Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 126 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 23-марты ПЖ № 71
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 237 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түзүмү.
2. (Экинчи абзац 2013-жылдын 30-декабрындагы № 237 Жарлыгына алайык күчүн жоготту)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 18-декабрындагы № 601 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 Жарлыгы менен бекитилген |
┌─────────────────┐ ┌─────────────────┐ ┌─────────────────┐
│ Башкы бухгалтер ├───────┤ Директор ├───────┤ Басма сөз-катчы │
└─────────────────┘ └────────┬────────┘ └─────────────────┘
┌────────────┴───────────┐
┌────────┴────────┐ ┌───────┴─────────┐
│ Директордун ├───┬───┤ Директордун │
│ 1-орун басары │ │ │ орун басары │
└─────────────────┘ │ └─────────────────┘
│
┌─────────────────────┐ │ ┌─────────────────┐
│ Теологиялык ├────────────┼────────────────┤Түштүк региондук │
│ экспертиза жана │ │ │ бөлүм │
│эсептик каттоо бөлүмү│ │ └─────────────────┘
└─────────────────────┘ │ ┌─────────────────────┐
┌─────────────────────┐ │ │Талдоо, диний уюмдар │
│Укуктук жактан камсыз│ │ │менен байланышуу жана│
│ кылуу жана кадрдык ├────────────┴────────────┤ эл аралык │
│ кызмат бөлүмү │ │ кызматташтык бөлүмү │
└─────────────────────┘ └─────────────────────┘