Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-августу №178
"Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 токтому менен бекитилген Аукциондо сатуу усулу менен мамлекеттик менчикти приватташтыруу жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 5-1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Бааларды белгилебестен мамлекеттик мүлктү сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 243 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-июлундагы № 482 токтому;
- "Менчиктештирилүүчү ишканалардын акцияларын сатуу боюнча бааларды белгилебестен акчалай аукциондорду өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылы 27-майындагы № 243 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 165 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикти конкурста сатуу усулу менен менчиктештирүү жөнүндө Жобонун 2-пунктунун үчүнчү абзацы, 10-пунктунун сегизинчи абзацы, 35-1 жана 42-1-пункттары;
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти приватташтыруунун шарттары жана тартиби тууралуу Жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти приватташтыруунун шарттары жана тартиби тууралуу Жобонун 16-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары, 17-пунктунун он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтары;
- "Бааларды белгилебестен акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 243 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-январындагы № 42 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 277 токтомунун 1-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун 5-пункту;
- "Баасын белгилебестен акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 243 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 369 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселесин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы № 569 токтомунун 1-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселесин жөнгө салуучу айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 732 токтомунун 1 жана 2-пункттары;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 605 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы № 139 токтомунун 1 жана 2-пункттары.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |