Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-декабры № 693                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ      "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз      Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"          Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Кандын  жана  анын  компоненттеринин донорлугу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.     2. Аталган  мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин.     3. Кыргыз  Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мый-зам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов                                                                  Долбоор                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ              "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу               жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына                    өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу      1-статья.      "Кандын жана  анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына  ("Эркин-Тоо" гезити, 2007-жылдын 10-июлу, № 50)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:     1. 12-статьянын  1-пунктундагы "тандаганына жараша акысыз тамак-ашже болбосо  бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү акчалай эквивалент бе-рилет" деген  сөздөр  "бир  эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө тамактануугаакчалай компенсация берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.     2. 14-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп эсептел-син.     3. 15-статьянын 1-пунктунда:     - 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "3) мамлекеттик  саламаттык  сактоо  уюмдарынын  рецепттери боюнчаКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктачу жењилдик-түү шарттарда дары каражаттарды алууга;";     - 9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "9) мамлекеттик  саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасы-нын Саламаттык  сактоо министрлиги аныктачу жењилдиктүү шарттарда меди-циналык тейлөөгө;";     - 11-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "11) Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү белгилеген нормалардын чегиндеэлектр энергиясын пайдалангандык үчүн акы төлөөдөгү жењилдиктерге;";     - 1, 4, 5 жана 12-пунктчалары күчүн жоготту деп эсептелсин.      2-статья.      Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти