Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2023-жылдын 8-сентябры № 85

2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү жана модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жөнүндө

(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-августундагы № 183 Жарлыгынын 2-пунктун, 3-пунктунун бешинчи абзацын аткарууда, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү, шайлоо процессинде колдонулуучу технологияларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү формасы жана шайлоо добуш берүү үчүн модернизацияланган жабдуулар пилоттук режимде апробациялансын.

(КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2023-жылдын 27-сентябрындагы № 94  токтомунун редакциясына ылайык)

2. Пилоттук режимде аралыктан добуш берүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Аралыктан добуш берүүнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50 дареги боюнча аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасы түзүлсүн.

4.    Аралыктан добуш берүүнү өткөрүүнү уюштуруу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жүктөлсүн.

5.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын Маалыматтык-коммуникациялар технологиялар башкармалыгы Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессинде колдонулуучу электрондук программалардын иштеп чыгуучулары, адистер менен биргеликте аралыктан добуш берүүнүн маалыматтык системасын иштеп чыксын, тестирлөө өткөрсүн жана пилоттук режимде апробацияласын.

6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 73 (3522) саны менен жарыяланды

7.      Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабековага жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шайлдабекова

 

 

Тиркеме 1

 

АРАЛЫКТАН ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТЫШУУ ҮЧҮН АРЫЗ (шайлоо участкасында ФТШИМТ аркылуу берилет)

 

2023-ЖЫЛДЫН 8-ОКТЯБРЫНА ДАЙЫНДАЛГАН ЫСЫК – КӨЛ ОБЛУСУНУН ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНДАГЫ САРУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО

 

Участкалык шайлоо комиссиясы: ____________________

 

Мен,

______________________________________________________________________________

Мени аралыкта добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизүүнү өтүнөм.

 

АРЫЗДА КӨРСӨТҮЛГӨН МЕНИН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫМДЫ АВТОМАТТАШТЫРЫП ИШТЕП ЧЫГУУГА, БЕРҮҮГӨ ЖАНА САКТООГО МАКУЛМУН.

ПИН: __________     Телефон: ______________

 

Электрондук почта дареги:__________________

 

Биометрикалык идентификациядан өтүү :

 

Идентификация  № __________________

 

Датасы: _____________     Убактысы: __________

_________________________

Шайлоочунун кол тамгасы

 

________________________     _____________                                                                       М.О.

Арызды кабыл алган УШКнын мүчөсүнүн аты-жөнү, кол тамгасы

 

Телефон: __________

 

Урматтуу шайлоочу!

 

Арыз берген датадан тартып 7 (жети) күндөн кеч эмес Сизге арызды иштеп чыгуу статусу жөнүндө шайлоо комиссиясынан жооп жөнөтүлөт. Шайлоочулардын тизмесине туура киргизилгендигиңизди Тизме мамлекеттик порталынан (tizme.gov.kg) көрүп, 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен ынансаңыз болот.

Арыз электрондук түрдө түзүлөт жана идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн учурда 2 нускада басып чыгарылат.

 

 

Тиркеме 2

 

АРАЛЫКТАН ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТЫШУУ ҮЧҮН АРЫЗ ("Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу берилет)

 

2023-ЖЫЛДЫН 8-ОКТЯБРЫНА ДАЙЫНДАЛГАН ЫСЫК - КӨЛ ОБЛУСУНУН ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНДАГЫ САРУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО

 

Участкалык шайлоо комиссиясы: _____________

 

Мен,_________________________________________________________________________,

мени аралыкта добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизүүнү өтүнөм.

 

АРЫЗДА КӨРСӨТҮЛГӨН МЕНИН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫМДЫ АВТОМАТТАШТЫРЫП ИШТЕП ЧЫГУУГА, БЕРҮҮГӨ ЖАНА САКТООГО МАКУЛМУН.

 

ПИН:______ Телефон:________

 

Электрондук почта дареги:_______

 

Биометрикалык идентификациядан өтүү:

 

Идентификация № __________

 

Датасы:_______       Убактысы:________

 

Урматтуу шайлоочу!

 

Арыз берген датадан тартып 7 (жети) күндөн кеч эмес Сизге арызды иштеп чыгуу статусу жөнүндө шайлоо комиссиясынан жооп жөнөтүлөт. Шайлоочулардын тизмесине туура киргизилгендигиңизди Тизме мамлекеттик порталынан (tizme.gov.kg) көрүп, 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен, ынансаңыз болот