КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-декабры № 693 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мый-зам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-статья. "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2007-жылдын 10-июлу, № 50)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 12-статьянын 1-пунктундагы "тандаганына жараша акысыз тамак-ашже болбосо бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү акчалай эквивалент бе-рилет" деген сөздөр "бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө тамактануугаакчалай компенсация берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын. 2. 14-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп эсептел-син. 3. 15-статьянын 1-пунктунда: - 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын рецепттери боюнчаКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктачу жењилдик-түү шарттарда дары каражаттарды алууга;"; - 9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасы-нын Саламаттык сактоо министрлиги аныктачу жењилдиктүү шарттарда меди-циналык тейлөөгө;"; - 11-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген нормалардын чегиндеэлектр энергиясын пайдалангандык үчүн акы төлөөдөгү жењилдиктерге;"; - 1, 4, 5 жана 12-пунктчалары күчүн жоготту деп эсептелсин. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти