Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 18-июлу ПЖ № 281
Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жөнүндө
((КР Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы ПУ № 370, 2008-жылдын 11-августундагы ПЖ № 281 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясы жана Киота протоколу боюнча Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелерди аткаруу жагындагы аракеттерине жетекчилик кылуу жана координациялоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитет түзүлүш, ага Киота протоколунун талаптарына ылайык таза өнүктүрүү Механизми боюнча улуттук органдын функциясы жүктөлүп жана ал белгиленген тартипте Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын катчылыгында катталсын.
2. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитет жөнүндө Жобо (№ 1 тиркеме) жана климаттын өзгөрүшү боюнча Улуттук комитеттин курамы (№ 2 тиркеме) бекитилсин.
3. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитеттин Катчылыгы катарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитеттин туруктуу иштеген жумушчу органы деп аныкталсын.
(КР Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы ПУ № 370, 2008-жылдын 11-августундагы ПЖ № 281Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу |
К.Бакиев |
| № 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы № 281 Жарлыгы менен бекитилген |
((КР Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы ПУ № 370, 2008-жылдын 11-августундагы ПЖ № 281 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орунбасары, Улуттук комитеттин төрагасы.
Комитеттин мүчөлөрү
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология боюнча Башкы башкармасынын начальниги;
Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
"Туруктуу жаратылышты пайдалануу" экспорттер Ассоциациясынын вицепрезиденти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин климаттын өзгөрүшү боюнча Борборунун жетекчиси, Улуттук комитеттин катчысы.