Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 29-июну ПЖ № 295
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын тарифтик ставкасынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө
Эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы N 561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому менен бекитилген Бирдиктүү тарифтик торчого ылайык аныкталган Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана материалдык дем берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2009-жылдын 1-октябрынан баштап тарифтик ставканын өлчөмү жогорулатылсын:
- жатак-үйлөрдүн жана социалдык кызмат көрсөтүү боюнча борборлордун кызматчыларына - 50 пайызга;
- социалдык кызматчыларга - 100 пайызга.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык 2009-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |