктөмөнкүлөргө укуктуу: - өндүрүштө болгон текшерүү материалдары жана козголгон кылмыш иш-тери боюнча тоскоолдуксуз жана акысыз түрдө министрликтерден, мамлекет-тик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон жана аткаруу бийли-гинин башка органдарынан, ишканалардан, мекемелерден, жана уюмдардан,менчигинин түрүнө карабастан, жеке жактардан сурап алууга, алардын ка-рамагына кирген маалыматтарды уюмдардын жетекчилеринен жана башка жооп-ту адамдарынан, жеке адамдардан аны берүүнү талап кылууга, аларданкөчүрмөсүн алууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалымкатжана түшүндүрмө алууга; - өндүрүштөгү кылмыштык иштер боюнча чакыруу менен келүүдөн качканадамдарды алып келүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүүубактылуу кармоо изоляторлорун, тергөө изоляторлорун пайдаланууга; - Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык до-кументтерди, товарларды, буюмдарды же башка мүлктү алып коюуга же алыпкоюуну жүргүзүүгө; - мыйзам бузуунун аныкталган фактылары боюнча тийиштүү мамлекеттикоргандарга, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин,уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле ишкердик жүргүзгөн адамдарга мый-зам бузууга өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча аткаруужана чара көрүү үчүн милдеттүү сунуштарды киргизүүгө; - козголгон кылмыштык иштер боюнча соттук-экономикалык экспертиза-ларды, ошондой эле түшкөн материалдар боюнча изилдөөлөрдү дайындоогожана жүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарымукуктуу органдардан жана кызмат адамдарынан текшерүүлөрдү, аудитти жанабаа берүүнү жүргүзүүнү талап кылууга; - Финансылык полицияга жүктөлгөн милдеттерди чечүүнү камсыз кылуу-чу маалымат системасын түзүүгө жана пайдаланууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктардыжүзөгө ашырууга. IV. Мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин жана жарандардын Финансылык полициянын милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшү 8. Финансылык полиция өзүнө жүктөлгөн милдеттерди мамлекеттик ор-гандар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен өз ара аракетте аткарат. Мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар Финансылыкполицияга милдеттерин аткарууда жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде Финансылык по-лициянын штаттан тышкары кызматкерлери катары иштей алышат. Штаттантышкары кызматкерлердин милдеттери жана укуктары Финансылык полициянынжетекчиси тарабынан аныкталат. V. Финансылык полициянын мүлкү 9. Мүлк Финансылык полициянын оперативдүү башкаруу укугунда беки-тилет. Финансылык полиция ага бекитилген мүлктү өз алдынча ажыратууга жебашкача ыкма менен тескөөгө акысыз. VI. Финансылык полициянын ишин уюштуруу
10. Финансылык полицияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу төрага башка-
рат.
Төраганын эки, анын ичинде бир биринчи орун басары болот, алартөраганын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабы-нан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги N 236
токтомунун редакциясына ылайык)
11. Төрага Финансылык полициянын ишин уюштурат жана жетектейт, өзкомпетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл алат жана Финансы-лык полициянын ишине жеке жоопкерчилик тартат. 12. Төрага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык: - Финансылык полицияга жетекчилик кылат; - Финансылык полициянын аймактык подразделениелеринин аракеттеринеалардын ишинин бардык багыттары боюнча жетекчиликти, координациялоонужана макулдашууну камсыз кылат; - белгиленген тартипте Финансылык полицияны түзүү жана кайратүзүү, ошондой эле аларды уюштуруу-штаттык, кадрдык жана материал-дык-техникалык чыњдоо жөнүндө сунуштарды киргизет. - бардык мамлекеттик органдарда Финансылык полициянын атынан чы-гат; - белгиленген тартипте Финансылык полициянын борбордук аппараты-нын, ошондой эле аймактык башкармалыгынын түзүмүн жана штаттык расписа-ниесин, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Финансылык полициялары-нын башкармалыктары (анын ичинде башкы), бөлүмдөрү, секторлору жөнүндөжоболорду бекитет; - Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруукурамынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; - Финансылык полициянын кызматкерлерине кенже, орто жана улук ата-йын наамдарды ыйгарат; - өзүнүн орун басарларынын, облустардын, Бишкек, Ош шаарларынынФинансылык полицияларынын борбордук аппаратынын башкармалыктарынын (бө-лүмдөрүнүн) жетекчилеринин функциялык милдеттерин бөлүштүрөт; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Финансылык полиция органдары-нын аткарышы үчүн милдеттүү болгон приказдарды, буйруктарды чыгарат жа-на көрсөтмөлөрдү берет; - Финансылык полициянын кызматкерлерине жогорку атайын наамдардыыйгаруу жөнүндө көрсөтмөнү белгиленген тартипте киргизет; - мыйзамда белгиленген тартипте Финансылык полиция кызматкерлеринсыйлоо, материалдык жардам көрсөтүү жана тартип жазасын колдонуу масе-лелерин чечет, аларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана КыргызРеспубликасынын ардак наамдарын ыйгарууга көрсөтөт; - Финансылык полициянын коллегиясы жөнүндө жобону бекитет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-тарды жүргүзөт. 