Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 11-августу ПЖ № 281
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин
аткаруучунун жана Кыргыз Республикасынын
Президентинин айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясы жана Киото протоколу боюнча Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелерин аткаруу боюнча аракеттерди координациялоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы № 281 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитеттин Катчылыгы катарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитеттин туруктуу иштеген жумушчу органы деп аныкталсын.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитеттин курамы" деген № 2 тиркемеде:
"Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министринин орунбасары, Улуттук комитеттин төрагасынын орунбасары" деген позицияда ", өнөржай" деген сөз алып салынсын;
"Кыргыз Республикасынын Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин директорунун орунбасары" деген позиция "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орунбасары" деген позиция менен алмаштырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы "Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы № 370 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи жана алтынчы абзацтары алып салынсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |