Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2010-жылдын 24-июну УӨ № 100 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2010-жылга карата тарифтерин белгилөө жөнүндө Республикадагы экономикалык кырдаалды эске алып, айылдык товарөндүрүүчүлөргө суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүдө ыњгайлуу шарттардытүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат: 1. Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан сууберүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2010-жылга карата тир-келген тарифтери бекитилсин. 2. Төмөнкүлөр белгиленсин: - ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн айылдык товар өндүрүүчү-лөр үчүн мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызматкөрсөтүүлөргө акы төлөө тарифтери 2010-жылдын 1-июлунан баштап колдону-лаары; - Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул токтом-го карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Суучарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-июнундагы УӨ № 100 токтому менен бекитилген Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2010-жылга карата ТАРИФТЕРИ -----------------------------------------------------------------------| Суу пайдалануу |Жыл ичинде тарифтин|КНСти кошпогондогу|| субъекттеринин аталышы |колдонулуу мөөнөтү | тарифтик ставка || | | (1 куб.м суу || | | үчүн тыйын) ||------------------------------|-------------------|------------------||I. Агрардык сектордун суу | | ||пайдалануучулары | | ||------------------------------|-------------------|------------------||- кадимки райондор |IV квартал | 1,0 || |-------------------|------------------|| |III квартал | 3,0 ||------------------------------|-------------------|------------------||- оор жана жагымсыз табигый |IV квартал | 0,2 ||климаттык шарттары бар |-------------------|------------------||райондор |III квартал | 1,0 ||------------------------------|-------------------|------------------||II. Өнөр жай жана энергетика |Жыл бою | 10,0 ||секторунун суу | | ||пайдалануучулары | | ||------------------------------|-------------------|------------------||III. Коруктар, заказниктер, |Жыл бою | 1,0 ||жаратылыш эстеликтери, | | ||улуттук, дендрологиялык жана | | ||зоологиялык парктар, маданият,| | ||илим, билим берүү, саламаттык | | ||сактоо мекемелери | | |-----------------------------------------------------------------------