Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-апрели № 196
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 3-декабры № 667
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик
ишканасынын республикалык адистештирилген
комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы
төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө
"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык
адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын
тартипке келтирүү, радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу, радионук-
лиддердин зыяндуу таасиринен калктын жана айлана-чөйрөнүн экологиялык
коопсуздугун камсыздоо менен байланышкан ишмердигинин натыйжалуулугун
жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын
республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы
төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө жобо № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр:
- "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык
адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин чектик саны 48 адам болуп
белгиленсин;
- кызматкерлердин кызматтык маяналары N 2 тиркемеге ылайык белги-
ленсин;
- 1-пункттун жана ушул пункттун жобосу 2008-жылдын 1-январынан
тартып колдонулаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргызтуракжайком-
мунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбина-
тынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жањы шарттары киргизилгендиги-
не байланышкан чыгымдарды "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республи-
калык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган кара-
жаттардын чегинде жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги менен бирдикте "Кыргызтурак-
жайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген
комбинатынын ведомстволук баш ийүүсү жана уюштуруу-укуктук формасы
жөнүндө маселелерди чечсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белги-
ленген тартипте сунуштарды киргизсин.
5. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 3-декабрындагы
№ 667 токтомуна
№ 2 тиркеме
"Кыргызтуракжаикоммунсоюз" мамлекеттик
ишканасынын республикалык адистештирилген
комбинатынын кызматкерлеринин
кызматтык маяналары
-----------------------------------------------------------------------
|№ | Кызмат орундардын жана |Айлык маяна|
| | бөлүмчөлөрдүн аталышы | (сом) |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|1 |Директор | 4300 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|2 |Башкы бухгалтер | 3440 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|3 |Экономист-финансист | 2360 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|4 |Радиоактивдүү калдыктарды көмүү пункту участогунун | 2300 |
| |начальниги | |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|5 |Механик | 2300 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|6 |Кампа башчысы | 1600 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|7 |Бухгалтер | 1800 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|8 |Инженер-программист | 1600 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|9 |Инженер-дозиметрист | 3200 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|10 |Дозиметрист | 1950 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|11 |Лаборант-радиометрист | 1800 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|12 |Бууга айландыруучу-электр от казандын оператору | 1770 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|13 |Кир кийимди кабыл алуучу-сорттоочу | 1500 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|14 |Кир жуугуч-дезактиватор | 1500 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|15 |Радиоактивдүү калдыктарды дезактивациялоочусу | 1700 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|16 |Кийим үтүктөөчү | 1400 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|17 |Электромонтер | 1800 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|18 |Слесарь-оњдоочу | 1800 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|19 |Газоэлектросварщик | 1800 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|20 |Изотопторду ташуу боюнча атайын автомашинанын | 2300 |
| |айдоочусу | |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|21 |Радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча атайын | 2700 |
| |автомашинанын айдоочусу | |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|22 |Радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча | 2500 |
| |автокрандын машинисти | |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|23 |Радиоактивдүү булганган кийимди ташуу боюнча | 2200 |
| |автомобилдин айдоочусу | |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|24 |Күзөтчүлөрдүн бригадири | 1700 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|25 |Көмүү жана атайын кир жуугуч пунктунун күзөтчүсү | 1300 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|26 |Көмөкчү жумушчу | 1300 |
|---|-----------------------------------------------------|-----------|
|27 |Өндүрүш жайларды тазалоочу | 1300 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 3-декабрындагы
№ 667 токтомуна
№ 1 тиркеме
"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик
ишканасынын республикалык адистештирилген
комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы
төлөөнүн шарттары жөнүндө
ЖОБО
Материалдык стимулдоо
Иштеген жылдар үчүн ар айлык проценттик үстөктөрдү эсептөөнүн жана
төлөөнүн тартиби
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында радиоактивдүү калдык-
тарды зыянсыздандыруу боюнча жаратылыш коргоо иштерин жүргүзүүчү "Кыр-
гызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистешти-
рилген комбинатында (мындан ары - Адистештирилген комбинат) эмгек акы
төлөөнү тартипке келтирүү, жумуштун тийиштүү сапатын камсыздоо жана
квалификациялуу кадрларды бекитүү максатында иштелип чыккан.