13. Финансылык полиция органдарында коллегия түзүлөт. Финансылыкполиция кызматынын төрагасы (коллегиянын төрагасы), анын орун басарларыкызматы боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын сандыкжана жекече курамын төраганын сунушу боюнча Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри бекитет. Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана төраганын буй-ругу менен ишке ашырылат. VII. Финансылык полиция органдарында кызмат өтөө тартиби 14. Финансылык полицияда кызмат орунун ээлеген адам финансылык по-лициянын кызматкери болуп саналат, аларга белгиленген тартипте атайыннаам ыйгарылат. Финансылык полиция органдарында кызматка дайындалган аскерге мил-деттүүлөр белгиленген тартипте аскердик эсептен чыгарылат жана Финансы-лык полицияда эсепте турушат. 15. Финансылык полицияда кызмат өтөө тартибин Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү белгилейт. VIII. Финансылык полиция кызматкерлердин укуктук статусу 16. Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин ат-карууда мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин кор-гоосу астында болот. 17. Финансылык полициянын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу: - атайын техникалык каражаттарды пайдаланууга; - ок атуучу куралдарды, атайын каражаттарды жана күч колдонуугажана пайдаланууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, негиз болгон учурда,пайда (киреше) алуу үчүн экономикалык укук мамилелери субъекттери пай-даланган бардык өндүрүштүк, кампалык, соодалык жана башка жайларга мен-чигинин түрүнө карабастан тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды текшерүүгө. 18. Финансылык полициянын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарыКыргыз Республикасынын аймагында жарандар менен кызмат адамдары аткары-шы үчүн милдеттүү. Финансылык полициянын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткар-бай коюу жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жолтоо болгон аракет-тер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкер-чилик тартууга алып келет. 19. Финансылык полициянын кызматкерлерине кызматтык милдеттеринаткарууга жолтоо болуу, алардын кадыр-баркын жана ар-намысын мазактоо,коркутуу, каршылык көрсөтүү, зомбулук кылуу же алардын кызматтык мил-деттерин аткаруусу менен байланыштуу анын өмүрүнө, ден соолугуна жанамүлкүнө кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жооп-керчилик тартууга алып келет. 20. Финансылык полиция кызматкери укукка каршы аракеттери үчүнКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.Финансылык полиция кызматкерлеринин укукка каршы аракеттери менен жа-рандарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга келтирилген зыян Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте орду толтурулуугатийиш. Финансылык полиция кызматкерлеринин аракеттерине жарандар жанаюридикалык жактар Финансылык полициянын жогору турган органына, проку-ратурага же сотко даттана алат. IX. Финансылык, материалдык-техникалык камсыз кылуу 21. Финансылык полицияны жана аймактык подразделениелерин каржы-лоо, материалдык-техникалык жана социалдык-тиричилик жактан камсыз кы-луу республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебиненжүргүзүлөт. Соттун чечими менен белгиленген тартипте алынган жана конфискация-ланган автотранспорт, радиоэлектрондук каражаттар, үн жана видеотехни-калар, электрондук-эсептөө каражаттары, оргтехника каражаттары жанакылмыштуу жол менен алынган башка мүлк Финансылык полициянын материал-дык-техникалык базасын өнүктүрүүгө пайдаланылат. 22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Финансылыкполиция органдары юридикалык жана жеке жактардын мыйзамдуу негиздердеалынган же конфискацияланган мүлкүн иште пайдалануу үчүн сатып алуугаартыкчылыктуу укукка ээ. Х. Финансылык полициянын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө 22. Кыргыз Республикасынын Финансылык полициясынын ишине контрол-дукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзөт. Финансылык полиция органдарынын мыйзам актыларынын так жана биртүрдүү аткарылышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроружана ага баш ийген прокурорлор ишке ашырат.