Редакцияот 30.12.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 30-декабры № 739                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ        Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү           өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинде               мелиорациялык гидрогеология экспедициясын                             түзүү жөнүндө      Сугат жерлердин мелиорациялык абалын жакшыртуу, Кыргыз Республика-сындагы мелиорациялык объекттерди жана коллектордук-дренаждык  тармактытехникалык  нормалардын жана эрежелердин чегинде эксплуатациялоо макса-тында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын  28-ноябрындагы№  819 "Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерин,  калктуу конуштарын жанааймактарын суу каптоого байланышкан проблемаларды чечүү боюнча кечикти-рилгис  чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин Суу чарба департаментинде мелиорациялык  гидрогеоло-гия  экспедициясы (мындан ары - мелиорациялык гидрогеология экспедиция-сы) "мекеменин" уюштуруу-укуктук формасында түзүлсүн.     2. Мелиорациялык гидрогеология экспедициясынын негизги функцияларытөмөнкүдөй белгиленсин:     - Кыргыз  Республикасынын  сугат  жерлеринин мелиорациялык абалынамониторинг жүргүзүү;     - жер астындагы суулардын динамикасына жана туздук режимине,  кол-лектордук-дренаждык тармактардын жана вертикаль дренаждын скважиналары-нын   абалына   байкоо   жүргүзүү,  мамлекеттик  мелиорациялык  кадастржүргүзүү,  сугат жерлерди шор басуусун жана сазга айлануусун  болтурбоожана  келечекте  жањы жерлерди өздөштүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуужана ишке ашыруу;     - мелиорациялык  системаларды жана гидротехникалык курулмаларды оњабалда кармоо, мелиорациялык объекттердин курулушун техникалык контрол-доо;     - кыртыштын нымдуулугун аныктоо,  коллектордук-дренаждык тармактынишинин  натыйжалуулугун  жогорулатуу  жолу  менен  мелиорациялык жактаныњгайсыз жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун режими боюнча  су-нуштарды иштеп чыгуу;     - сугат  жерлерде  оптималдуу  суу-туз  режими  сакталышына   шарттүзүүчү  горизонталь дренаждын жана вертикаль дренаж скважиналарынын ишрежимдерин иштеп чыгуу.     3. Мелиорациялык гидрогеология экспедициясынын жетекчисин кызматкаСуу чарба департаментинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республика-сынын  Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри дайындаарыжана бошотоору;  мелиорациялык гидрогеология экспедициясынын жетекчиси-нин орун басарын Суу чарба департаментинин директору мелиорациялык гид-рогеология экспедициясынын жетекчисинин аныктоосу боюнча дайындаары жа-на бошотоору белгиленсин.     4. Мелиорациялык  гидрогеология  экспедициясынын  кызматкерлерининсандык  чеги  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-нояб-рындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын  түзүмүноптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суучарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги үчүн белгиленген  штаттыксандын чегинде 222 бирдик менен аныкталсын.     5. Мелиорациялык гидрогеология экспедициясынын кармоо  боюнча  чы-гымдарды ар жылдык каржылоо Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылга кара-та республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына  ыла-йык Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинин бекитилген бюджетинин чегинде белгиленсин.     6. Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги белгиленген тартипте:     - Мелиорациялык  гидрогеология  экспедициясы жөнүндө жобону бекит-син;     - мелиорациялык  гидрогеология  экспедициясын Кыргыз Республикасы,Бишкек шаары, Кирпичная көчөсү, 71 дареги боюнча жайгаштырсын.     7. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов