Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 71 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 18-декабры ПЖ № 601
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесине ылайык дин жагында мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" тиркелген Жобо бекитилсин.
(КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишине байланышкан бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды кабыл алсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |