Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 12-июну ПЖ №272
Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоо боюнча кечикткрилгис чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын кен казып алуу өнөр жайынын ишине талдоо жүргүзүү пайдалуу кендер чыккан жерлерди өздөштүрүү жетишсиз деңгээлде экендигин көрсөттү.
Кен казып алуу жана кен-металлургия ишканалары тарабынан акыркы жылдары жетишилген өнөр жай продукциясын өндүрүү көрсөткүчтөрү негизинен алтын казып алуу тармагынын эсебинен алынган, анын көрсөткүчтөрү толугу менен Кумтөрдөгү алтын өндүрүшүнө жараша болот.
Өлкөнүн ресурстук базасында пайдаланууга даярдалган бир нече пайдалуу кендер чыккан жерлер бар. Бул кен чыккан жерлерди иштетүү кыска мөөнөттүү келечекте эле кыйла экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүүгө алып келет.
Тармакты сапаттуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн кен казып алуу тармагында олуттуу жана тездетилген реформа талап кылынат.
Кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоодо төмөнкүлөрдү негизги багыт катары аныктоо сунуш кылынат:
- кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндө колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүүнүн жана жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуунун негизинде кен мыйзамдарынын бирдиктүү системасын түзүү;
- кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндө, анын ичинде долбоорлорду лицензиялоодо, экспертизалоодо, мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө жана алардын аткарылышын камсыз кылууда "жалгыз терезе" системасын киргизүү менен тармакты өнүктүрүүнүн бир борборун түзүү;
- пайдалуу кендер чыккан жерлердин Мамлекеттик резервин түзүү жана аларды кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан башкаруу;
- геологиялык тармактын инфраструктурасын реформалоо;
- кен казып алуу тармагы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо системасын түзүү;
- тармактын жетишилген экономикалык натыйжаларына жараша кен казып алуу тармагын башкаруу системасын өнүктүрүү, мындай өнүктүрүүнү каржылоонун булагы катары бюджетке кен казып алуу ишканаларынын ишинен, конкурстарды жана аукциондорду өткөрүүдөн, лицензияны кармап алууга төлөмдөрдөн пландан тышкаркы түшүүчү каражаттардан 20% өлчөмүндө пландуу бюджеттик каражаттарды жана атайын каражаттарды кароо.
Кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоодо төмөнкү принциптерди негиз кылып алуу сунуш кылынат:
- Кыргыз Республикасынын бүткүл элинин жыргалчылыгы үчүн кен байлыктарын колдонуу;
- кен бизнесин жүргүзүүнүн так, ачык-айкын эрежесин түзүү;
- жеке менчик укугу катары кен казып алуу тармагына инвестицияларды коргоо;
- кен долбоорлорунда менчик капитал тарабынан коммерциялык тобокелдиктерди өзүнө алуу;
- кен байлыктарын пайдалануу укугуна лицензияларды конкурстардын жана аукциондордун негизинде берүү, ал эми конкурстарда жана аукциондордо талап кылынбаган объекттерге карата алгачкы билдирме укугу боюнча;
- кен концессиясы же продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу боюнча кен байлыктарын пайдалануучунун кен байлыктарын пайдалануу укугун жана лицензиясын соттун чечими боюнча гана чакыртып алуу;
- кен байлыктарын пайдаланууну экономикалык ыкмалар менен гана жөнгө салуу;
- пайдалуу кендер чыккан жерлерди издөөдөн иштетүүгө чейин лицензияларды трансформациялоого толук жана өзгөчө укук;
- кен байлыктарын пайдалануучунун кен байлыктарын пайдалануу тартибин өз алдынча тандоо укугу (лицензиянын, концессиялык келишимдин же продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун негизинде);
- концессия жөнүндө келишимдердин жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулардын эл аралык соттуулугун аныктоо мүмкүндүгү;
- концессия укугун тескөө эркиндиги;
- концессияны берүүгө акы төлөө;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын жана кен байлыктарын пайдалануучулардын өз ара жоопкерчилиги;
- кен байлыктарын пайдалануучулар тарабынан жерлерди тиешелүү түрдө рекультивациялоону өткөрүүнү кошкондо курчап турган чөйрөнү коргоону камсыз кылууга толук кепилдик берүү.
Кен казып алуу тармагында мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү, тармакты бирдиктүү координациялоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42, 68, 71 жана 73-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-жана 12-беренелерин жетекчиликке алып токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана кен казып алуу өнөр жайы боюнча мамлекеттик агенттик кылып кайра уюштуруу максатка ылайыктуу деп эсептелсин, мында ага төмөнкү функциялар өткөрүп берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинен - отун ресурстары жагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен - лицензиялык аянттардын, кен жана жер бөлүгүнүн чектеринде кен байлыктарын геологиялык изилдөөдө жана пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетүүдө, пайдалуу кендерди казуу менен байланышпаган жер астындагы курулмаларды курууда (мунайды, газды жана башка заттар менен материалдарды сактоочу жерлер, жердин жылуулугун пайдалануу жана башка керектөөлөр үчүн) мамлекеттик кен көзөмөлүн жана өнөр жай коопсуздугуна көзөмөлдү уюштуруу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен - лицензиялык аянттардын, кен жана жер бөлүгүнүн чектеринде кен байлыктарын геологиялык изилдөөдө жана пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетүүдө, пайдалуу кендерди казуу менен байланышпаган жер астындагы курулмаларды курууда (мунайды, газды жана башка заттар менен материалдарды сактоочу жерлер, жердин жылуулугун пайдалануу жана башка керектөөлөр үчүн) жаратылышты коргоону жана экологиялык мыйзамдарды сактоого мамлекеттик контролду уюштуруу жана ишке ашыруу;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- эки жумалык мөөнөттө:
мыйзам актыларына ушул Жарлыктын 1-пунктунан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө тиешелүү долбоорлорду иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана кен казып алуу өнөр жайы боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону бекитсин, мында кен байлыктарын геологиялык изилдөө жана минералдык-чийки зат ресурстарын казып алуу жана кайра иштетүү боюнча ишканалардын ишин жөнгө салуу анын негизги функциясы катары аныкталсын;
курамында Геологиялык маалымат борборунун ишин кароо менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана кен казып алуу өнөр жайы боюнча мамлекеттик агенттикти башкаруу схемасын бекитсин;
функцияларды кайра бөлүштүрүүнү жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен штаттык бирдиктерди жана айлык акы фондун өткөрүп берүүнү эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана кен казып алуу өнөр жайы боюнча мамлекеттик агенттиктин штаттык санын бекитсин;
Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын кошкондо, ушул Жарлыктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө тиешелүү сунуштарды даярдасын, өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талабын жокко чыгаруучу 1961-жылдын 5-октябрындагы Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик ушул Жарлыктын 1- жана 2-тиркемелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 12-июну N 272 Жарлыгынын № 1 тиркемеси
|
Кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоонун алкагында 2009-жылдын II-IV кварталында демилге кылына турган биринчи кезектеги мыйзамдардын долбоорлорунун жана башка ченемдик укуктук актылардын
ТИЗМЕСИ
№ | Мыйзамдын долбоорун жана башка ченемдик укуктук актыны белгиленген тартипте иштеп чыгуу | 2009-жылы аткаруу мөөнөтү |
1 | "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдын долбоору (жаңы редакция) | июнь |
2 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору | июнь |
3 | "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жөнүндө "мыйзамдын долбоору (жаңы редакция) | июль |
4 | "Кен концессиясы жөнүндө" мыйзамдын долбоору | июль |
5 | "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" мыйзамдын долбоору (жаңы редакция) | июль |
6 | "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | сентябрь |
7 | "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | сентябрь |
8 | "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралу мыйзамдын долбоору | сентябрь |
9 | "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | октябрь |
10 | "Кен байлыктарын коргоо жөнүндө" мыйзамдын долбоору | октябрь |
11 | "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралу мыйзамдын долбоору | ноябрь |
12 | Кыргыз Республикасынын Жер кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору | декабрь |
13 | Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору | декабрь |
14 | "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы N 503 токтомуна түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу Өкмөттүн токтомунун долбоору | июнь |
15 | Кен байлыктарын пайдалануу укугу үчүн салыкты (бонусту) эсептөө тартиби жөнүндө Жобонун долбоору | июнь |
16 | Лицензияларды кармап алууга төлөмдөрдүн ставкалары жана аларды алуу тартиби жөнүндө Жобонун долбоору | июнь |
17 | Кен байлыктарын пайдалануу үчүн салыкты (роялти) эсептөө жана алуу тартиби жөнүндө Жобонун долбоору | июль |
18 | Кен байлыктарын пайдалануу укугуна конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун долбоору | июль |
19 | Кен байлыктарын пайдалануу укугуна аукциондун алгачкы баасын эсептөө ыкмасы жөнүндө Жобонун долбоору | июль |
20 | Геологиялык маалымат борбору жөнүндө Жобонун долбоору | июль |
21 | Геологиялык маалымат борборунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын эсептөө ыкмасы жөнүндө Жобонун долбоору | июль |
22 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана кен казып алуу өнөр жайы боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү фондусунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун долбоору | июль |
23 | Кен байлыктарын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө Жобонун долбоору | сентябрь |
24 | Геологиялык изилдөөнү, сарамжалдуу пайдаланууну жана кен байлыктарын коргоону мамлекеттик контролдоо жөнүндө Жобонун долбоору | октябрь |
25 | Пайдалуу кендер чыккан жана байкалган жерлердин геологиялык кадастры жөнүндө Жобонун долбоору | декабрь |
26 | Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө Жобонун долбоору | декабрь |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 12 июнунун N 272 Жарлыгынын № 2 тиркемеси
|
N | Мыйзамдын долбоорун жана башка ченемдик укуктук актыны белгиленген тартипте иштеп чыгуу | 2009-2010 - жылдары аткаруу мөөнөтү |
1 | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору кодексине | декабрь, 2009 |
2 | Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору | декабрь, 2009 |
3 | "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | ноябрь, 2009 |
4 | "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралу мыйзамдын долбоору | ноябрь, 2009 |
5 | "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралу мыйзамдын долбоору | январь, 2010 |
6 | "Көмүр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | январь, 2010 |
7 | "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралу мыйзамдын долбоору | январь, 2010 |
8 | "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | февраль, 2010 |
9 | "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү тууралуу мыйзамдын долбоору киргизүү | февраль, 2010 |
10 | "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү Кыргыз тууралуу мыйзамдын долбоору | февраль, 2010 |
11 | "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | февраль, 2010 |
12 | "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | февраль, 2010 |
13 | "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү "тууралуу мыйзамдын долбоору | февраль, 2010 |
14 | "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору" | февраль, 2010 |
15 | "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | февраль, 2010 |
16 | "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | март, 2010 |
17 | "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору | март, 2010 |
18 | "Биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | март, 2010 |
19 | "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү Кыргыз тууралуу мыйзамдын долбоору | март, 2010 |
20 | "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | март, 2010 |
21 | "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | март, 2010 |
22 | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | март, 2010 |
23 | "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | апрель, 2010 |
24 | "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | апрель, 2010 |
25 | "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | апрель, 2010 |
26 | "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору | апрель, 2010 |
27 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди биринчи ачкандар жөнүндө Жобонун долбоору | апрель, 2010 |