Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 21-июлу N 547
Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин регламентин жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы N 365 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы N 365 токтомунун редакциясына ылайык)
Тиркелгендер бекитилсин:
- Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин регламенти;
- Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Н.Танаев |