2. Адистештирилген комбинаттын кызматкерлеринин эмгек акысы кыз-
маттык (тарифтик) маянадан, үстөктөрдөн, кошумча жана сый акылардан ту-
рат.
3. Адистештирилген комбинаттын кызматкерлеринин кызматтык маянала-
ры Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомунун N 2 тиркемесинин
негизинде белгиленет.
4. Адистештирилген комбинаттын кызматкерлерине татаалдыгы, сапаты
жана эмгектеги натыйжалар, чыгармачыл, кесипкөй демилге көтөргөндүгү
үчүн кызматтык (тарифтик) маянадан 50 процент өлчөмүндө үстөк белгиле-
нет.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164-статьясына жана
"Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы N 161 токтомуна
ылайык өзгөчө шарттарда иштеген жумушчуларга кызматтык (тарифтик) мая-
надан 45 процент өлчөмүндө үстөк белгиленет.
Адистештирилген комбинаттын аймагында иштеген жана радиоактивдүү
нурланууга кабылган, бирок изотоптор менен түздөн-түз иштебеген кызмат-
керлерге кызматтык маянадан 30 процент өлчөмүндө үстөк белгиленет.
Материалдык стимулдоо
6. Адистештирилген комбинаттын кызматкерлерин сыйлоо кесиптик май-
рамга жана башка маанилүү күндөргө карата, кварталдык иштин жыйынтыгы
боюнча, атайын кийимди, өздүк коргонуу каражаттарын дезактивдештирүү,
радиоактивдүү калдыктарды кемүү, изотопторду ташып чыгаруу боюнча кели-
шимдик милдеттерди аткаргандыгы үчүн өндүрүшкө каралган чыгашалар сме-
тадан ашпаган шартта төлөнүшү мүмкүн.
7. Адистештирилген комбинаттын кызматкерлерине жумушчу жылдын
ичинде кызматкердин жазуу түрүндөгү арызы боюнча Адистештирилген комби-
наттын сметасында каралган каражаттардын чектеринде материалдык жардам
көрсөтүлөт.
8. Адистештирилген комбинаттын жетекчи кызматкерлерине сый акы
төлөө жана материалдык жардам көрсөтүү "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мам-
лекеттик ишканасынын директорунун буйругу боюнча жүргүзүлөт.
Иштеген жылдар үчүн ар айлык проценттик үстөктөрдү
эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби
9. Адистештирилген комбинаттын кызматкерлерине алардын иштеген
жылдары үчүн кызматтык (тарифтик) маянага ай сайын үстөк акы төлөнөт.
10. Адистештирилген комбинаттын кызматкерлерине алардын иштеген
жылдары үчүн ар айлык үстөктөр төмөнкү өлчөмдө белгиленет:
2 жылдан ашык иштеген стажы үчүн - 8 процент;
5 жылдан ашык иштеген стажы үчүн - 10 процент;
10 жылдан ашык иштеген стажы үчүн - 15 процент;
15 жылдан ашык иштеген стажы үчүн - 20 процент;
20 жылдан ашык иштеген стажы үчүн - 25 процент;
25 жылдан ашык иштеген стажы үчүн - 30 процент;
30 жылдан ашык иштеген стажы үчүн - 35 процент.
11. Иштеген жылдары үчүн үстөк алууга укук берүүчү иш стажына
"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын системасында жана
радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу боюнча жаратылыш коргоо иш-
мердигин жүргүзүүчү мекемелерде жана уюмдарда эмгектенген бардык убагы
кирет.
12. Адистештирилген комбинаттын ишке жањы алынган кызматкерлерине
иштеген жылдары үчүн үстөк алууга укук берүүчү стажы жумушка кирген
мезгилинен баштап эсептелет.
13. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага проценттик үстөк алууга
укук берүүчү иш стажына төмөнкүлөр да кирет:
- аскер кызматын өтөө үчүн чакырылганга чейин жаратылыш коргоо иш-
мердигин жүргүзүүчү мекемелерде жана уюмдарда эмгектенип жана запаска
чыккандан кийин ошол эле уюмга жол жүрүү убактысын эске албаганда үч
айдын ичинде иштегени келген болсо, мөөнөттүү аскердик анык кызмат өтөө
убагы;
- "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын системасында
жана радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу боюнча жаратылыш коргоо
ишмердигин жүргүзүүчү мекемелерде жана уюмдарда эмгек мамилелеринде
турган кызматкердин бала багуу боюнча баласы бир жарым жашка (жана 3
жашка) чыкканга чейин отпускада болгон убагы;
- эгерде кызматчы чет өлкөгө барардан мурда жаратылышты коргоо иш-
мердигин жүргүзүүчү "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын
системасында иштесе жана чет өлкөдөн кайтып келген күндөн кийин эки ай-
дын ичинде ошол эле системага, жолдо жүрүү убактысын эске албаганда,
кызматка орношсо чет өлкөдө иштеген мезгили.
14. Адистештирилген комбинаттын кызматкерлерине иштеген жылдары
үчүн ар айлык үстөктөр негизги иши боюнча үстөктөрдү жана кошумча акы-
ларды эске албастан аныкталат.
15. Календарлык айдын ичинде кызматтык маянанын өлчөмү же иштеген
жылдары үчүн үстөктүн өлчөмүнө таасир берүүчү стажы өзгөргөн учурда ар
айлык үстөктүн жањы өлчөмү ушул өзгөрүүлөрдөн кийинки айдын 1инен тар-
тып белгиленет.
16. Иштеген жылдары үчүн ай айлык үстөк Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык Адистештирилген комбинаттын кызматкери үчүн сакта-
луучу орто айлыкты эсептөөдө эске алынат (отпуск убагында, эмгекке жа-
рамсыз мезгилинде, мамлекеттик пенсия дайындоодо, мамлекеттик же коом-
дук милдеттерин аткаруу мезгилинде ж.б.).
17. Иштеген жылдары үчүн ар айлык үстөк өткөн ар бир айга белги-
ленген өлчөмдө эмгек акы берүү күнү жүргүзүлөт.
18. Карылык же майыптуулук боюнча пенсияга чыккандыгына, башка иш-
ке өткөндүгүнө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө аскердик кыз-
матты өтөөгө чакырылгандыгына, шайланма кызмат ордуна шайлангандыгына,
окууга өткөнүнө, төрт айдан ашык мезгилге созулган оорусуна байланыштуу
иштен бошогондугуна, уюштуруу тандап алуу тартибинде жумушка жиберилге-
нине же коомдук чакырыкка, кызматкерлердин саны же штаты кыскаргандыгы-
на, мекеменин жоюлушуна байланыштуу жумуштан бошогон Адистештирилген
комбинаттын кызматкерлерине, ошондой эле баланын төрөлгөндүгүнө байла-
ныштуу декреттик отпускага чыккан жана 14 жашка чейинки баланы же 16
жашка чейинки майып баланы багууга байланыштуу эмгек келишимин бузган
аялдарга, каза болгон кызматкердин үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдары үчүн
ар айлык үстөк төлөө ошол календарлык айда иштеген мезгилине пропорцио-
налдуу акыркы эсептөөдө жүргүзүлөт.
19. Иштеген жылдары үчүн ар айлык үстөк төлөө үчүн иш стажы эмгек
стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Комиссиянын курамы
Адистештирилген комбинаттын директорунун буйругу менен бекитилет.
20. Түнкү мезгилде иштеген Адистештирилген комбинаттын кызматкер-
лерине иштин ар бир сааты бир жарым эселенген өлчөмдө төлөп берилет.
21. Дем алыш (өзгөрүлмө график менен иштегендерден тышкары) жана
жумушчу эмес, майрам күндөрүндө иштеген Адистештирилген комбинаттын
кызматкерлерине акы эки эселенген өлчөмдө төлөнөт.
22. Адистештирилген комбинаттын кесипти (кызматты) айкалыштырган
же убактылуу жок болгон кызматкердин милдеттерин аткаруучу кызматкерле-
рине айкалыштырылган жумуш боюнча 50 процент өлчөмүндө кошумча акы
төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов