Редакцияот 05.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 5-июлу №362

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

2011-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн кайра иштетүү сезонуна карата кант заводдорун өз учурунда даярдоону камсыздоо жана ата мекендик өндүрүштөгү кумшекер менен ички базарды камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №102 "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомуна тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №103 "Кошой" ачык акционердик коомуна тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-сентябрындагы №199 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлунда № 56 жарыяланды

 

Премьер-министри

А.Атамбаев