ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №300 «Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө баа коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 18-майы № 300

Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакциясына ылайык)

"Билим берүү жөнүндө" жана "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун камсыздоо, билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына негиздүү тарифтерди коюу, ошондой эле аларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

И. Чудинов