Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 30-декабры № 732
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин
жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
айрым чечимдерине толуктоолорду жана
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жагындагы нормативдик укуктук
актыларды өркүндөтүү максатында Кыргаз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү
менчиктештирүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен бекитилген
2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктеш-
тирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 4.3-бөлүмдө:
биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Баалуу кагаздар рыногунда сатылуучу объекттерди жана алардын ак-
цияларынын мамлекеттик пакетинин өлчөмүн мамлекеттик мүлктү менчиктеш-
тирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
Баалуу кагаздар рыногунда сатылуучу стратегиялык маанидеги объект-
терди жана алардын акцияларынын мамлекеттик пакетинин өлчөмүн Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү аныктайт".
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов