Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №362 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2010-жылдын 26-июну УӨ № 103 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кошой" ачык акционердик коомунда тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 токтомунун редакциясына ылайык)
Кант кызылча өстүрүүдө иштеген айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кы-зыкчылыктарын мамлекеттик коргоо, республиканын ичиндеги рыноктун атамекендик өндүрүштө чыгарылган ак кантка керектөөсүн камсыздоо, "Кошой"ачык акционердик коомунун мүлктүк комплексинин активдерин сактоо макса-тында жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын21-апрелиндеги № 18 "Юридикалык жактарга тышкы башкаруу жол-жоболорункиргизүү жөнүндө" Декретине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Убакты-луу Өкмөтү токтом кылат: 1. 2011-жылдын 1-апрелинен 2012-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилде "Кошой" ачык акционердик коомуна тышкы башкаруу киргизилсин.(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине "Кошой"ачык акционердик коомуна тышкы башкаруу үчүн дайындоо укугу өткөрүп бе-рилсин. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева