Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 125 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 10-февралы ПЖ № 95
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жаңы ардактуу наамдардын уюшулгандыгына жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Мыйзамдын ченемдерин өркүндөтүүгө байланыштуу, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө Жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункт "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу" деген абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер";
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер";
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер;";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Юридикалык жактар жана администрациялык-аймактык бирдиктер, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышы мүмкүн.";
- 8-пунктта:
биринчи абзацтагы "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна же" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларына жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч берүү тартибин тиешелүү мамлекеттик органдар аныктайт.";
- 9-пункттун экинчи абзацындагы "Жогорку Кеңешинин депутаттары" деген сөздөр "Жогорку Кеңишинин комитеттери жана фракциялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "Бишкек шаарынын" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункт "көрсөткөндүгү үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле сиңирген зор эмгеги, өндүрүштүн жана социалдык-маданий чөйрөнүн тармактарында жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн" деген сөздөр менен толукталсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 7-июнундагы № 166 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жөнүндө жоболорго төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- "Дене тарбия жана спорттун эмгек сиңирген кызматкери" деген бөлүмдүн аталышы "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жоболор төмөнкүдөй мазмундагы бөлүм менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер" - жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда кошкон салымы, муниципалдык кызмат системасын өркүндөткөндүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда кыйла жетишкендиктери үчүн муниципалдык кызматта 15 жыл жана андан ашык иштеген муниципалдык кызматчыларга, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларга жана коомдук уюмдардын ишмерлерине.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |