Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 10-февралы ПЖ № 94
"2009-жылы жазгы-талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз еспубликасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
2009-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүгө бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2009-жылы жазгы-талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 417 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун бешинчи абзацы алып салынсын;
- 2-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыз кылуу максатында 2 жылдык мөөнөткө "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна жылдык ставкасы 3 пайыздык бюджеттик ссуданы берүү үчүн 150 миллион сом;".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |